ТАЖИЕВА Кыял: КЫЯЛ ТАЖИЕВА: СЕН ӨЗҮҢДҮ КЕРЕКСИЗ СЕЗЕ КӨРБӨ

Табият жана мен

Булуттардын карап түрмөгүн,
Түркүн ойлор кечип түрдөндүм.
Күн аралап барат аларды
Эске салып эрксиз күлгөнүм.

Көл бетинде жибек булактап,
Жип ийриди толкун улап бат.
Улуу тоолор көмөк көрсөтүп
Бара жатат кебез кучактап.

Көл толкуду апам кейиштүү,
Тоо таяды атам жеңиштүү.
Көл менен тоо мага биригип
Жашыл жууркан жасап беришти.

Табигаттын тоолук жуурканын
Орондум да ойго чуркадым.
Үзүп кеттим артым карабай
Ыкшоолуктун ыксыз кылтагын.

Жамгыр жана апам
Жанын жанга уруп жамгыр дыбырап,
Терезеден маңдай тердей куюлат.
Селт дей түшүп эстеп алып апамды,
Ыргып турдум сезимимди ургулап.

Жамгыр ага абысындай күн сайын,
Убайымын тарттырганын кантейин.
Тилдеп алса керек жаанды божурап,
Алып кирип күнгө жайган жуурканын.

Апа, билем, туйдум азыр жан-алың
Жаан аралаш шамал сындуу абалың.
А мен үйдө сезбей жаандын жоругун
Терезеден сызылганын карадым…

Көл-шал болуп, жаанга калбас ай-жылды,
Эстеп, бетим уялуудан албырды.
Сезбейт элең мейли түшсүн чагылган
Тилдесем не сени менен жамгырды.

Ушул доор
Коркок доор —
Катаны көрүп туруп үн катпаган,
Чайкаган башын толук муң каптаган.
Чоркок доор —
Килеми аркы-терки саймаланган,
Бүтөрүнө көз жетпей кармаланган.
Опкок доор —
Колго тийсе ап этип аймап алган,
Жеп атып, желөпкөдөй сайрап алган.
Көк бет доор —
Бийликке өзүн-өзү шайлап алган,
Өз колун өзү артына байлап алган.
Жүдөө доор —
Картасынын бир четин айрып алган,
Алтын берип, араң жан айлык алган.
Мүдөө доор –
Айтып, жазып а бирок аткарбаган,
Гезиттерден чолоо жер бош калбаган.
Күлүк доор —
Дүбүртүн кулагы укпай, чаң чыгарган,
Алды-артын карабай эч ыр чыгарган.
Күйүт доор —
Тирүүлөй абийирин көмүп кеткен,
Жаш туруп жашай албай өлүп кеткен.
Мунжу доор —
Алакан жайып акча сурап турат,
Ал жолду балдары тек улап турат.
Каржы доор —
Пулу жок акыл жолдо калып кеткен,
Эси жок эбин таап байып кеткен.
Даяр доор —
Кир жуубай кийимди тек кийип тынган,
От жакпай оттун кутун унут кылган.
Аял доор —
Жоолукчан желип-жортуп той башкарган.
Кайран эр тамак жасап төр бош калган.
Аяр доор —
Эстесең ачуу жашың алкының бууйт,
Суктана албай аттиң супсунуң сууйт.
Суктангым келген эле, суктангыным.
Келсинчи эл ушул доорду уткан күнүң.

 Үмүт
Билемин чар тарабым ыйык сурап,
Кенебес кебетемди чыйрыктырат.
Адамды башка нурга бөлөй турган
Көөнүмдө жанаары анык билик турат.

Жанганга өтө көңүл коштугу көп,
Канча өмүр текке кетти оттугу жок.
О тагдыр, улам-улам сокку берген
Бүгүнкү мага болгон өчтүгүң эп.

Серт өңдөр сулуу жүзгө күлүп көнгөн,
А Күнчү? Маңдайынан булут көргөн.
Өчкөнү жанганын эч унут кылбайт
Ошого балким кудай үмүт берген.

Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө
Жанга шыпаа ар ооруу күчөгөндө,
Аттиң бирок көктөгөн көчөлөрдө,
Баткак баскан кир бака жалбырактай
Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө.

Талаа жерде, бул жерде, тигил жайда,
Жайы-кышы мөмөлөөр түрүң барда,
Ашы таттуу а бирок, шагы тикен,
Чычырканак экенин билип алба.

Бир бактылуу жан жоктой дүйнөлөрдө,
Сирень сүрөт дооранын гүлдөгөндө,
Күбүлгөнүн баригин байкай көрбө,
Сен үйрөнгөн учурда сүйбөгөнгө.

Таман жолдо өссөң да чарчабагын,
Ар жаз сайын дооранын кайталагын.
Жарык таңдын атышын күтө билип,
Күндүн батып кеткенин байкабагын.

* * *
Бирөөлөрдү сагындым тааныбаган,
Жаманымдан, жакшымдан кабары жок.
Көйнөгүмө ичи да тарыбаган,
Туулган күндө берээри, алаары жок.

Бирөөлөрдү сагындым актай барак,
Чийилбеген, сүрөтү тартыла элек,
Кадырымды сындырып, тетир карап,
Көңүлүмдү көк таштай калтыра элек.

Бирөөлөрдү сагындым көп көңүлдүү.
Сырыма да чыныма кызыкпаган.
Өткөнүмдү эстетип, өткөнүмдү
Бүгүнкүмө куйкасы курушпаган.

Жашагыла бирөөлөр күнү кызык,
Аянбастан ал жайым биле берген.
Жаңы алган кийимдей сүйүнтүшүп,
Кайра-кайра карагым келе берген.

Жашагыла бирөөлөр тааныбаган.
Жаманыма, жакшыма наалыбаган.

 Тоолорго
Аруу дүйнө амансыңбы, барсыңбы?
Арман толо, сага айтайын кайсымды.
Көр тирликтин кечип-кечип баткагын,
Качып келдим бир карабай артымды.

Турам мына турушуңдан көз албай,
Төргө өт дейсиң, бутум жаман чече албайм.
Буйрук апам сатып берген өтүгүм,
Бир кездерде мага кылып кечирим,
Дал ушунун  таманына жазылган,
Өкүнүчүм, бакытымдан кечигүүм.

Тар бутумду чечким келип күймөлдүм.
Чечилчүдөй түйүндөрү дүйнөмдүн.
Чыдайм, чечпейм ушул менин бакытым
Мен турмушка баш ийгенди үйрөндүм.

Улуу тоолор койнуңду аччы, сырдашчы,
Жылбай туруп, жылытканың-ай жакшы.
Мен жок деле аруу бойдон турасың,
А мен сенсиз жүрөгүмдү чаң басты.

Алка-шалка төккүм келип бугумду,
Тоң денеңе тоң мүнөзүм жуурулду.
Ый токтобой, көз жаш менен чубалып,
Көкүрөктөн көргөн күнүм суурулду.

Кучагымды кенен ачып айлана,
Бийигине, ыйыгына байлана…
Тизе өйдө карын кечип бараттым,
“Аруулугуң жүрөгүмө саймала”.

Бир үн чыкты, жалт карадым артымды
Бала ыйы күлкүсүнө катылды.
Бак дүйнөсү көр тирликке аралаш
Дал ушинтип басып келет асылды.

Сени унутуп ошол үнгө күймөлдүм,
Мен кандаймын, кайда, кайсыл үйдөмүн.
Өзүң сезгин,өзүң баалап, өзүң чеч,
Ал-абалын мен кечирген күндөрдүн.

Эсим кирди, эскирди да бу башым.
Мезгилдерди а сен кантип туясың?
Селки элем, а мен алгач көргөндө
Тоо болчусун, тооле бойдон турасың?

Тоо болчусун, тооле бойдон турасың.
Мезгилдерди а сен кантип туясың?