ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: КАРА ТУМАН

Аңгеме

Тоо тараптан  капыс каптаган калың кара  туман заматта айыл ичин караңгыга бөлөп койду. Күүгүмгө чейин али көп убакыт бар экенине карабай, чар тарап кадимки коюу түн кейпин кийип калды. Ушундан улам жөөлөп кирип келген бу  туман тоо түбүндөгү айыл жашоочуларын бир топ эле чочутту. Алай-дүлөй  шамал электр тогун  да өчүрүп салды.  Дүйнө-ааламды караңгылык каптагандай, дем кыстыгып, жүрөк кысылып бүшүркөгөн эл кыштын күнкү кычыраган аязга карабай, үйүнөн сыртка чыгып, андан чоң көчөгө агылып жарык издеп…  Бир үзүм бүлбүл жарык таппай  кары-жаш, бала-чака чурулдай түштү.  Келме келтирип, кудайга тообо айткандар, мал-жандыктын мөөрөгөнү, иттердин үргөнү көбөйдү. Капилет түшкөн караңгылык баарын сокурга айландырып койгондой болду.

 

Кыштактын капортосунда үйү бар, жалгыз бой, эки көзү азиз келин гана караңгыдан чочуган жок. Колу менен адатынча сыйпалап  жатып темир керебетин тапты да, анда салынып кечке жыйылбай  жаткан төшөккө кирип кетти. Ага баары бир эле. Бала-чакасы эмес, эшигинде үрүп чыгаар ити да жок. Адатынча дем кысылткан караңгылыктан жакшылык тилеп уктамай болду. Бирок уктай албады. Кара туман, эрте түшкөн түн жөнүндө элдин чуру-чуу түшүп жатканы анын оюн бөлдү. Айрыкча бала-чаканын ызы-чуусу анын жүрөгүн дүкүлдөттү. “Бул эмнеси?” – Керебетинде ары-бери оодарылып, чочулаган келин ар түнү эл жаткандан кийин ага бир  келип кетчү кошуна турган аксак жигитти ойлоду, анын азыр келишин, жанында болушун  каалап кетти. Бирок түн киргичекти али көп бар. Көзү азиз келин оюн ары-бери жыйгычакты ичинен жабылбаган эшик кычырай ачылып, караңгыда  бирөөнүн бери карай басканы угулду. Жакындаган сайын өзүнө сиңген жыт, кулагына уюган дабышка окшобогон кадамдан чочуп өйдө боло берген келин алсыз үн катты:

— Эргеш, сенсиңби? Эрте келдиң го, абайла, мен төшөктөмүн.

Бул үн бери келе жаткан жанды тык токтотту. Бул кошуна жашаган Эргештин аялы  Сайра эле. Ал оюнда эч нерсе жок, бу сокур кошунасынан ширеңке сурап келген. Саамга катып калган келин эсине келе, ары-берини аңдай сала жаны кашайды.

— Кайсы Эргеш!? Менин эримби!? Ал сага түн ичинде келип жүрөбү?

«Оо, шорум, мунун тапканы ушул  сокур  экен да!»  Сайра эмне үчүн келгенин да унутту, караңгы түндү да, үйдө тамак күтүп отурган балдарын да… Көкүрөгүн тилип өткөн ачуу сезим, боюнан ылдый эңшерилткен боштук кулагын чуулдатып, жүрөгүн дүкүлдөтүп, оозу кургап чыкты. Аксап баскан араң жан эрин бирөөгө барат деп, болгондо да ушул көрк кебетеси жок көр  аялга  барат деп түк оюна келбептир.

Бул учурда төшөктө бошошуп жаткан сокур келин эсин жыя ордунан тура калды. Анын да абалы оңой болбоду:

— Сайра, Сайраш, сен белең!?… Башка кеп, сөз оозуна келбеген келин  темир керебетинде катты да калды.

Сайра көр келиндин кайсы  жерде жатканын да көргөн жок, ага бир ооз сөз да кайырбады. Аткан бойдон үйдөн чыгып кетти.

Беймаал көөдөй караңгылык алып келген туман Сайранын көзүн ачып койду, ачпай калсын, аны бактысыз кылып койду. Караңгыда кайсалап  жанында турган үйүнүн дарбазасына жеткенче муздак тер чекесинен ылдый куюлду. Дарбазага жеткен соң, аны ачып киргенге шайы жетпей, башын жыгач каалгага жөлөгөн бойдон шолоктоп ыйлап кирди.

Бу учурда аз-аздан жөө туман таркап, айлана жарый баштаган. Бир маалда чочуп  кеткен келин эки жагын карана өйдө болду. Чын, күйөөсүн капа кылган учурлары көп эле болгон. Кээде тоотпой, теңсинбей, айтканына көнбөй дегендей, бирок анын жаздыгын аттап, бирөөгө кучагын ачкан эмес. Сымбаттуу, алты саны аман аялын бу чолок минтип кордойт деп ким ойлоптур. Ысык нан жапса, жакшыраак тамак бышырса балдарынан берип жиберген, байкуш, бечара деп аяган бу кошуна  сокур келиндин жоругу жанына батты. Азыр барып жаткан жеринен муунтуп өлтүрүп салгысы келди. Көрсө, эри тамаркага суу коем деп, же мал-жанга чөп салам деп түн ичинде тез-тез жоголуп жүргөнүнө көп болгон, канча жыл экенин да билбейт. Эки көзү,  сопсоо эки буту бар туруп чак түштө алданып жүргөнүнө арданды.

Сайра үйүнө киргенде кадимкидей туман кетип, айлана жапжарык боло түшкөн, батыш жактан батып бараткан күндүн бозомук нурлары көрүнө баштаган. Бирок  алааматтай болгон бул күн бир үйбүлөнү чырга толтуруп, бир керилген сулуу келиндин көкүрөгүнө кетпес туман түшүрүп, бактысын колунан жулуп кетти.

24.01.04