ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ӨРҮК-ЭНЕ»

Аңгеме

Таң үрүл-барал аткан маалда  оромолун  ээгине чейин ороп байлап алган  аял короосундагы чоң өрүкзарда  ары-бери чуркап, отура калып, тура калып   бак ичинде жаналакетке түшүп атты.  Өрүк дарактын  ар биринин түбүнө от жагып, түтөтүп, дүт коюп жүрөт. Бак ичин каптаган түтүнгө какап-чакап, жөтөлгөн   аял дагы эле  өрүкзарда  чар көпөлөк болуп айланып чуркай берди. Өрүкзарын минтип коюу түтүнгө  аластап жан талашкан аял башына оор алаамат түшкөндөй өзүнчө эле буй салып алган. Улам-улам өрүктөрдүн  гүлдөп турган бутактарын, ага жабышкан калың карды тиктеп, жүзүн убайым чалат. Бу өрүк гүлүнө жабышкан кар түтүнгө  эрийин деген түрү жок.

 

Бир маалда жердеги түтөп жаткан  отко  аял алымсынбады шекилди, үйгө  чуркап кирип чоң темир табакты алып чыкты да, ага да чоктон салып, майда-чүйдө отундардан мол калап, аны да көтөрүп алды.  Түтүнү коюу чыккан темир табакты улам өйдө көтөрүп, өрүктүн бутактарынын арасына  кармап турат.  Ал колдору чок салынган  ысык  табакка эбак каарылып күйүп атса да сезген жок, “өрүктөрдү  үшүктөн   сактоо керек” — башында мындан башка ой да, максат да жок. Өрүктөрүн быйыл да үшүк алып кетсе анда,  мунун тирлиги не болот.  Анын үстүнө  күйөөдөгү жалгыз кызы да   көчүп келип  аны менен жашаймын деп атат…Аялдын аппак болуп гүлдөп турган өрүктөрүн түнү бою капыс жааган кар басып калган. Эгер бул карларды  ысык түтүн менен тез эритип түшүрө албаса, анда быйыл өрүгүнөн, көргөн-баккан жалгыз кирешесинен  кол жууйт. “Кудай анын бетин ары кылсын”, аял ичинен күбүрөнүп, бак ичиндеги дүт коюусун уланта берди.

Бак ичи таң атпай түтүнгө  толуп чыкты. Бирок   кар каткан бойдон үлбүрөгөн  өрүк гүлдөрүн ныгыра басып,  ач кене сымал жабышып тура берди. Түтүндөн улам кар музга айланып калгандай  оорлошуп, ого бетер өрүктөрдүн бутагын жерге ийип салды. Эми өрүктөрдүн шагы жерге эңилип, сынайын деп калды. Аял саамга токтоп, өрүкзарды бир сыйра карап алды да, турган ордунда башы тегеренип, көзү караңгылап,  “күп” деп жерге кулады.  Колундагы табагы кыйла жерге ыргып кетти.  Аял кайра бир обдулду, бирок тура албай жатып калды. Турганда  эми  эмне кылат.

Кайгысы кабыргасына жетип, чалкасынан жаткан аял  катуу үшкүрдү, анын көкүрөгүнөн  чыккан көк түтүн  чубалып барып бак ичиндеги көп түтүнгө кошулуп сиңип кетти. Ичинен өрттөнүп күйгөн аял өрүктөрү менен коштошуп, быйылкы алдыда турган  оор жашоосу көз алдына тартылып, жаратканга наалат айтып, көзүнөн мончоктогон жаш кетти. Башы тегеренип, кулагы чуулдап, эс учун жогото баштаган аялды бир маалда так пешенесине  “тып” деп тамган тамчы эсине келтирди. Аял көзүн ача салып, өрүк гүлдөрүнө  жабышкан кар-муздун  эрип жатканын көрдү. Кубангандан  өөдө болду. Эки жагын каранды. Чын эле   өрүкзар  ичин  тынбай тамчылаган жамгыр каптаптыр. Аял  чөк түшө отура калып, жаратканга жалбарып  дуба тилеп жиберди, кудайдан өрүкзарына мол түшүм сурады. Анан бата тилеген соң өрүкзардагы эң картаң,  танасы жоон, өзү бутак-шактуу өрүккө келди да аны кучактап көпкө турду. Ушинтсе, колу-буту түздөлүп, денеси кайраттана түшөт. Аял өрүктүн танасын  канчалык  бекем кучактаган сайын, ошончолук  өзүнө күч-кайрат топтойт.

