ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛЫ: ИУДАИЗМ ЖАНА ТЕҢИРИЗМ — МАНАС

Кыргыз Республикасынын Конституциясын кызуу талкуулап жатышып депутаттарыбыз «адам укугу» аталган бөлүмгө келгенде анын бисмилла сабын «права человека в Кыргызской Республике абсолютно и неприкосновенно» деп аз-аз жерден абсолютташтырып ала жаздашып, акыркы саатында аны кайра «человеческое достоинство» (15-cт.I-п.) деп оңдоп кетишкени жадымда. Эми «Права человека» деп аталган бөлүмдө «достоинство» деген коколой сөздүн коошпой аппендициттей асылып турганы ошо. Ал учурда темин-демократтарыбыз термин маңызын анча аңдашпай, «укукчул мамлекет ушундай болууга тийиш» деп эле өкүм темине беришкен эле. Ал эми сөздүн тегинде не маани тунганын ошондо эле кыйла аңдашкан, Россияга ойт салма орус тилдүү депутаттар болсо улуу державачыл маанайынан улам «жаранды» «адам» ташына оодура басканга жан үрөшкөн болучу. Натыйжасы «жемиштүү» болду. “Адам” ташы басып кетти. Бирок эки топ тең ошондо тымызын утулуп, өзүлөрүнүн эми “жаран-мамлекет” деген биримдиги ташын үчүнчү бир сырт кызыкчылыкка оор бастырып баратышканын элес алышкан эмес. Ошентип биздин коомдун башкы фалсафий багытында Адамдын укугу Мамлекет-Элден бийик-ыйык жарланып кетти. Ал эми бул кайсы ыңгай менталитет эле жана ал ириде Кимге жол чабат?

Тарыхтан маалым: Иуда жана Израиль аталган еврей уруулары Дөөт жана Сулайман пайгамбар заманында гүлдөп-өсүп (б.з.ч. X к.), кийин соң эки кандыкка ажырап кеткен. Израиль б.з.ч. 721-ж. Ассирия, ал эми Иудея б.з.ч. 586-жылы Вавилон тарабынан талкаланган соң еврейлердин бир бөлүгү Палестинага кайра оролуп, Иуда кандыгын калыптайт, Иерусалимди борбор этет. Б.з.ч. I кылымында римдиктер тарабынан талкаланган соң еврейлердин өз мекенинен биротоло киндиги ажырап, эки миң жылга жуук созулган тозгун доору башталат. Кай бир аалымдар — ошондон берки еврей элинин тагдырын, идеясын, философиясын, керек болсо, бир чети өз мамлекеттүүлүгүнүн жок кылышканы үчүн өзгө мамлекеттерден өч алуу, ичтен иритип жок кылуу дешсе; экинчи чети башка элдердин ичине таруудай чачылып кеткен элдин өз кара башын сактап калуу үчүн жандалбасы, мамлекеттердин, монархтардын башын тепсеп бийикке чыккан баскынчылык менталитеттин аргасыз калыптанышы катары карайт. Ооба, тымызын, баскынчыл, ууру жылма, түлкү амалкөй жана кайтпас карышкыр жалдуу…

Ооба, сиончулар айткандай «кудай сүйгөн өзгөчө эл» же антисемиттер айтмакчы, «кудайдын түбөлүк каргышына калган элдин» табияты, тарыхы тууралуу канчама талаш жашайт. Бирок бир нерсе көңүл бурууга арзыйт. «…Народ крайне своеобразного уклада, — народ с горячей кровью – был перенесен в среду совершенно чуждых народностей, — с холодной кровью, медлительных оседлых — и был вынужден жить и трудиться среди тоже всецело исключительных внешних условий. Останься евреи жить на Востоке или попади они в какую-нибудь другую жаркую страну, их своеобразная природа дала бы конечно тоже своеобразная природа дала бы конечно тоже своеобразные последствия. Но влияние их не имело бы того динамического характера… без них мы никогда бы не достигли кульминационного пункта человеческой культуры современного капитализма».

