СТАНАЛИЕВА Гүлзада: ГҮЛЗАДА СТАНАЛИЕВА: СҮЙҮҮ ЭМНЕ ЭҢШЕРИЛТКЕН ДҮЙНӨНҮ?

БАЛАЛЫК ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА
Токтогулга барабыз деп камынып
Жүрсө апам, сен башкача сүйүнүп.
Ээликкениң эсимде бир ошондо,
Көрүнгөнгө сүйүнчүлөп күйүгүп.

Чыктык жолго, күүгүм талаш жеткирди
Токтогулга эски жеңил машине.
Таякемдин үйүн көздөй жөнөсөк,
«Барбайм, — дейсиң таякемдин үйүнө,

Токтогулга барабыз деп айттың го,
Алпар мени комуз черткен кишиге», —
Чатак салдың кыйнап бизди чаң жолдо,
Бештердеги бала болчуң кичине.

Апам байкуш алдап-соолап тарткылайт:
«Таякеңдин үйүндө да Токтогул».
Ишенбейсиң, короодогу кишини,
«Тайкем, — дейсиң, таанып турам Оштогу».

Ал аңгыча көчө баштан бир атчан,
Көрүнгөндө, атырылып жөнөдүң:
«Токтогул эй, токтой турчу Токтогул!»
Бүт көчөнү кыйкырыкка бөлөдүң.

Токтоп калды таңыркаган ал атчан.
Чымын-куюн болуп жеттиң жанына.
Биз да жеттик түшө калып артыңдан,
Апам коркот: «Тебеленет атына…»

Алды имерип, жүзү жылуу киши экен.
Жерден сени, таанышындай кучактап.
Соорото албай болуп жаттык убара,
«Токтогул» деп турган сени бышактап.

Окуянын түшүнгөн соң чоо-жайын
Тигил киши жашыра албай күлкүсүн,
Бастырды атын таякемдин үйүнө.
Кызык болгон баарыбызга ошол күн…

Сабак жазып олтурганда бир ирет,
Бир сүрөттү сен ким болот дегенде,
Ат үстүндө комуз черткен кишини
Токтогул деп айтканым бар эсимде.

Кызыктырып бердим эле баяндап
Жомок кылып Токтогулдун өмүрүн.
Ошол баян өтө таасир эткенин
Баамдап, сага жылып турду көңүлүм.

Сени таптап уктаткан соң акырын,
Атчан киши жөнөп кетти үйүнө.
А биз сенин кылыгыңды кеп кылып,
Көпкө отурдук жаздын салкын түнүндө.
26.05.99.

*   *   *
Жашыл, жашыл, жашыл дүйнөгө
Жапырт жааган жазгы жамгырдай
Жанга жакын жумшак жан элем,
Турмуш мени такыр өзгөрттү.

Аруу, аруу, аруу дүйнөгө
Арзып жааган кардай апапак
Аялуу бир аяр жан элем,
Тагдыр мени такыр өзгөрттү.

Сары, сары, сары дүйнөгө
Сапырылган сары бариктей
Санаасы жок сергек жан элем,
Жашоо мени такыр өзгөрттү.

Жашыл, аруу, сары дүйнөнү
Жолуктурсам эгер кайрадан
Жата калып өтүнөр элем:
«Өзүңөрдөй мени өзгөртчү!»

*    *   *
Жарыгы өчө элек түнөрүп,
Күйгүзөт күнүгө күн өлүп.

Капыстан калдайган көлөкө
Капасты орнотту жүрөккө.

Шурулар суурулду жибинен,
Буюккан ойлорго шимилем.

Араанын ачкан бул шамалга
Айталбай тунжурайм саламды.

Какшатып бутумду муз тилет.
Өлө албай кыйналды бир тилек.

КҮТҮҮ
Көчөдөн өттү топ караан,
Көлөкө тушта олтургам.
Көчөдөн өттү бир караан
Бирөөнү күтүп олтургам.

Кыз өттү кызыл көйнөкчөн,
Таякчан шашпай чал өттү.
Жаш балдар топ кууп өтүштү.
Чаң каптап турду көчөнү.

Бир келин өттү шамдагай
Тыпыйган сумка көтөргөн.
Бир киши өттү сумсайып
Жупуну эски күрмөчөн.

Колдорун бекем кармашып
Кыз-жигит өттү капарсыз.
Жол четин бүтүн шимшилеп
Жолбун ит өттү. Көчө суз.

Күн өттү ушул көчөдөн,
Күбүрөп өттү күүгүм да.
Баары өттү ушул көчөдөн,
Күткөнүм гана өтпөдү.

Күүгүмдөп барып, түн кирди.
Күткөнүм менин чыкпады.
Үргүлөп кетти дарактар,
Көчө да тынчып уктады.

*  *  *
Батыштан соккон шамалдан
Батыштын жайын сурадым.
Бай турмуш куруп капарсыз
Жашайт деп эли угамын.

