ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ДОКТУР»

Аңгеме

Айылдык доктурду жумуш ордунан таба албаган  Эргеш ава  түз эле анын үйүн көздөй жөнөдү. Жаз эмеспи, иш маалы үйүндөдүр деди. Небересинин эти от менен жалын, эртеден бери эмчек эмбей кыйналып жатат.

Абышка жабык турган дарбазаны  оболу акырын каккылады, эч ким чыга бербегенде  муштуму менен катуу  ургулай баштады. Доктур бул маалда там артындагы  жерине бала-чакасы менен   тамеки көчөтүн отургузуп аткан. Дарбазадагы дабышты уккан ал аялына катуу табыштады.

— Мени сурап келгендер болсо, районго кеткен деп айт.

Күйөөсүнүн сырын беш колдой билген келин  унчукпай дарбазага жөнөдү.

— Арыба, келиним, доктур үкама келдим эле,  Апастын баласы кыйналып жатат, үкөл сайбаса болчудай эмес…  — Абышка  келиндин бүркөө кабагына жалдырай карады.

— Үкаңиз эртең менен районго кеткен, түшкү автобус менен келип калса айтайын, — Келин абышканын жүзүнө тик бакпай, жер карап сүйлөдү.

— Эмне кылсам, келээр бекен?.. Болбосо машине таап,  баланы районго  алып жөнөш керек.

— Келиши керек, ава, — Келин калп айтаарын айтып алып, бу атасындай болгон кишинин  жүзүнөн айбыгып, дарбазасын кыңай жаап, үйүнө кирип кеткенче шашты.

Абышка  санаадан салбарып, доктурсуз үйүнө баралбай, ооруп онтоп, көзүн ачпай жаткан небереси көз алдынан кетпей, түшкү автобус келчү  учу көрүнбөгөн  чоң жолду айласы куруй    тиктеген бойдон  «шуу» үшкүрдү да, арык четине отура кетти.

Ушул маалда  бу көчөнү жаңырта сигнал берип селитра жүктөп саткан  чоң машине келатты.  Ачуу чыккан үндү  угаары менен бу машинени эртеден бери күтүп аткан доктур тамаркадагы ишин таштап, көчөнү көздөй атып жөнөдү. Көчөдө болсо абышка райондон келчү автобустун жолун карап,   доктурдун дарбазасынын  тушундагы арык жээгинде  дагы  эле кетпей  отурган эле.

04.10.06