ЕВРОПАДА капитализмдин өнүгүшү, буржуазиялык революциялардын жүрүшү тууралуу эсепсиз жазылды. Бирок бизге ошол орошон окуялардын соңундагы аны тымызын азыктандырган, суу түбүндөгү кудурет агымдай күркүрөгөн бир себептин жөнү анча айтылбай келген экен. Ал ушу еврей духу. В.Зомбарддын иликтөөсүнө караганда, Европанын кай жерине еврейлер оошуп барса, ошол жерде экономика гүлдөп кетиптир, кай жерден оодарылып кетишсе ошол жерде экономика какшып өксүптүр. Бу неликтен деп суроо салат да алым аны еврейлердин түпкү менталитетинен издейт: соодага маш, башканын эсебинен баюуга ыкчыл, сүткорлукту сүйгөн табиятын тааныйт. Абай баксак мунун теги терең-тереңде, тетиги эле түпкү дини иудазмде жатат шекил: «Высшим принципом для иудейства является утилитаризм, польза… Греки смотрели на природу теоретически, в гармоническом течении звезд им слышалась небесная музыка … Израильтяне, напротив, относились к природе с точки зрения гастрономии; всю перелесть они находили только в желудке; «вечером вкушайте рыбу, а по утрам насыщайтесь хлебом и проникайтесь сознанием, что я господь бог ваш (Моисей, Исход, 16.12).

Ушул пайдакечтик алардын Моисей пайгамбардын атактуу он осуятынын бирөөнүн бир гана еврей элине айтылган чындык ирээти талкуулап, түшүнүп, өз кызыкчылыгында өнүктүрүп кетүүгө ыңгай ачкан. Ал бу: «Если дашь деньги взаймы бедному из народа моего, то не притесняй его и не налагай на него роста. Если возьмешь в залог одежду ближнего твоего, до захождения солнца возврати ее». (Моисей, Исход, 22.20). Демек кандашыңа кайрымдуу бол, сааба аны, бирок каны бөлөктү эзсең болот. Атургай канчалык карызга батырып, кайра эселеп чүлүк салсаң, аяк-алдында бүгүлтсөң, жүгүнтсөң, өз кудайыңа ошончо кызмат өтөгөнүң. Иудалыктардын бир кудайы Яхве духу буга курсант.

Дал ушул менталитет, дал ушул прагматизм, дал ушул жеке пайда үчүн эч нерседен жийиркенбеген камбыл дух — карасоода капитализмдин табиятын аныктап, дүкүлдөп локомотив жүрөк болуп бүткөн экен. Дал ушул азган-тозгон жана бозгон, маска жамынууга аргасыз болгон еврей духу христианчылык менен кесилишкен жеринде протестантизмге да угут кайнап, шар ачытып чыккан экен. Дал ушул еврейдух жеке укукту тарыхта биринчи жолу мурда эч болуп көрбөгөндөй жаңы улуу бийиктикке – Кудайдын даражасына серпилтип алып чыгып, бардык нерсени анын кулдур кулуна айлантып тынган экен. Айныгыс акыйкат саналган ар кандай фалсафий бүтүмдөрдүн, экономикалык теориялардын, укук жоболорунун киндиги ушул духка атайын да, айласыз да байланышыптыр. Ошентип бул дух жеке менчик башканын эмес, дал улуу Кудайдын өзүнүн адамга ыроологон табигый укугу экендигин бүткүл адамзатка айныксыз таанытыптыр. Тааныбаска, моюндабаска аргасыз да кылыптыр. Өзүнө толук токкыртыш даярдалган соң капитализмдин туундусу, Европа калкын акчанын кунунда чарк айлантып экчеген, байлыкты Эгем туткан «эмансипация евреев» деген (кийин «Адам укугуна» жылма айланган) кубулуш ана ошентип көз жарыптыр. Качанкы Иеговачыл идеянын экинчи бети нак ушундайча мыйзамдаштырылыптыр…

Белгилүү, абалтан дүйнөнү үч гана нерсе бийлейт: Байлык, Бийлик жана Акыл (Рухтун бар тереңдиги, катмары бар).

Байлык: кааласам баарын сатып алам дейт.

Бийлик: кааласам баарын тартып алам дейт.

Ал эми Акыл: экөөңөн бийик улуу Чындык бар, мен ошомун дейт.

Ким аны Эмнеден көрөт? Адамзаттын талашып бүтпөй келген чындыгы ушу. Сөзгө алган еврейдухка келсек, ал Мамлекеттен да, Элден бийик жарланган «Адам укугун» жарыя мыйзамдаштырганга жетишип, кай жерде. Кай заманда, качан да болсун жеке адамдын улуу Байлыгын улуу Акыл менен кол тийгис коргоп койгон.

