ТУРДУБАЕВ Жолдош: ЖОЛДОШ ТУРДУБАЕВ: ГУЛЕН-ЭРДОГАН ТАЛАШЫН ТҮРК ТУУГАНДАР ӨЗДӨРҮ ЧЕЧЕ БЕРИШСИН

«Сапат» (мурдагы «Себат») мектептерин жапкыла деп талап кылганга Түркиянын акысы барбы? Дал ушул түрк лицейлери Кыргызстандын орто билим тутумун дүйнөлүк деңгээлге жеткире өнүктүрүүгө болорун көрсөтүп, далай идиректүү улан-кыздардын жолу ачылгандыгы талашсыз чындык. 

Ырас, буларга бизде ар кандай сын айтып, жазылган, жаап, жок кылыш керек дегендер да болгон. Бирок мезгил сыноосунан татыктуу эле өттү. Ырас, окутуу баасы колу жукалар үчүн кымбат. Бирок билим сапаты ошол чыгымды актагыдай болбосо, базар шартында кардарлар азайгандан азайып отуруп, бул лицейлер тез эле жабылып калмак. Булар жабылбады.

Түркиянын мурунку өкмөтү «Себатты» колдоп келди эле. Азыркы бийлиги колдомок түгүл Гуленге таандык деп жаптырганга аракеттенип келет. Атын өзгөртүп, окутуу мазмунун кыргыз тарап толугу менен көзөмөлдөөгө өткөнү бир чети жакшы болду (негизи, бир дагы билим, диний ж.б. мекеме мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөн тышкары калбашы керек!). Эми болсо Эрдогандын бийлиги мурдагы талабын кайталап, атүгүл булардын ордуна арзаныраак окута турган башка лицейлерди ачып берүүнү убада кылыптыр. Эмнеге жаңысын ачуу үчүн мурдагысын жабуу керек? 

Түркиянын бюджетинен бир тыйын албай, каржылык да, уюштуруучулук да жактан өзүн-өзү актап келаткан «Сапатты» жаптырбай эле, ага атаандаш, эгер мүмкүнчүлүгү болсо, андан да мыкты билим бергидей лицей тутумун сунуш кылсын түрк тарап. Болбосо, биздин мамлекеттин ички ишине кийлигишкенди койсун! Гулен-Эрдоган талашын түрк туугандар өздөрү чече беришсин, бул чатакты бизге таңуулабай!