ПАСАҢОВА Зинакан: «Бала» капуста

Аңгеме

Төрт жашар Мейкин чоң энеси менен бирге көчөгө сейилдеп чыгууну  жакшы көрөт. Бүгүн жолдун жээгинде зым тор менен тосулган чакан бакчада өсүп келаткан капустаны көрдү. Капустанын делдейген чоң жалбырактарынын ортосунда кичинекей тоголок түйүлдүк жатат.

– Капуста бала тууптур! – деп чоң энесине кубанычтуу сүйүнчүлөдү Мейкин.

 

Ошодон кийин көчөгө чыккан сайын эң биринчи капустаны караганы чуркап барат. Адегенде калдайган чоң жалбырактардын арасынан араң көрүнүүчү түйүлдүк бара-бара чоңое баштады. Тез эле кабат-кабат тон кийинип борсоюп өстү. Ал чоңойгондон кийин аны туш-тарабынан коргоп туруучу чоң жалбырактардын да кереги жок болуп калды. Бала капустага күндүн нуру менен аба көбүрөк тийсин дегенсип артка карай чалкалашат.

Бир күнү эрте менен бакчага келген Мейкин «бала капустаны» таппай калды  Аны түбүнөн үзүп кетишиптир. «Капустанын баласын ким алып кетти?» деп ыйлап жиберди Мейкин.

Аны чоң  энеси сооротту. Жашылча бышканда өстүргөн ээси жыйнап алаарын айтты. Бирок Мейкин көз алдынча чоңойгон капустаны жоктоп, көпкө чейин ичи ачышып жүрдү.

Бир топ күн өткөндөн кийин бакчадагы дагы бир капуста балалай баштады. Мейкин буга аябай кубанды. Көчөгө чыкса эле жаңы түйүлдүктү  көргөнү чуркап келет. Эми капустанын кантип чоңойорун жакшы билип алды. Бирок ал бышканда – адамдар дагы үзүп жеп коюшарын ойлогондо, көңүлү чөгө түшөт.

Зинакан ПАСАҢОВА