Еврейдух демекчи, ал да бу күндө бир гана улуттун жан табиятын аныктабастан, капитализмдин казанында кайнаган жалпы Евродухтун ыңгайына айланган, Америка континенттин жүзүн түзгөн, дүйнөгө кулачы сунулган… Ким, каалаган да, каалабаган да анын жинди айлампасына тартылбай кое албаган, чарк урган, чарчап да тынган.. Бирок айла, аргасыз. Бул «сыйкырлуу иримден» кутулуу жок. Анын башкы кредосу, башкача боло да албас табияты ушу — сүткорлук менен баюу же реформаланган иудаизмдин раввиндери өзүлөрү жазгандай: «Сердцем иудаизма и его основным вкладом в религию является доктрина живого (идея абстракция эмес! Ч.Ө.) бога, который управляет миром…».

Ал эми бу жымсал кудайдын атын-жытын, асыл Маркс, эсил Маркс (өзү еврей! еврей!) кашкайтып жыпжылаңач айтып салган: «Деньги – это ревнивый бог Израиля, пред лицом которого должно быть никакого другого бога. Деньги низводят всех богов человека с высоты и обращают их в товар. Деньги – это всеобщая установившаяся как нечто самостоятельное стоимость всех вещей. Они поэтому лишили весь мир – как человеческий мир, так и природу – их собственной стоимости».

Ушул жылаңач чындык Европа тарыхындагы эң бараандуу да бир фигура, Германиядагы дыйкандар көтөрүшүнүн башчысы Томас Мюнцердин ички чыңырык-трагедисын кандай гана жарытып берет-ов: «вся тварь сделалась собственностью – рыбы в воде, птицы в вохдухе, растения на земле, ведь и тварь должна стать свободной!..». Бирок бу жойкун кудурет бир ашыкпай, шашпай, дүрмөтүн түбөлүгүнө түздөп, каршыккандын кабыргасын бүктөп, жолуна турганды ырайымсыз жоюп, барат, барат, барат… Маркстан да акыры өч алып тынган ушул дух. Бардыгын алкагына алмакчы эткен бул кудуретке, бу чындыкка, албетте, карт дүйнөнүн да макул болбосу айгине. Өз чындыгын өжөр коргоп, ислам, буддизм (чанң, дзэн), индуизм, күңфучулук, синтоизм, православие ааламы тур. Ар биринин Кудай тууралуу, Мамлекет тууралуу, Адам тууралуу, анан да рынок – ал ырас эле чексиз процент саап, сүткорлук менен митече байып, бирөөнү түбөлүк күңкор кылуубу же ал: «адал мээнет кыл, бирөөнүн акысын жебе» деген Алла-Теңирий да талаппы, — бул тууралуу да өз-өзүнчө чындыгы бар. Ар бири өз Кудайы айткан жолун кармап, анын бийигине өрлөп барат.

Ал эми бизчи? Канчалык ак дилден Конституцияга кабылдап, эркиндик, демократия, реформа деп кооз ураандарды койбой салсак да болбой эле, орус айтмакчы: бары кайрылып келип бир бирине жаалдуу согуш ачкан бу не заман? Карапайым адамдан баштап бийликтин биринчи тепкичтерине чейин бириникин экинчисине шилтеп. Ар бири өз-өзүнчө алдап, бирөөгө тарттырганын башкадан кайра эселеп (кеселеп!) тартып алып, кайра өзүнчө ак безерип, өзүн актап, Президентин жерге таптап, өргө мактап, а бирок кимдин эркин аткарып, кайсы айлампада калганын билбей башы каткан бу маңги маанай каяктан? Же ошончолук эле оңолбос «ит» кыргызбы? Колунан кокон келбес бечелбизби? Маңкуртпузбу?!

«…современный капитализм есть в сущности ничто иное, как эманация еврейского духа.

США получили свою экономическую формацию главным образом под влиянием еврейских элементов.

Гровер Кливленд (президент США): немногие – или даже вообще ни одна из составляющих американских национальностей не оказали большого, прямого или косвенного влияния на развитие современного американизма, чем еврейская нация.

Рузвельт: евреи помогли создать страну. То что мы называем американизмом, есть в сущности кристаллизовавшийся еврейский дух».

«Цивилизациялуу адамзат азырынча мындан башканы ойлоп тапкан эмес» деп, Баш Мыйзамда биз эталон туткан жана турмушубузда жийи умтулган Батыш дүйнөсүнүн, американизмдин башка тереңинде буккан дагы бир чындык ушундай. Биз сөз жүзүндө канчалык «Манас идеясы — Мамлекет» деп кан какшабайлы, иш жүзүндө ага анти ишке ашырып жаткан идеологиябыз ушундай. Кайталайм, «укукчул мамлекет» жана «граждандык коом» дегенди биз бир гана Батыш үлгү деп билгенбиз, кабылдаганбыз жана акыркы акыйкат ирээти жар салганбыз. Рынок мыйзамдарыбызды ыңгайлап, бараткан багытыбыз ошо. Жетек ошо.

