ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ТРАКТОРЧУ КЕЛИНДЕР»

Аңгеме

Адатынча ат үстүндө камчысын капшыра кармаган Канымбү  раис  түн катып  тракторчу келиндер түнөгөн талаадагы  чатыр кепеге шашып келатты. Кечээ эле бу бейбак катындарга кароолчу койбоду беле, түңкүсүн кайтарганга… Эзелим камчы салдырбаган  астындагы жоргосу да улам  карышкыр көргөнсүп жол ката үркүп,  раисти  бейжай кылды…

Азим  кароолчу аты эле болбосо, басып келген бир жанга айбаат көрсөтө албаган,   оң жак колу да, буту да чолок, согуштан майып болуп келгенине  жыл айлана элек жарым жан эркек эле. Керээли кечке атырылта трактор айдап,  бу учу-кыйыры жок талаанын ал учунан бир учуна  бири бирин караганга убактысы чакталуу келиндердин баарынын күйөөлөрү согушта. Ичсе ашка, ойносо оюнга тойбогон, денесинен жаштык, мастыктын илеби чатыраган , биринен бири өткөн сулуу, бойлуу, кылыктуу келиндер түңкүсүн  денесинин талыкшый түшкөнүнө карабастан, тар кепенин ичинде, жерге  төшөлгөн чөп үстүндө  жатып алып,балыктай туйлаган денелерин чөп-чардын сайгылаганын тоотуп койбой, үн созо ай талааны жаңыртып  ырдап  кое беришчү. Алардын ырын түңкү шамал анча алыс эмес айылга  оңой эле  жеткирчү. Ыр чыккан тарапка кулак төшөгөндөр көбөйдү. Келиндер ыры кимдидир жоктогондой, сагынгандай, чакыргандай муңдуу.

Келиндерге напси агытып, түн катып келгендердин алгачкысы айылдагы  алты саны аман жалгыз эркек — эсепчи   Эргазы болду.  Ал  кашаң эшегин минип алып, ай жарыгында  карааны элес-булас көрүнгөн чатыр кепени оңой эле таап алды. Оңбогон келиндер  жин чырак да жагып коюшпаптыр. Кепе ичи көөдөй караңгы экен. Эргазы айылдан шыр чыкканы менен кепенин оозуна келгенде  анын  кире бериш жабуусун  ача албай, бир топ апкааарый түштү. Бу катар жаткан 10 келиндин ичинде мунун өзү жактырганы бар.  Кепе оозуна тосулган  таардын жыртыгы талаанын жайдак шамалына ары-бери делпектеп турду. Жол бою өзүн эр сезген Эргазы ушул  жаман таардын жыртыгын көтөрүүгө колу жетпей, колу жетсе, күчү жетпей бир топ коомайланды. Ичкериден келиндердин үзүл-кесил ыры, күлкүсү, каткырыгы, шыбыры угулуп жатты.

Эгер азыр издеп келгенин  чакыра албаса, анда анын Эргазы аты өчпөйбү. Аңгыча анын баятан тынч турган эшеги кыңшылап барып,  айкырып жиберди. Кепе ичиндеги күрү-күү дымый түштү.  Келиндер  кимдир бирөө жарымдын келгенин туюшту. Баары демин ичтерине катып калган эле. Эргазынын эми айласы калбады, ал көзүн жумду да  тосмону ача:

— Санамбү, чык эшикке, мен Эргазымын, — дегенге араң жарады.

Кепе ичиндеги тынчтык дагы бузулду. Келиндер эми Санамбүнүн эшикке чыгар чыкпасын талкуулап жатышты. Бир даары ушунча келген соң чык дешти, бир даары айылга эртең эле уят болосуң, же бу сени аялдыкка алмак беле, андан көрө абийириң менен эриңди күт дешти.

Санамбүнүн сулуу иреңи албырып, сүйүнүчпү, же күйүнүчпү… белгисиз сезим дене боюн  өрт болуп каптап, бу Эргазынын келиши  аны же кубантканын, же кейиткенин билбей дендароо абалга кабылды. Кирдей түшкөн жоолугунун сыртына чыккан чачтарын туурулган салаалары менен тарап, жоолугун  оңдоп да жиберди.

Келин  ушу азыр жаздын жагымдуу шамалы коштогон айлуу түндү айылдагы эркектердин эң алды болгон киши менен өткөргүсү келгенин  ичинен каалап кетти, бу көп келиндердин оозунан түшпөгөн Эргазы  мунун ысмын айтып, түн катып издеп келип, чакырып сыртта турса, кантип чыкпай коет. Бирок  Санамбү чыга алган жок. Жаткан жеринен өйдө болду, бирок катар жаткан ушунча келиндин көзүнчө көкүрөгү сыймыкка толуп турса да, эшикти көздөй бир кадам кое албады. Ал жүрөгүнүн каалоосун  уят-намысы , эртеңки күнү менен басып турду. «Айылдагы шагыраган келиндердин эч кимиси мага жок дей албайт» деп эрдемсинген Эргазы турду эшикте шагы сынып.

