ТУРДАЛИЕВА Гүлзада: ГҮЛЗАДА ТУРДАЛИЕВА: ТӨРТ САРЫ

АҢГЕМЕ

Сары кыз Ажардын турмушундагы сары жоогазындарды эсине түшүрдү. Оор күндөрүнүн күбөсү. Кош бойлуу кезинде үйүндө жүрүп окучу. Ошол кезде сары кыздуу болду. Ал төрөлгөндө окуусун бүтүп кетти. Сары жоогазындарды сары жигит сары кызын  төрөп оорукананын төрөт бөлүмүндө жатканында алып барган.

Сары кыз университетти бүтүп, коштошуп кетип баратып, беш килограмм ун сатып келип, калтырып кеткени эсинен кетпейт. Ал беш килограмм ун Ажар жумушка чыгып, айлык алып баштаганча чоң огожо болгон. Эстеген сайын ыраазы боло берет. Сары кызы чоңойуп калды, эми экиге чыгат.

Көчөдөн жолугуп калышты.

— Бошсуңбу? Кел, үйгө. Кечинде чалышалы.

Сары кыз кытай тили боюнча окуган. Жакында шаарга кытай ашканасы ачылды эле, кой, ошол жакка алып барып, коноктоп коеюн деген ой кетти. Кечкурун эки кызы — төртөө чогуу тамактанышты.

— Баягы үйгө келип жүрчү сары бала үйлөнгөн…

— Билем, “одноклассникиден”. Сүрөттөрүн көргөм. Ал менин телефонумду сурап жүрчү.

— Ооба, өзүнө окшош сары, жаактары узун, колдору чоң, такылдап сүйлөгөн кызды алган…

Тыным… Кызы чуркап жүрөт. Ал да сары. Ошондогу сары жоогазындарды сунган сары жигитке алигиче ичи жылыбайт. Ал кездеги студент сары кыз бөбөк сарынын чекесинен сылап, тешиле карап коет…

19.04.17.