Эми бая сөз башына кайрылсак, эгер бозуп кеткен еврейди «АДАМ» идеясы сактаса, мүлдө Батыш дүйнөсүн өз менталитетинде чарк айлантып, тегерете тепчиген, королдорду кулаткан, улуттук режимдерди сулаткан, «еврейге эмансипация», «Адам-Элден, Мамлекеттен бийик, а Байлыгы кол тийгис ыйык» деп Байлык менен Акылдын жуурумунан Яхве духтун кудурет Бийлигин тирилтип берген «кудай тандаган эл» купуя идеясы сактаса, анда бизди – көчмөндү, кылымдар бою «Жаран жана Мамлекеттин ТЕҢ – ТЕҢИРЧИЛИГИ сактаган. Манас менен калкынын биримдиги сактаган. Манас идеясы бул – Мамлекет идеясы деген кептин учугу ушуякта.

Демек, азыр «Манастын жети осуяты идеологиясы!» деп шаң-салтанаттарда аягы жерге тийбей жар сала бербей, анын таманын конкрет мыйзам, улут рухуна уланды өрүлөөр этноэкономикага таямак лаазым. Ошондо гана биз элге Конституция кабыл алууну үйрөткөн, бирок эмгиче өзү Конституциясыз келаткан жөөт элдин: «Мы усматриваем в советской Конституции попытку отказаться от нашей святой Торы… против этого мы будем бороться, против этого мы восстанем со всей силой, духом и энергией без всяких компромиссов и уступок… Наша цель заключается в следующем: только Законы Торы должны иметь решающее значение во всех сферах жизни государства Израиль»… «Израиль имеет конституцию, ею является Тора!» деген акылман сабагын аңдаган болобуз. Өзүнүн эң түпкү мүдөөсүн канык-анык көрүп, ага алпараар Жолунда эч чектелбей, эч кимди уруп ойнобой өз кудайы-рухунан башка эч кимдин алдында милдеттенбей, кейбирлерге башкалар таңуулаган жат менталитет – Баш Мыйзамдарга өз эрки менен байлап тушалбай барынан башы азат калган эркин элдин өз рухыңгайын эмне үчүн мынча жанталашып коргогон себебин аңдаган болобуз.

Бирок бу да али толук чындык эмес. Манас кудурети ТЕРЕҢГИ ЭСТЕ! Ал – Манас, Теңирчиликтин Жаңы, Нуру. Анын бизди колдоп алар кудурет-кубаты ошондо тунат…

Байкагандырсыз, дүйнө көчмөндүктү унутуп салган. Бар өңү жашоо мүнөз гана эмес, жан өңүн Жашоо, болмушка өзгөчө мамиле аныктаган Азия кыйырын арыткан улуу Теңирчилик цивилизациясын унутуп салышкан. Акыйкатта анын бу тизимде өз Жолу менен кошулган өз энчилүү Орду бар. Аны өзүбүздөн башка да эч ким койбойт ордуна. Ооба, ал чыны менен кайталангыс. Анткени, бу цивилизация адамзат: «кийин жок болуп кетти» деп жаңылып жүргөн, же “шаманизм” деп чектеп кемиткен бардыктын башаты байыркы Теңиризмди ламаизмге (маңгул, тибет) же исламга (түрк дүйнөсү) чым бастырбай, бөлбөй-жарбай, дал, көчмөн жашоо мүнөзүнө байланыштуу өнө боюнда өлтүрбөй тирүү сактап жеткирген. Кийин байтүбүн баптай отуруп бир канатын ислам менен байыткан. Демек, муну ислам алкагындагы субцивилизация дештин өзү натура. Анткени «цивилизация» диний гана түшүнүк эмес, ал рухыңгай, тил, тарых, маданият, нарк-салт, жашоо мүнөз, чарба ыкма дагы.