Анын жалгыз жашоодо көп эле кыйналган учурлары болду, ошондо ал өз арманын ар кимге айтып, ыйлап-сыктабады.  Кыйналып, жан-айласы кеткенде акырын гана ушул өрүккө келип,  көзүн жуумп,  аны бекем кучактап алат. Өрүк дарагы  анын ичиндеги бардык кайгы-муңун, капасын акырындан өз денесине сиңирип алгандай, аял бир паста жеңилдей түшөт. Бул өрүктү аял ичинен “энем” дечү. Энеси болбосо аялга ал мынча кайрат күчтү, мээримди  кайдан берет, аны кантип сооротот.

Бул күнү да аял таңкы аяз суукка карабай танасы муздак эне-өрүгүн  көпкө кучактап турду. Картаң өрүккө  жүдөп,  жабышып  турган аялдын дилдиреп ыйлап жатканын өрүктөн башка эч ким көргөн жок.  Аял кечээ түнкү  капыстан жааган карга, кар менен алпурушуп  кыйналганына, өзүнүн  тартыш турмушуна, жалгыздыгына  кейип ыйлаган жок. Мунун  баарына аял  эбак көнүп бүткөн, моюн сунган. Аны  ыйлаткан, жанын сыздаткан  башка эле…

Күйөөдөгү кызы кечээ телефон чалган.  “Эрим менен  биротоло ажыраштым, бүттү, тажадым, мындан артык чыдабаймын, кызымды алып эртең  үйгө көчүп барам, мени кубалаба, апа,  күйөөң менен жаша деп кыйнаба, апа” деп жалдыраган. Муну уккандан бери аял муңга батты. Өзү да атасыз чоңойгон,  кызы да атасыз өстү,  өз энеси да атадан эрте калган.  Эми кызы жалгыз калып, небере кызы да атасыз өсөбү? Бул эмнеси?  Буларга  ата, эр  буюрган эмеспи! Бул эмне деген  кайталана берген тагдыр, пешене? Мындан качып кайда барат? Кызына өмүр бою бак  тилеп келбеди беле!  Арык аял өрүккө ушунчалык жабышып алган, анын үстүндөгү эски кара кыжым  чапанынын өңү да  оңуп, өрүк дарагы түспөл, анын бак  ичинде өрүк кучактап турганын бир караган киши байкабайт да эле. Үн чыгарбай ичинен боздоп ыйлаган  аял бир топто барып  соороду.  Өрүктү кучагынан бошотту. Анан  кыйшая түшкөн  оромолун оңдоп,  көзүнүн жашын алаканы менен аарчыды. Буулуккан көкүрөгү жеңилдегенсип, “шуу” үшкүрүп алды. Башын көтөрүп бутактары  коргон толо жайылып турган барпайган  Өрүк-энесинин  гүлдөрүн карады.   Күн нуруна чагылышкан гүлдөр ажайып  эле. Кандай кооз.  Ичинен тирүүлүккө  “тообо” келтирген  аял кызы менен небересинин  амандыгын тиледи. Алардын бар экенине сүйүндү,  эртең тосуп алганга камынайын деди.   Кайраттана түшкөн ал  Өрүк-энесин алаканы менен сылап, кадим энесин өпкөндөй кучактай өөп, анан өрүкзарда  ар кайсы өрүк түбүндө чачылып жаткан  чала күйүп, чычала болгон отундарды, күлдү четинен  жыйнап кирди.

Аялдын көңүлү  бир аз да болсо тынчыганы анын   кыймылынан көрүнүп турду.   Таң эртеңкидей буй салбай, аял  жай, бирок дадил  кыймылга кирди. Чын эле бул  маалда   аркан бою көтөрүлүп калган күндүн нуру өрүкзарга  тегиз чачырап,  каптап, басып турган   түндөгү кардан арылган бажырайган өрүк гүлдөрү бак ичин  аппак нурга бөлөп жиберген эле.  Бул аппак нурдун ичинде  өрүк түспөл чапан кийген арык аял  бир топко чейин күймөнүп, өрүктөрдүн түбүн тазалап жүрдү.