Баш чайкап шамал согулду,
Тилегин айтты анан бу:
«Бактылуу жанды көрсөм деп,
Аңтарып жүрөм ааламды».

Чыгышка урган шамалга
Жоолугум булгап, кош дедим.
Аздектеп мага ала кел,
Бактылуу жандын бир демин.

*  *  *
Коктуда жалгыз биздин үй.
Чымчыктар салат түркүн күү.
Түрүлүп агат сай жакта
Тамчысы мүрөк дайра суу.

Алма бак тегиз шуудурайт.
Алма бак арты мүрзөлөр.
Баары кооз, жандуу, бүт жашыл,
Томсоргон жалгыз боз дөбө.

Жайылган малды кайрышып,
Өтүшөт окуп куранды.
Эркинбиз эми дегендей,
Мүрзө жак дайым шамалдуу.

Коктуда жалгыз биздин үй.
Коркушат жаңы келгендер.
Бул үйдү жаман көздөрдөн
Коргогон ошол мүрзөлөр.

КУРБУМА
Түшүмө кириптирсиң түндө менин,
Түзөнүп сулуу болуп алыптырсың.
Түркүндү ойлогонмун, сен эсте жок.
Түшүмө кириптирсиң, бирок жалгыз.

Жакшына үстү-башың, өңүң нурлуу,
Кубанып эмнегедир алыптырсың.
Сүйлөштүк эмнелерди эсимде жок,
Сен турган жердин өзү жанып турду.

Иштериң же оңолгон, же оңолот,
Жорудум билгенимче жоромолдоп,
Жаралуу жан элең бир, асыл курбум,
Буйруса баары, баары жакшы болот.

БИР КЫШ ЭЛЕ…
Бир кыш эле, аяздуу бир кыш эле…
Тагдыр бизди табыштырды ошол кыш.
Байландың сен ажарына… а балким,
Ыры менен арбадыбы акын кыз.

Айтор күндө келер элең кечкисин,
Айтам деген сөзүң калчу унтулуп.
Муюп угуп ырларымды телмирип,
Туюп угуп сезимдердин бардыгын.

Күмүш күлкүм кулагыңа шыңгырап,
Күндө сени алып келчү мен жакка.
Бар дүйнөбүз – биздин аруу сүйүүбүз
Айланды анан кош канаттуу ырларга.

Кечтер болчу кыялдарга мас болгон,
Өтмөккө окшоп ушул бойдон, жаш бойдон.
Оюбузга кара нерсе түнөбөй,
Турмуш курдук не үйү жок, не коргон.

Бизди кошкон ошол кыштай бул ирет
Кар калың жаап, эшик алды күрөгүс.
Эч ким билбес кереметин бир кыштын
Жалгыз гана биз экөөбүз билебиз.

*   *   *
Унут баарын, өткөндөрдү эстебе,
Бактылуу да, бактысыз да кез дебе.
Бүгүнкүнүн бүчүрлөрүн күт, жаным.
Бакыт куруу ушул күндө кеч дебе.

Кайырчыдай тамчы таалай издедим,
Тагдырымдын тарам-тарам жолунан.
Жазмыш дебе, буйрук дебе сен мени,
Издеп жүрүп тапкан жар де арзыган.

Жылдыздардай жандым Сенин түнүңдө.
Обон болдум мукам созгон үнүңдө.
Ай болдумбу, күн болдумбу, билбеймин,
Арзуумду арнап  Сага келген күнүмдө.

Тамшандырган бакыт жөнүн биле албайм,
Бакыт балким, жүрөктөрдүн тынчтыгы.
Опол тоодой тирек болчуу өзүңсүң,
Кеткен кезде жаштыгымдын курчтугу.

Күн күлгөндөй күлүп туруп мен Сага
Көөдөндөгү арзуу ырын арнадым.
Көкүрөгүң уксун, уксун ырымды,
Чын де баары, бир да сөзүн танбагын.

Тамшандырган бакыт жөнүн биле албайм…
Балким бакыт дил-көөдөндүн актыгы.
Ойдо өзүң, жанда өзүң болорсуң,
Кеткен кезде чабалекей жаштыгым.

КОҢШУ БАЛА
Бактылуу болдуң бекен, коңшу бала,
Короодо бала кезде чогуу ойноочу.
Шумпайлар ыза кылса, жүүнү бош кыз
Өзүңдү баатыр көрүп корголоочу.

Бактылуу болдуң бекен, коңшу бала,
Кыш күнү жылгаякты чогуу тепчү.
Үшүгөн колун кармап назик кыздын
Ыпысык деми менен үйлөп берчү.

Бактылуу болдуң бекен, коңшу бала,
Энеси жалгызым деп эркелетчү.
Кечкисин тереземдин текчесине
Тымызын топ алманы тизип кетчү.