Тарыхый тагдырыбыз дин ислам табигый тагдырыбыз көчмөн Теңирчилик цивилизациясын эч жерибейт! Ал дүңүндө керек болсо материалдуулуктан да мурда руханий түшүнүк. Зылдай пирмидалуу Египет, искусствосу гүлдөгөн Греция, сулуулуктун султаны таажылуу Таж Махал, бар өнөрү өрлөгөн европалык Кайра Жаралуу – баарынын, баарын байтүбүндө ириде адамдын айжаркын руху тунган. Дегеле Адамдуу Дүйнөнүн башкы критерийи өзү – рух. Андай болсо миң миңдеген жылдар бою ошол рухту сан катмар жыйып сары алтын уюткан, тырмагынан чачына дейре ырга айланып, чылк руханий мүнөз күткөн көчмөн цивилизация тууралуу эмне дейсиң.

Адамзат тарыхында аарыдай гүл чаңдаткан, бир жерден экинчи жерге маданият тараткан, өзү керемет жараткан, дүйнөгө өнүм берген, өмүр берген көчмөндух тууралуу эмне дейсиң! Ал цивилизация, жок болгон эмес, жок болбойт! Рух жоюлбайт! Табигый илим гүлдөгөн акыркы беш жүз жыл али башкы чен-өлчөм эмес. Адамзат тарыхы али бүткөн жок. Агер көчмөн азыр сырттан алып атса. Ал тек, салынуу кашык дүйнөдөн качанкы бергенин кайра алууда. Алма-берме Дүйнөдө кайра эселеп берери бар. Азбас-тозбос ийкем рухуиндустрия ыңгайын ыкчам алат, жапан мисалындай жанар күчүн дүйнөгө эми ал жарат. Жанат! “Жалпы адамзаттык” аталган жабуу алдында күрр агылган жат менталитетке ноюбайт “жаңы техника – жапан дух” ураанын салган дал ошол самурай сыңар ал бар дөөлөттүн бардыгын кайра баштан жан жарыгында нурлантып, рухун сиңирип, лакмус кагаздай улуттук түрп-түскө боёп, ажайып көчмөндуху адамзаттын чыныгы дөөлөтүнө үлүш кошот. Оо, бир кездеги Баба Жолу аркылуу Азиянын толтосунан адамзат мейкинине эми атчандух кирет! Орус философу Н.Бердяевдин бир ою ушул учурга кандай гана орундуу: “Судьба наций и национальных культур должна свершиться до конца. Принятие истории есть уже принятие борьбы за национальные индивидуальности, за типы культуры”. Аттиң, нетесиң эй, бири өлбөсө бирине күн жок дүйнөдө көчмөн шамын жандыргылары келбеген демин кескен демонизм да жок эмес! Бар!

Интеллекти өскүлөң XXI кылымда идеологиялык да, саясый да айладан мурда адам руханы, менталитети алга суурулуп роль ойноорун болжогондор жанталашып жанын миздеп жатышат. Эсеби, биз сөзгө алган прагматик Батышдуху болсо бу жолго эчак эле эсептүү кадам таштаган. Айталы, XIX кылымдын этегинен тарта эле иудаизмди католицизм жана протестантизм менен элдештирүүгө башталган аракет биздин кылымдын 40-жылдарында “Иуда-христиан достук коому” түзүлүү мененишке ашып, 1947-жылы Швейцарияда белгилүү “Зеелисберг декларациясы” кабылданган, ал 1965-жылы католик чиркөөсү официал түрдө еврей элинен (азыркы тукумдарынан) Ыйса пайгамбардын канына забын байланышкан “каргыш тамгасын” алып салуу менен аяктаган. Ошентип Моисейден Ыйсага чейинки пайгамбарлардын баанасында Батыш жалпы тил табышкан. “Экуменизм” аталган кыймыл алдында бүткүл Батыш христианчылыгын бир чиркөө алдында бириктирүү аракети күч алган. 3000-жылдыктагы босого идея балким ушул. Анын үзүрлүү жемишин баптизмге баткан, Егованы Эгем деп этегин туткан ак калпак кыргыз жаштары түгүл динбезер ага-эжелерге дейре тамшанып татып жаткан кез. Ак калпак эл эле дейсиңби…

Демек андай болсо, түбү бирге түйүлөр болсо, учу бирге жазылар болсо, түптүү түрк дүйнөсү нетет? Өзүн сактайбы? Же “түрк дүйнөсү” деген түшүнүк анархронизмге айланганбы? (Жанды эзген баягы эле суроо) Жок! Андай болсо аларды сактап калар бир тууга башын кошкон, дин исламды кабыл алганга чейинки абалкы пайгамбары ким эле? Болгонбу? Болгон! Ал Манастын түп бабасы касиеттүү Угуз каандыр…