Кепенин  жыртык жабуусу өйдө көтөрүлгөн жок. Ал каалаган айдай сулуу Санамбүсү  «келдиңби» деп бурала басып чыккан жок. Кепе ичиндеги ыр, күрү-күү, күбүр-шыбырга айланды.  Эргазы эшегинен түшүп, аны  кепенин казыгына таңа байлады да,  жакын келип жыртык жабууну дагы бир ирет көтөрө үн катты:

— Санамбү дейм, барсыңбы?!

Бул жолу өз атын экинчи жолу уккан  келин бүрүшө түштү. Жанында жаткан  Жамалканды  кучактап, кимдендир корккондой, башын  жамынып жаткан чапанына катты.

— Чыкпайсыңбы, маалкатпай,  келээри келбеси белгисиз болгон эриңди эңсебей, –келиндердин ичинен жаактуусу  Айсара улага тараптан буйура сүйлөдү.

Санамбү андан бетер Жамалкан курбусуна ыктады. Айсаранын бакылдап жатканы Эргазыга даана угулду. Күтүп-күтүп, бир маалда  ындыны биротоло өчкөн  Эргазынын кулагына ичкериде бак-бак сүйлөгөн  Айсаранын үнү  дагы жаңырды:

— Жалгыз бастырып келген баатырдыгын мунун, биз бул жерде  10 келинбиз, «Санамбү-ү  дейт, биз баарыбыз эле Санамбүдөйбүз, көрсөк чогуу көрөбүз, өлсөк чогуу өлөбүз…

Эргазы эшегин акырын  казыктан бошотту да, айылына жол алды.  Келиндердин бүгүнкү түңкү ыры   ошону менен бүттү окшойт, айлананы көөдөй караңгылык менен кошо жымжырттык каптады. Жымжырттыгы курусун, бу Эргазы эшеги менен келип  келиндер көкүрөгүн козгоп, ичин уйгу-туйгуга салып койду. Он келин он жерде он  ташпиши менен алпурушуп, бул түн алардын уйкусун бузду, тынчтыгына бүлүк салды. Таң үрүл-барал атаары менен тракторундо отуруп калчу келиндер эртеси чала уйку болуп кеч турушту.

Эртеси  айылдын эң сулуу, эң мыкты делген  келиндери  жаткан кепеге Эргазы эсепчинин барганы тууралуу кеп эл ичине шамалдай тарап кетти. Анын барганын эшегинен башка эч ким көргөндөй болгон эмес, кимдин оозунан кеп чыкканы белгисиз.

«Кечээ өзүн кыйын эсептеген Эргазы барыптыр, эми айылдагы чолок-чулактан өйдө, чал, боз балдарга чейин  барбайт деп ким кепил болот?». Ушинтип  убайымга түшкөн келиндердин кайын энелери  Канымбү раистин каарынан коркушса да, ызаланган тейде топ кемпир   барып анын этегине жармашышты. Коруй албаса, эмнеге келиндерди талаага чыгарып иштетет, талаага түнөтөт. Байкуш келиндерди каргап-шилеп тилдеп атып районго жиберип, окутуп,  ата-бабасы кылбаган тракторго мингизди бу раис катын. Ага да макул болушкан эле. Эми минтип алардын биротоло абийирин төкмөй болду.

Раиске болсо баарынан да жер убагында айдалып, эгин убагында себилиш керек. Келиндердин абийирин ал эстеп да отурбады. Кантсе да бу кайын энелердин көтөрүлүшүн басыш үчүн ал Азим майыпты  кепе кайтаргыч кылып  койгон эле.

Эми мунусу бүгүн келиптир көгала таяк жеп, өлбөй аз жерден калганын айтып. Бу өлөсө болуп, боюн араң сүйрөп басып келген  кароол сөрөйдү ачууга алдырган Раис катын да  аз келгенсип камчысы менен баштан ылдый бир чаап алды:

— Нашүт гөр, десе… Келгенине сураганын ме деп берип, доошуңду чыгарбай отура бербейсиңби, кайсы алыңа каршылык көрсөтөсүң, ошолор сени өлтүрүп койсо сооп болмок.

Эми мунун таяк жегенин тракторчу  келиндердин кайын энелери билип калса дагы  чыр башталат.  Раис  кепе тарапка түн катып өзү жөнөгөн эле. Тээ алыстан эле муңдуу жаңырган ырдын кайрыктары  бу атчан аялга даана угула баштады.

-Озондобой отко түшкүлөгүр, ырдашпай жатса өлөбү! – Ичинен ызырынган раис  бу «курту кайнаган» келиндердин сазайын бермекке шашып келатты…