ТӨКӨРОВ Азамат: МИХАИЛ ЗАДОРНОВ: МҮНӨЗДӨМӨ

Михаил Николаевич Задорнов 1948-жылдын 21-июлунда Латвия ССРинин Юрмала шаарында туулган. Советтик жана орус жазуучусу. Сатирик, драматург, юморист-актёр. Ондогон китептердин автору. Орусия Жазуучулар союзунун мүчөсү.

АҢГЕМЕ

— Сиздин менде жумушуңуз барбы? — деп сурады лабораториянын башчысы.

— Көрүп турасыз… Башка бөлүмгө өтүп атам. — дедим бир аз чайналып, — Мага мүнөздөмө керек.

— Анын эмнеси бар экен? — таңдана сурады башчы. — Жазыңыз, мен кол коюп берем!

— Кандайча? — деп түшүнбөй сурадым, — Өзүмө өзүмбү?

— Бул мүнөздөмө кимге керек? Магабы же сизгеби?

— Ооба, бирок…

Башчы сөзүмү оозуман жулуп алды:

— Кандай жазышты билбесеңиз бирөө-жарымдан сураңыз. Такыр эле болбосо катчыдан мүнөздөмөнүн үлгүсүн алыңыз.

Башчынын кабинетинен туталанып чыктым. «Үлгү»!!! Демек, мен деле башкалардай эле экенмин да?! О, даңгыттар! Мен жасаган кереге гезиттерден шыктанган бөлүмдөгүлөр беш жолу өндүрүштө жогорку көрсөткүчкө жетишкени менен эч кимдин иши болбой калыптыр да?! Баарын болгондой жазам! «Инженер болуп иштеген убагымда мен өзүмдү таланттуу сүрөтчү катары көрсөтө алдым». Жок, мындай болбойт. Анда мен бул жылдары өз кесибим менен иштебей, сүрөт тартып эле жүргөн болуп калат экенмин. «Таланттуу адам катары» дешим керек. Жок, анда да болбой калат. Жаңы бөлүмдөгүлөр бизге адам эмес, инженер керек деп айтышы мүмкүн. Куулук менен жазышым керек… «Инженер болуп иштеп жүргөнүмдө… — мисалы; — лабораториянын коомдук иштерине жигердүү катышып жүрдүм». Мына, эң сонун! Чынында эле ушундай да. Мына, Люся менен үч жылдан бери досмун. Болгондо да калың доспуз. Дагы… Ольга менен эки, Валя менен бир, Настя менен жарым жылдан бери дос болуп жүрөм. Анткени мен чыныгы досмун да! Ушинтип жазам! «Өтө керектүү… — жок, — сый-урматка ээ». Хм-м… Каерде? Албетте, кесиптештеримдин арасында да. Жок, «авторитеттүү жана ишенимдүү»… Так ушинтип жазышым керек. Бекеринен мага майрамдарда шампан ачканды ишенип тапшырышпайт да! Мына, жакында эле менин суроом менен коллективге арнап радиодон ыр беришти. Жеңил-желпи ыр эмес, болгондо да «Оо, кыздар, кыздар» деген ырды беришти. Туруктуумун. Жада калса саясатты да чемичкедей чагам. Тамеки тартканы чыккан жерде да батыраак болгула деп турам…

— Азаматсыз! — деди лаборатория башчысы мүнөздөмөгө кол коюп жатып, — Акылыңыз бар экендиги көрүнүп турат. Башкалар «Үлгүдөгү» Иванов дегенден бери көчүрүп келишет. Сиз жок дегенде өз фамилияңызды жазганга жарапсыз. Жаңы ишиңизде да ушундай сабаттуулугуңузду көрсөтүп жүрө бериңиз. Ийгилик каалайм!

Орусчадан оодарган Азамат ТӨКӨРОВ