Ыйык Кураани каримде да Алла Тааланын амири менен ар элге бирден пайгамбар жибердик делет. Ошол Угуз каандыр мүлдө түркий журтуна Теңир чындыгын аваал ачкан, — Манас аркылуу. Ооба, дал МАНАС аркылуу! Анткени МАНАС… МАНАС, ал, түбү ТЕҢИРДИН КУТУ, ТЕРЕҢГИ ЭС. Анын бу эң түп маанисин санскрит тил сактап калган. Көчмөн – ыйыгын жарыя салбай, купуя күткөн. Кыйыр айткан. Керегесине деген, — келини уккан. Түпкү “ыр” Битиг (“Ригведа”) Ыйык битиг да түп жаңырыгын сактап калмагы ошо… МАН (Киши) ЭС, МЭН ЭС маңыздын сактап калмагы ошо. “У месть Манас. …Манас возникает от Ахамкара или (Всемирного) самосознания…”

Теңирге… “Манас” – Высший духовный разум, Луч Вселенного Разума, называемого “Махат”, что означает “Великий”. Каждый Манас – это помнить будем всегда, не просто энергия, а Высочайщее Существо. Махат – это совокупность Космических Разумов-Манасов. Махат составляет неразрывное целое с Духовной Душой всего Космоса, поэтому называется ещё Махабудди, что означает Вселенной. Манас-Луч и носитель Махата-Вселенского разума. Манас-шар божественного света. Спускаясь вниз, он испускает собственный луч, который может проявить себя только через Земную Личность” Дулдул Сакендин булбул санаты так ушунун өзүн какшап-жаңшап турган жокпу, мында!..

Айтса, бул касиет манасчыга кайдан келген, кайдан бүткөн? “Если пойдем далее, мы различим в нашей душевной области элемент, который рассуждает, соображает, делает выводы. Мы называем его интеллектом; он соответствует низшему виду начала, называемому н асанскрите “Манас”; будем называть его “низший Манас”. За ним стоит другой, который не оспаривает и не рассуждает, а только утверждает: “Я знаю, что это – правда, а то — неправда; не знаю почему, но внутренне убежден, что это так”. Это начало – “Чистый разум”. Оно-то и образыет индивидуального человека и может быть названо также совестью. На санскрите это – высший вид Манаса, или “высший Манас”. Манаска көкүрөк менен келген, ишенген, демейки эстен Тереңги Эске төнгөн пенде үчүн “түш көрүү” фактысы акыркы тамчыдай шарр толтуруп Теңир Тереңге жалгаар бата, тагдырдын кайтпас талабы катары чыкканы ушудур. Ошондо арбакка сыйына, Асман-Жердин арасында жаадай керилип калган эл экстазда эргип, Көк жаңырган, жанда агылган, Канда угулган чакырыкты – тек карандай шамалдай гана өткөрүп калган (“не оспаривает, не рассуждает, а только утверждает…”) көмөкөй-көпүрөгө айланып калса керектир. Манасчылыктын сыры ушуяктадыр. Көкүрөк көзү ачылып, көөдөндөн нуру чачылган чагы ушудур. Бирок манасчылыктын Сырын бир гана Көктөн көрүү да бир жактуу болор, Теңирчилик антпейт, ТЕҢ чындыкты издейт ал. Жерден аягын үзбөйт ал: “Мындай бардыгы бир ийкемге келген, бир системге келген, бир тоомдон табышкан кубулуш көчмөн коомдо гана болушу мүмкүн, ишке ашышы мүмкүн.

Себеби, анын баарын өзү менен кошо тирүү алып жүрөт. Манасына жууруп ойдон ойго, бойдон бойго тирүү өткөрүп отурат. Теңирчилиги чулу сыйган ушунча улуу мухиттин бөксөрбөй жандуу сакталып келгендигинин себеби да ушунда – ал бир эле убакта элдин эң БАЙЫРКЫ тарых-таанымы да болгон, ошол эле кезде Эл өзү жашап турган ДАЙЫМКЫ жандуу турмушу да болгон. Манасты жаратып келген кыртыш же коомдун байтүбү өзгөрбөй сакталган. Ошол байтүптү кармаган манасчы бир эле учурда көкүрөгүн Көк даарыган Жайсаң катары чыкса, ошол эле учурда аягы түбөлүк кыртышынан ажырабай калган Антей сыңары көрүнгөн. Бир карасаң ал тээ байыркы замандын сыпатын санаттап жаткандай сезилсе. Ошол эле учурда өзү күндө көрүп, аралаш жүргөн коомдун нарк-насилин, ыраатын ырдап, күпүлдөп күүгө салып турган. Байыркы окуяларды тепчип, дайымкы турмушун айткан. Теңирчилик уюган Манастын философиялык генезиси ушул жерде”…

