РЫСКУЛОВ Рамис: РАМИС РЫСКУЛОВ: ЖЫЛДЫЗДУУ ЫРЛАР

ЫРЧАЧЫЛА
Бүт дүйнөнүн акындары
Келгенсийт мага конокко,
Омок кошуп омокко,
Илим доору ишентти,
Эч ишенбес жомокко.
Ырдан менин чачылам,
Балагандай бардыкка
Бажырайып ачылам.
Ыр түлкүсүн качырам.
Дүпүрөймүн күтүрөйм,
Күч үрөймүн, шатырайм,
Асмандарды шатылайм.

ПОЭЗИЯ
Чыгалекте
уурдалган ырым
Токтогул, Барпы, Коргоолдун
Ырдашынан жаралгам.
Кылымдардын Пушкиндей
Курдашынан жаралгам.
Апам менен атамдын
Жыргашынан жаралгам.
Тутунган
тууң ким экен?
Сакасына жараша
Чүкөңөр ыргыйт турбайбы.
Акимине жараша
Көп билимпоз тагдыры.
Замананын ышкысы
Акынына жараша
Куйкум сөздүн туздуусу.
Сулуулар дагы көбөйсө
Согуш, чатак аз болот.
Тутунган тууң болбосо
Алп болсоң оюң пас болот.
Байкап көрсөк кыргыздын
Жигити кыздай наз экен.
Ташты дагы жыргаткан
Жадыраган жаз экен.

КААЛОО
Качам жарпаң,
Этем барпаң.
Жашоо даркан
Буркан-шаркан.
Күндөр күлүк,
Айлар алчак.
Ойнойт тагдыр,
Көптү калчап.
Кандай сонун
Ушул бар чак.
Калбаса экен,
Турмуш чарчап.

БҮРКҮМӨ
Үрп кошом сөздүн үрпүнө,
Көп ырларым бүркүмө.
Барабан төш ыр бапылдайт
Мыкчыма ырлар мыкчыят.
Кырчам кыртышты,
Бөйрөктөн шыйрак чыгарам.
Ыр кудайы өнөгүм
Берди далай көмөгүн.
ЫРЫМ
Турмуш шаңын сезгенде
Ырым иет кишенеп,
Ыржаң кызга ишенет.
Балача кээде бакырып иет,
Кызыл кут киет.
Ырыс эмет.
Ырсактайт бактысына.
Аябай чиренет.
Шаттыкка киринет.
Балтылдайт,
Балтыры жоон кызга окшоп.
Жалтылдайт жаңы майлаган
өтүктөй.
Жаман окуган баладай,
Талпылдайт, салпылдайт.
Жакшы кызды көргөндө
Сокодой шартылдайт.
Ыр жазып келем жан тынбайт.
Ырым – менин бүт дүйнөгө салган
чырым.
Шыгым шыкытат,
Ышкыртат.
Далайларды бышкыртат.

 

ҮМҮТ МАЯГЫ
Үмүттөрүм жарпаңдашат
Жаш, жаракөр кыздар мисал.
Назик күлүп амандашат
Мүнөздөрү сылык, жымсал.
Жадыраңдап, шадыраңдап
Чоң көчөдө басып келем,
Кай жаккадыр беттеп жөнөп,
Жолугууга шашып келем.
Кучакташып тоолор турат
Мунарлашкан асман менен.
Сан кишини аралаймын
Каранамын элең, элең.
Эңги-деңги болуп дуулдайм
Дуу-дууларга кулак канып.
Шуулдап басам шамал мисал
Үмүт искейт маяк жанып.
Кадимкидей ой жетелеп
Багыт чиет максат-тилек.
Туш-тараптан шык жиберип
Келет мага сансыз илеп.

 

ЖАШОО КААДАСЫ
Жылдыздар жерге шыкаалап,
Жымыңдап турат шык каалап.
Жашыл ой чиркейт көңүлгө,
Жашоого жаңы ык каалап.
Каадалуу жашап адамдар,
Шилтенет эркин кадамдар.
Каркыра мисал тизилип,
Каалгып өтөт замандар.
Бүт айлана теңирсийт,
Асман узак шаң урат,
Шаңк-шаңк этип шаңгырап.
ЖАШОО ЫРГАГЫ
Тосом жана узатам
Тааныш эмес адамдарды
Аэропортто, вокзалда.
Албасам да
Барам ЦУМга, базарга.
Алиге көп бу дүйнөдө казарма.
Көп эл духу бул дүйнөгө
Алып келет тазарма.
АПАМА
Жанын бөлгөн жарымын,
Көрсөткөн күндүн жарыгын,
Апакем менин жашасын,
Жегизген орус кашасын.
Дос кылып берген Сашасын,
Жүрөктөш кылган Машасын!
ЖАНЖАНА
Ай-чырайың көрсөтүп,
Жүрөсүң го, жанжана.
Дагы башка бирөөнү
Сүйөсүң го, жанжана.
Бир кезиңди ойлоп сен,
Күлөсүң го, жанжана.
Башка журтка ал эмес,
Бүлөсүң го, жанжана.
Мени эстеп өзүңчө,
Сагынарсың, жанжана.
Тагдырыңа акыры
Багынарсың, жанжана.

 

ТҮЙДӨК ЧАЧ
Сен деп соккон жүрөгүм,
Билесиңби, түйдөк чач.
Түшүмө да көп ирет
Киресиң-ов, түйдөк чач.
Бийлеп, ырдап сахнага
Көп чыгасың, түйдөк чач.
Не бир алыс тарапка
Көп чыгасың түйдөк чач.
Сүйүүдөн берип сабакты,
Ачтың мендик кабакты.
Көз карашың эле көп,
Кызыктырып саматты.
Убада бердиң аябай
Ыйгарам деп жаннатты.
Мейкин самап учурдуң,
Мендеги ички канатты.