ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: «АЛЬУФ… АЛЬУФ» ЖАНА ВЕРТОЛЕТ

Айтылуу төкмө акын Жылдызбек Алыбаев менен обончу Бакыт Капаров экөө аябай тамашалашышат. Жаштары тең, бизден “картаңыраак” досторубуз. Бакыттын көзүнүн көгүнөн улам “Көк көз” деген каймана аты бар.

Ысык-Көлгө бардык достор чогулуп. Анан экөө өзүнчө ээрчишип жүргөн. Бир убакта бассейнге барышат. Түбү тунук болуп турса, көгөргөн көзүнө тайыз көрүнсө керек. Шымаланып чечинет да, шарт эле сууга секирет. Өзүнүн бою калпагы менен 1.60 см келген досум 2 жарым метр терең бассейнге чөгүп баштаптыр. Жыкең да Ат-Башынын Ак-Моюн айылында арыктан башка сууга түшпөсө же Тору-Айгырдай болуп көлдү кезип сүзбөсө… жалдырап тиктеп туруп берет.

Бакыт эптеп жээкке жетип, бассейндин четине колу илинет. Аны карап турган Жыкең колун кайра жылмыштырып, башынан сууга басып тумчуктура баштайт. Анан шайы ооп көгөргөн көзү кызара баштаганда колдон тартып жээкке чыгарып алып, бири какап-чакап, бири каткырып отурганда мен барып калдым. Экөөнүн түрүнөн бир нерсе шекип сурасам, Жыкең айтат: “Шымаланып шарт эле секиргенинен, сууга кыйын сүзөт экен деп карап тургам. “Альуф… альуф… альуф…” деп баштады… И-и, ушинтип сүзөт тура десем, чөгүп жатыптыр. Сууга чөккөн кишини төбөсүндөгү чачынан тартып чыгат деп уккам. Тартып алайын десем төбөсү таз экен. Анан ойлондум, киши колдуу болуп өлгөн киши бейишке кирет дечү эле, досум бейишке барсын деп ойлоп чөктүрсөм, болбой кайра кейишке келбедиби”, — дейт. Мейли эми, тиги дүйнөгө шашылбайлы, өлүмдү кечинен берсин деп тамакка жөнөдүк…

*      *      *

Бир күнү Жыкең Ат-Башыда жылкы издеп жүрүп, эрмектеп Бакытка чалат.

— Досум, кайдасың?

— Үйдөмүн.

— Анда көчөгө чыга калчы, мен үйүңдү таппай айланып жүрөм!

Алып учуп антаңдап, бутуна көлөч сүйрөп алып чуркап чыгат. Тигиниси кайра чалат.

— Кайдасың?

— Мына, үйдөн жаңы чыктым…

Бакыт Капаров жаңы конушта жашайт. Асфальт жолдон жарым чакырымдай алыс.

— Чоң жолго чыксаң? — дейт Жылдызбек.

Беркиси жүгүрүп чоң жолго барат. Кайра чалса, “дуку-дуку-дуку” деген үн угулат, “болду-болбоду вертолет учуп баратат окшойт” деген божомол менен Жыкең:

— Бакыбай, үстүңдө вертолет учуп баратабы?

— Ооба, ооба, так эле менин үстүмөн учуп баратат!

— Анда, ошол вертолеттон мен сага кол булгап жатам… Колуңду көтөрүп, сен да булгаласаң! — деген экен…