Бактылуу болдуң бекен, коңшу бала,
Атасыз калганына намыстанчу.
Арданып арсыздардын кеп-сөзүнө
Билгизбей жан кишиге жашып алчу.

*  *  *
Арзуу эмне алып учкан жүрөктү?
Сезимдердин бийигиби, пириби?
Сүйүү эмне эңшерилткен дүйнөнү?
Рухтай таза, жандай ал да тирүүбү?

Ал да өлөбү, ал да оттой өчөбү,
Ал да күндөй, мүнөттөрдөй өтөбү?
Келеби ал жол каратпай капыстан,
Кетеби ал жолоочудай жолдогу.

Сүйүү барда башка конуп бак кушу,
Сүйүү өчсө, таалай ташың кулайбы?
«Келер күнүм, кетер күнүм кайсы» деп,
Курган жандан сүйүү деги сурайбы?

Сүйүү эмне?.. Ай тамак да, кундуз чач,
Кызбы сулуу, тал чыбыктай ийилген.
Жигитпи ал, көздөрүнөн жанып от,
Жалт караса жүрөк эрксиз тилинген.

Аз болорбу, көп болорбу өлчөмү,
Же өлчөмсүз, уч-мейкинсиз сезимби?
Эске алабы курагыңды жаш, кары,
Эске алабы акылыңды, эсиңди?

*   *   *
Өлгүм келсе, тоюп ушул жашоого
Жарык дүйнө, сен күнөөлүү эмессиң.
Жашай албай жаткан өзүм күнөөлүү.

Шагым сынса, пенделерден сынгандыр,
Көңүл калса, турмушумдан калгандыр.
Жарык дүйнө, сенден көңүл калган жок.

Жазың, күзүң, ызгарлуу кыш, жайың да.
Көөшүп кетсем түбөлүктүү уйкуга.
Кайра-кайра кире берер түшүмө.

Жарык дүйнө, жамгырыңды сиңирип,
Бубак карың жатар элем жамынып,
Кокус бир күн көчүп кетсем түбөлүк.

Бак көтөрдүм, тунду көөнүм шаттыкка,
Тоодой кайгы, муңду дагы көтөрдүм.
Жарык дүйнө, бирок сага тойбодум.

Асманыңда булуттардын көчкөнүн
Карап жатып бейгам уктап дүнүйөм.
Сенде жашап жатканыма сүйүнөм.

Сүйүү тапкан күндөрүмө сыйынып,
Бала тапкан таалайыма сүйүнүп.
Билсең керек, кубанычтан ыйлагам.

Жарык дүйнө, мен ошентип өзүңдөн
Баарын алып, бактым менен бир кочуш
Байып-ташып кайра өзүңө сыйбагам.

Түгөнгөндө көрөр күнүм, ичер суум,
Кандай кыйып кетер экен жумулуп
Тойбой сени карай берчү көздөрүм.

*  *  *
Түш көрдүм, түшүмдө короомдо.
Алмалар гүл ачып алыптар.
Ушунча күн жарык тийиптир,
Ушунча кубанып алыпмын.

Далайга тигилдим асманга,
А асман туптунук, текши көк.
Ушунча жашарып чыгыпмын,
Ушунча агарып көкүрөк.

Түш көрдүм, түшүмдө алмалар
Бүр байлап гүл ачып алыптыр.

*  *  *
Сүйлөдү түркүн-түркүндү,
Көздөрү күлүп сүйкүмдүү.
Өчүптүр нуру жүзүнүн
Өчпөптүр ырас сүйкүмү.

Турмуштун изи түшүптүр,
Жүзүнө кат-кат бырыштуу.
Күйөөдөн бакты айтпаптыр,
Болбодум деди ырыстуу.

Сүйлөдү түркүн-түркүндү,
Балдарын жалгыз бакканын.
Үмүттөр үчүн эртеңки,
Жаштыгын бүтүн жакканын.

ЖЫЛДЫЗДАР МЕНЕН СЫРДАШКАН АЯЛ
Кошуна аял бүгүн да ооруп калыптыр.
Чоңураак кызы шыпырып жүрөт короосун.
Кеселман аял жабыккан менен турмуштан,
Каары жок эле, заары жок эле кебинде.

Таңга жуук эрте жумушка кетип күйөөсү
Күндөрү өтөт илкип жай жасап түйшүгүн.
Кеселман болуп калганы гана болбосо,
Ууз эле аял, колунан көөрү төгүлгөн.

Балдары жапырт уйкуга кетип, түн коюу…
Уйкусу качып, оор ойлор ийин баскансыйт.
Түн оогон кезде күттүрүп келген күйөөсү,
Чарчаган болуп көздөрүн ала качкансыйт.

Жалооруп тиктеп тургансыйт көктөн жылдыздар,
Күйүтү ичтен өрттөгөн жанын аялга.
Уктаган жапырт дүйнөдө жалгыз олтуруп,
Жылдыздар менен сырдашкан аял, арыба!
26.12.05.