ПАСАҢОВА Зинакан: Бекзоо каздар менен кантип достошту?

Аңгеме

Беш жашар Бекзоо коңшунун  аппак сеңселген жүндүү,  кызыл тумшуктуу  каздары менен кокусунан достошту.  Ага чейин  алардан коркуп, жанына жолой алчу эмес. Каздар эрте менен короодон  канаттарын каккылап чуркап чыгышат да, көчөнүн  четиндеги тайыз көлчүккө чуркашат. Анан кечке чейин ошол көлчүктөн чыгышпай,  киргилт сууга ырахаттана чумкушуп,  тумшуктары менен чукулашып  же жээгинде майпая жатып алышат.

Кээде жолдон ары-бери өткөндөргө  сес көрсөткөндү жакшы көрүшөт. Моюндарын жерге төшөй созушуп,   канаттарын  куушуруп алып ызырынып кубалап жөнөгөндө ким болсо да  чочулабай койбойт.

 

Бекзоо  алардын жанынан жалгыз өтө элек.  Анын коркконун билгенсип, апасы экөө баратса   да дайыма кубалап калышчу.  Апасынын артына жашынган Бекзоо  учтуу  кызыл тумшуктары менен качан тиштээр экен деп көздөрүн чылк жумуп алат.  Эне-балага жетээрде каздар  тык  токтошот да ,  ачуусун жута албагансып кышылдаган бойдон кайра артына кайтышат.

Бир күнү  Бекзоо эрте менен туруп, терезеден аппак  кар жаап койгонун көрдү.

Кыштын биринчи карына аябай сүйүндү.  Өтүгүн шашып-бушуп кийип эле көчөгө чуркап чыкты. Кар жамынган бак-дарактар, үйлөр  таанылбай,  баары өзгөрө түшүптүр.   Анын көңүлүн  коңшунун ызы-чуу түшкөн каздары бурду. Алар көлчүктүн жанына чогулушуп,  канаттарын каккылашып,  ызы-чуу түшүп жатышты.   Бекзоо жакыныраак барып караса, көлчүктүн бетине муз туруп тоңуп калыптыр.  Каздар  сууга түшө алышпаганына  капаланышып  жатышкан  экен.  Үйгө чуркап кирип бул жөнүндө апасына  айтты. «Музду талкалап коюш керек», – деди апасы.  «Мер  сындырайынчы ?!.»  деп шашылды Бекзоо. Анан апасы экөө  жоон таяк менен  көлчүктүн бетине тоңгон музду майдалап,  суунун бетин тазалашты.  Каздар ушуну эле күтүп турушкансып, сууга шашыла киришип, шапшына  чөмүлө башташты.  Алардын  жыргаганын көрүп Бекзоо да аябай  кубанып калды.

«Мына эми каздар менен дос болдуң. Алар сага рахмат айтып жатышат»,- деди апасы.

Ушудан кийин ал каздардан коркпой, ал эми каздар аны кубалай калышты.

Зинакан ПАСАҢОВА