СООРОНБАЕВА Айсалкын: АЙСАЛКЫН СООРОНБАЕВА: ЧАТАШКАН ОЙЛОР

ЭССЕ

Сүйүү, сүйүү демекчи, менин да жүрөгүмө жаңыдан сүйүү түнөгөн кез эле. Анан кайдан-жайдан тагдыр жолумда күтүүсүз бурулуш болуп кетип, жүрөгүмдүн ачкычын жоготуп алгамын. Ошол күндөн баштап ачкычы жок жүрөгүмдө аруу сүйүүм катылган боюнча кала берди. Ооба, андан бери биртоп жылдар өттү. Ошентсе да мен үчүн ошол кездеги аруу сүйүүм сыяктуу, ачкыч да күнү-күнкүдөй жылтырап, сынын жоготпой жүргөндөй сезиле берет. Бирок андай болушу мүмкүн эмес го. Мен ушунча эскирдим, жүрөгүмдүн ачкычы да эмдигиче эскирип, дат басып, тиштери саргайып калгандыр.

* * *

Сен дагы өткөн күндөрдү ойлоп, эстээр бекенсиң? Балким көр тиргиликтин казанында кайнап, күнүмдүк жашоо менен алпурушуп жүрүп унутуп калгандырсың? А мен сени унутууга акым жоктой унуталбай, канчалык унутайын деген сайын жүрөгүм алоолонуп от болуп, азап тартып жүрөм. Эх, ал күндөр кандай сонун күндөр эле…

* * *

Андан бери канча суулар агылып, канча жолу өрүктөр гүлүн төгүп, канча жолу аппак карлар жаады. Эсептеген адамга көп эле жыл. А бирок мен үчүн кечээ эле болуп өткөндөй. Ошол биз өткөргөн бактылуу күндөр, бактылуу минуталар эч эсимден чыкпай, ошондогу кыялдар менен жашап келем. Кызык, мен өзүм кыйла жашка чыксам да кыялдарым дале он сегиз жаштагыдай.

* * *

Кыялдар демекчи, кыялдануу да өзүнчө бир ички искусство болсо керек. Эгерде кыялдануу боюнча конкурс болсо «Сен жөнүндө» деген кыялдануу темасында биринчи орунду алмакмын.

* * *

Кыялдар го мейли, куру кыял болуп кала берсин. Көргөн түштөрүмчү?.. Акыркы күндөрү көргөн түштөрүм жанымды жай алдырбай, санаага салып келет. Кандай кылып жорушту билбей турам. Сен жана ал. Ал болгондо да менин жакын курбум. «Ээ койчу, түшкө ар нерселер кире берет эмеспи», — деп өзүмдү өзүм жооткотуп коём. Анткен менен жүрөгүм уйгу-туйгу. Ай ким билет, ким билет, экөөңдүн кимиңди күнөөлөрүмдү билбейм. Же өзүм күнөөлүмүнбү: ушундай түш көргөн?

* * *

«Түштүн мойну кылдай, кандай жорусаң ошол жакка ооп кете берет»- дешет. Мен жакшылыкка жоруп жатам. Бирок жоруган менен эмне пайда? Кызык эле жанмын. Арадан канча жылдар өтсө да сен жөнүндө түш көрүп, кайра аны жакшылыкка жоруп, өзүмчө эле бушайман жеп, убарамын.

* * *

«Болду, сен жөнүндө ойлобойм да, түш да көрбөйм», — деп канча аракет кылдым. Аракетим ташка тийип, кайра эле ойлорумун баары сен, сен, сен…