ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЖАН АЛГЫЧ

АҢГЕМЕ

Бала кезде үйдөгү китептерди барактап отуруп “жан алгычтын” сүрөтүн көрүп калдым. Ошо замат “жан алгыч” болгум келди. Өзүм боюм узун, ыркыйган арык бала элем. “Арбак” деп классташтарым каймана ат коюп да алышкан.

Кечке жуук апамдын сандыгын чачып, көйнөктөрүнүн арасынан капкара узунун таап кийдим. Башыма чачысы бар кара жоолугун салындым. Колума орок көтөрүп алдым. Тим эле жан алгычтын өзү болдум. Апам эшике чыгаары менен акырын сокур атамдын артына өттүм да, керебеттин бурчуна апамды күтүп отуруп калдым. Бир кезде эшик ачылганда үндөбөстөн ордуман акырын турдум. Апам байкуш көрө сала “абышка-а-аа…” деп аябай катуу кыйкырганга жарады да арты менен дубалга калчылдап жөлөнүп калды. Каткырып жибердим.

— Өлүгүңдү көрөйүн! Шакар! Шакар сенин кылбаганың жок, жүрөгүм түшүп өлүп калсам сокур атаң экөөң жетелешип талаада каласыңар! — деп бир чети ызаланып, бир чети менин кылыгыма боору эзилип күлдү.

Атам окуяны угуп алып:

— Ой байбиче, сен корккондо келме келтирбей, оозуңа Алланын ордуна “абышка” дейсиң да, “астапыралла” дебейсиңби, — деп аябай күлкүсүн тыя албай ыкшыды. Мага майдай жакты. Үйүбүз айылдын аягында болгондуктан биздин үйдөн кийин эле колхоздун эгин талаасы башталчу. Талаанын боюна “махабат машиналары” келээр эле. Машинанын ичиндеги махабат издегендерди коркутайын деп ыңгайын күтүп жүрдүм.

Жайдын салкын кечи. Кеч күүгүмдө көк “москвич” келип токтоду. Мен болсо кара көйнөгүмдү кийип, орогумду көтөрүп алып акырын айдоонун четине бардым. Түн киргенче күттүм. Алдыңкы орунда бир аял менен бир эркек сүйлөшүп отурушту. Бир маалда экөө арткы орундуктарга өтүштү. Ошол маалда акырын барып так мандайына, машинанын капотуна жөлөнүп туруп калдым… Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Тиги экөө арткы эшиктерден кыйкырып эле атып чыгышып, айылды көздөй качып жөнөштү. Артынан мен чуркамыш болуп чоң-чоң аттап койдум. Чымын-куюн болуп мага жеткирбей кетишти. Кайрылып машинасына барсам, бир баштык “Кара-Кум” деген шоколад, “Бермуд” деген вино, кильки-консерва, “Буратино” деген лимонад анан нан бар экен. Чогултуп баштыка салып алып Тынчтык менен Жокиге жөнөдүм. Үчөөбүз аябай күлдүк.

Менин кебетемди көрүп алышып боор эзилгенче күлүшүп, таап келген табылгам үчүн мени аябай макташты. Болгонун болгондой бактын ортосуна отуруп жеп алдык. Тиги “качкын” досторун ээрчитип келип “москвичин” айдап кетти. Үчөөбүз аңдып турдук.

Ушул окуядан кийин менин кылыгымды эки досум колдоп, кошуналарды коркутмай болдук. Кыдырма атанын үйүнө кирип бардык. Рапия апам экөө чай ичип отуруптур. Кирип эле үч жолу жүгүнүп койдум. Рапия апамдын коркконунан чынысы колунан ыргып кетти. Каткырып жиберсем Кыдырма атам:

— Атаңдын оозун урайын Шакар!” — деп эле таягын ала чуркады.

Терезеден шыкаалаган Тынчтык менен Жоки ичин басып каткырышат… Балээнин жетеби, тызылдап качып кеттик. Андан чыгып Маамытбек байкемдикине кирдик. Бурул жеңем бозо сүзүп отурган экен. Мени көрүп “б-а-аа” деп бакырган бойдон чалкасынан кетип жатып калды. Өзүмдүн жүрөгүм түшүп калды.

— Бурул жеңе бул мен…- деп жоолугумду чечип ийдим.

Өңү купкуу болуп калчылдап, кусуп жиберди. Ошол жерден “жан алгыч” оюнубуз токтоду. Болбосо, андан чыгып маршрутубуз өйдөкү Рапия апаныкына уланмак. Ал жалгыз жашагандыктан жүрөгүн жарып албайлык деп анча-мынча акылга келдик…