ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: БАНКРОТ ЖАНА «БАКТЫЛУУ АЯЛ»

АҢГЕМЕ

Кум аралаштырып, суу чачып жүн алган күндөрүмдү, таразага магнит чаптап кардар алдаган күндөрүмдү эстедим. Кудайды эстедим. Кудай мени жазалаганын билдим. Кыяматтын сурак таразасын ойлодум. Бармагымды эмес, тишим жетсе чыканагымды тиштегим келди. Далдырап, чек арада жүрдүм. Айырмасы чоң болгон үчүн уйгурларга барып “баасын көтөрүп койгулачы” деп жалдырап сурандым. Өз элимди алдап келип өзгөгө алданганыма ардандым. Арзан мейманканада кирдеген шейшепти көз жашым менен жуудум. Далдырап басып жүрдүм…

Күнүгө кампага барам. Укканым баягы эле жооп. Айлам кеткенде алардын айтканына көндүм. Тери, жүндөр менин акыркы үмүтүмдү кошо жүктөп, ички Кытайды көздөй жүктөлүп кетти. Тамак саткан сулуу келин бар эле. Ага келип арманымды айтам. Ал болсо күйөөсү өлүп ошол жерге келип тамакчы болуп калганын айтат. Мен тери менен жүндү сүйлөйм. Ал махабатты сүйлөйт, сүйүүнү сүйлөйт. Кечинде үйүнө конокко чакырды. Барсам, дасторкон жайып тосуп алды. Сырдашып отурдук. Түн кирди.

— Меникине жатып ал, — деди.

Бакир атамчасынан карыш жерге баскым келбей макул болдум. Бассам-турсам да Кудайды ойлойм. Ушунчалык да оор жазалайбы? Менин алыма жараша эле жазаласа болмок да деп догурунам.

Сулуу келиндин көзүнөн от жанат. Меникинен уйгурларга болгон жек көрүү менен заар чачырайт. Ага сүйүү, мага акча керек. Мен Кудайдан жардам сурап жаңы уйкуга кетип баратсам, жанымда бир караан отурат. Жөн отурбай башымдан сылап отурат. Чочуп кеттим, уйкум умачтай ачылды. Баягы сулуу келин.

— Сизге эмне болду? — десем,

— Жакшы жигитсиң, — деп жаныма жата кетти.

Мен жаңы эле Кудайга жалынып убада берип жатып уйкуга кирип баратканымды эстедим.

— Эже, ойноштук арам, — дедим — андан көрө жүрүңүз, эшикке басабыз, — деп кийинип, эшикке чыктык. Жымыңдаган жылдыздарды карап, ачык асмандын алдында чыйрыкканча басып жүрдүк. Үшүгөндө үйгө келдик.

— Аялың кандай бактылуу, ушундай ала-жипти аттабаган күйөөсү бар, — деп тамшанды. Менин иттигимди, ала-жип эмес арканды аттап жүрүп аңга түшкөнүмдү ал кайдан билсин?! Ал суктанган “бактылуу аялдын” бактысына балта чаап, ажырашууга алып барган менин акмак экенимди ал кайдан билсин…

Оюмда бир камаз толтура товар жүктөп чыгуу. Жүктөөчү товарларымдын узун тизмесин алып чыгып карасам, “музыкальный центр” дегени көзүмө урунду. Чек арадагы дүкөнгө кирип, көлөмү чоң болгон менен калдыркандай кара жашикти, анан ата-энеме деп бир “термос” салдым да, кытайдын автобусуна отуруп алып “желкемдин чуңкуру көрсүн, экинчи силерге келсемби…” деп жиним шакардай кайнап жөнөдүм.

Элдин баарын суктандырган сулуу келин менин көзүмө түрү суук көрүнгөн. Уйгурлардын ырдап жаткансыган тилдери менин кулагыма кайсы бир жаныбардын үнүнө окшошкон бойдон кала берди… “Ат баспайм деген жерин үч басат” болуп, кийин ишим жүрүшүп кетээрин, машина эмес самолет менен жумасына каттаарымды ойлогон да эмесмин…