МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ТҮРКИЯ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ СЫНАК ПОЛИГОНУБУ?

Биздин өлкөдө 1992-жылдан бери иштеп жаткан жана планетадагы эң зобололуу университеттерге кирүүгө жана дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаша алган миңдеген бүтүрүүчүлөрдү окутуп-тарбиялап чыгарган, мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” билим берүү мекемелерине асылуу ар кандай өнөктүктөрдүн алдында от ала калат. Президент Сооронбай Жээнбеков апрель айында Түркияга расмий сапар алдынан ушундай болгон.

Режеп Тайип Эрдоган бүт бийликти колго алып жаткан ушул тапта да ошол маселе көтөрүлүп атат. Сентябрда Түркия башканы Кыргызстанга келгенде бул маселе дагы коюлат шекилдүү. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырзанын “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда башка окуу мектептерин киргизүүнү каалай тургандыгы тууралуу билдирүү жасады. Таң калыштуусу эмнеге альтернативалуу?

Андай болсо түрк өкмөтүнүн ою “Сапатты” талкалап, жок кылуубу? Экинчиден, тамыр алып калган кыргыз-түрк лицейлерине альтернатива боло алчу билим берүү мекемелери болушу мүмкүнбү? Анан калса, элчи мырза Кыргызстан бүт колунда тургансып, “биз кыргызстандыктардын билим берүү тармагындагы талабын эске алуу менен “Маариф” аттуу фонд жөнүндө маалымат берип жатабыз. Бул фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы – Түркиянын билим берүү министри. Башкача айтканда, мекеме мамлекеттик. Дал ушул фонд келип, Кыргызстанда мектептерди ачсын деп сунуш кылып атабыз. Бул боюнча чечимдер эми кабыл алынат”, — деп биз каалайбызбы, каалабайбызбы, мугалимдерге маянасы көп, окуу акысы арзан “Маариф” менен “Сапатты” “тебелеп таштайбыз” дегенди каңкуулап жатат.

Эмне, Түркия өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы сынак полигонубу?