Ошентип, карт Азиянын кай-кай чындыгы болсун Башат теңирчиликтен учук улайт. Табылат. Бирок кайра да айтам, теңирчиликтин ТЕҢ касиети аны буюктуруп булаңга апкетпейт. Аягын материяга кармайт. Бул анын жашоо ыңгайы, башкача боло да албас табияты. Жашоонун бул борумун ал Жараткан жазган иерархиянын идеал Бир тепкичи деп билет. Жашоонун бар маңызын жадыратып толуп, толук жашап өткүсү келет. Руханий, Материалий катышта. Жандын, дендин гармониясында.

БУ КЕПТИН ЖӨНҮ; БУ КҮНДӨ качантан бери туу тутунган дөөлөттөрүбүз кайрадан бир Мезгилге сапырылып даны, чары эленип, кристаллдашып жаткан чак. Кечээ эле түгөл атеист болуп жүргөн башыбызга не бир ээн-жайкын идеялар күрр агылды. Оккультизм, мистика, эзотерика өмөлдү. Даяр эмес далайыбыз бир жээктен экинчи жээкке чабактай чабылып турубуз. Ошентет, күчтүү шамал отту не күчөтөт, не жалп өчүрөт дешкен бабалар. Кантсе да эми Манас-Нур чын-төгүнүн жарытып бу каптаган селден алып чыгар, алып чыгар… агер ушул айтылган теңучугун тутсак. Анткени теңди бузган башкаңгы абал бизге эми сырттан атайын да жасалып атат… Улуу таңууланып!

Алыскы Күнбатышта, ыйык синай тоосунда болот тумшугун ташка жанып, дүйнөнү кайтарып бир кыраандух конуп отурат. Бул бир көзгө көрүнбөгөн сыйкыр сыяк. Анын принциби өзгөчө: “Когда иудаизм говорит о живом боге, это означает, что трацендентный абсолют (т.е. бог) который является первичной реальностью, не есть абстрактная идея или интеллектуальный принцип, но динамическая сила в жизни и истории, сила, имеющая личный характер. Бог иудаизма может быть лучше понят как транцендентная личность сущностью которой является активность… в реальном мире людей и предметов…”, “…существует только один мир в котором находятся и человек и бог…”

Дүйнөнүн тамырын кармап, Байлыкка байлап, бар идеологиясын жасаган ушул биримдик. Модернизацияланган иудаизмдин бу жобосу а дүйнөнүн эмес, ириде бу дүйнөнү жеңип алууга жанталашкан протестантизм идеясы менен тээ тереңден кандай гана дал жаңырыкташат-ов!

Жан тараз элдин таза ишенимин таамай бутага алып, аларды жашоодон аркы жашоонунун, ЖАНДЫН камына салып коюп, өзү бу Дүйнөнү жекеме-жек ээлеп кала бергиси келген ушул дух. Денпарас элдин денин сыгып, порно-боевик бороонунда учулуп, кунун качырып, башын жуткан да ушул дух. Анткени: “Егова, спасение Израиля, в жертву которому должно быть принесено все, стоящее на его дороге. …Егова есть “Я” Израиля, признавшего себя конечной целью и владыкой природы…”

Эмесе, бүгүнкү күндө жалпы эле Батыш менталитетине айланып барган бул кудуретке каршы тосмо коёр калкан кармар улут рухунда, түрк жанында күч барбы? Бар! Ал деле ТЕҢИРИЗМ, МАНАС! Теңиризм протестантизмдин же Егованын дүйнөнү бийлейм деген көзүр сырынын көзүн билет. Ага өзүнүн улуу ТЕҢ философиясын каршы коёт. Жан менен дендин гармониясын кармайт. Дендин да кумарын ырдайт, Жандын да салтанатын жарлайт. Бирок анын башатын Жолу улуу НУРГА жалгайт, МАНАСКА (Высший Разум) далдайт. Айталы, Батыштын башка дүйнөнү денпарас жолдо шапар ойнотуп шайын алам, курутуп тынам, кууп ЖЫГАМ деген дүйнө ээлемек куу философиясынын таскардын тасырайта ачат. Куу кууну кулдуйта тепкен куш сыңары БИЙИГИН бербейт, ЖЫГЫЛБАЙТ же буддизм, кришнаизм сыяк жалаң Жанды жарлап, Денди тарки санабайт. Анда Жалгыздыкта акыркы чаңын – атомун жоготуу аркылуу Аалам чындыгынан (Будда, Брахман) табылуу эмес, көчмөн жамааты ичинде экинчи ТЕҢин тапкан, БҮТҮНДӨЛГӨН (Жарга, Жерге, Элге бириккен Сүйүү, Эрлик, Намыс, Адамдык! Башкача айтканда жашоону жерибейт), ошолор аркылуу Улуу Теңирге өрлөгөн-өрүлгөн жанашуу бар.

Айтмакчы, Теңиризм исламга да кайчы эмес. Анын “Кутбилимде” алда эбак чечилген жообу түрк дүйнөсүн араб жана Азиянын жаш арстандар дүйнөсү менен да майин-макул табыштырат. Ошентип Теңиризм, “Кудай” идеясын канча айтпасын акыры аны Жерге-Денге байлаган батыш протестантизмде, не жан кудуретине төнүп кеткен буддизм, кришнаизмде бузулган ТЕҢ салмакты кайырат. ТЕҢИРДИ даңктайт.

Байыркы “Огуз намэде” да, байыркы рун жазууларында да, Баласагундук Жусуп бабанын накыл дастанында да, акыры баарын Нурга чайыган Манас ааламында да бир үзүлбөй-сүзүлбөй эзелтеден жашап келген улуттук осуят-идея ушул. Квинтэссенция ушул. Теңирден ыкыбал берилип, Манас аркылуу кыргыздардын оо, бир кез эл уютуп, дүңгүрөтүп, мамлекет курганы ушул. Эми жалгыз кыргыз эмес жамы түркий дүйнөгө Манас-Нуру аркылуу Теңирден Эл сактаарга берилген идея-аян дагы ушул.

Эки Жээк өзөктөшкөн, Чегин жойгон, Уч менен Түп кошулуп Көк менен Көкүрөк эришкен улуу Чындык бул. Бирөө дао, датун деген, экинчиси нирвана, атаган, үчүнчүсү үчүн Логос, Брахман, төртүнчүсүнө абсолют дух – Алтын-Ордосуна ТЕҢИР аккан абал бул. Бая айткан Батыш өмүр бою карандай акылда калчап-экчеп, Гегель кебетесинде катар-катар китеп жазып “диалектика” атаган уюлгу дух ушунда.

Бу саам Асман менен Жердин ажырымы түгөнгөн, Алтындын да Күмүштүн да чеги жоюлган, Ай менен Күндүн да сапары бириккен, өзүнө өзү кайнап, оодарылып-оожалган БАР жана БИР гана аалам калган – НУР жанган… Манас ааламы…

Ушерден Сөз да түгөнмөк, кеп бүтмөк, эгерде, Теңирчиликтин башка таанымдардан бир артыкчылыгы болбосо…

Манасчы аркылуу кайыптан келген бу кабар көчмөндүн Көккө байланыш Жолу, Дүйнө өзөгүнө өткөн Жолу – шоонадай үлбүл эрип туңгуюктан шобурт алган даостой;

Не нур бууланып кеткен бутпарастай,

Же бир жашоодон экинчи жашоого каалгы өмөлгөн кришначыл кечилдей, Болбосо зикир Жолдо Акка созулган сопудай ааламга МАЙИН БУУЛАНУУ эмес. Тескерисинче, Ай-Асманды буюктуруп, Ай-Күнгө өзөктөш көзөй жалгап, бууркандап агылып калган, БУЙ КАЛГАН көчмөндух-баатырдем экенин жаңшайт.

Ал — өлбөс-өчпөс. Өчүргөн сайын өөрчүйт, өлтүргөн сайын тирилет. Бүтпөйт! Түбөлүк! Дүйнө өзөгүнүн оодарылып-оожалып жашап калуу буйрулган ага, ТҮБӨЛҮК! Демек, биз дагы анда алдыда Ийса, Куңзы пайгамбарлардын идеясына тараза эпостун эмес, эми балким, Айкөлүңдүн өзүнүн эки миңден канча ары артылган мааракесин ураан таштап жанга таянч (!), бүткүл Көчмөн Дүйнөгө дүң Теңирчиликтин улуу маңызына жакын, жакын… сүңгүүрбүз. Түркий Рухий Ордого айланып…