ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: УРАЛЕЦ

АҢГЕМЕ

Бизден бир жаш улуу Даку деген айылдашым бар эле. Курманбек байке менен Зина жеңе ага кичинекей «Уралец» шайтан арабасын сатып беришиптир. Кудай бетин салбасын, “Уралецтин” аркасы менен Дакунун аброю күн санап өстү. Баарыбыз Дакунун артынан ээрчип алабыз. Ал болсо меникинен бетер коңкойгон мурдун өйдө көтөрүп, баарыбызга командир! Өзүн эмес, шайтан арабасын сыйлайбыз.

“Быты-Чуңкурга” жөнөдүк. Сууга түшкөнү. Даку болсо велосипедин алмак-салмак тептирип баратат. “Быты-Чуңкурда” каналдын суусу айланып агат. Ортосунда жатакта калган малдарды аркандап коёт. Анан баарыбызга команда берет:

— Аркандалган атты же уйду таш менен чапкыла! — деп.

Балдар тапыратып чаап киришет. Мен малга болушам.

— Чаппагыла!

Алар мени укпайт. Анткени Даку король! Баарыбыз чечинип алып сууга түшө баштадык. Суу жээгинде Жамила апанын чоң таргыл уйу аркандалып, курсагы тоюп кепшеп жатат. Даку Королдон обу жок буйрук келди. Ким жаткан уйга барып жабышса, бир саат велосипед тебет деди.

— Кантип? — десек, өзү чуркап барып көрсөтүп берди. Король аябай уят болду.

— Ээй, биз сени эртең айылга уят кылабыз, — деди Турдубай деген көк көз бала.

— Эмне деп?

— Жамила апанын таргыл уйуна жабышты, — деп.

Үчөөлөп жаалап жибердик.

— Эч кимге айтпагыла! Үчөөңөр күнүгө келип бир сааттан тебесиңер…

Мен таргыл уйга аябай ыраазы болдум. Уйдун аркасы менен шантаж кылып жиберген Турдубай да “маладес!” Даку уй менен эч кандай уят байланыш кылган эмес. Болгону бизге команда берем деп жатып, бизге көрсөтчү киши болуп Турдубай менен Жокинин тузагына илинди. Ошону менен бир топко велосипеддин маселеси чечилди. Баарыбыз велосипед тепкенди үйрөндүк.

Анан ар бирибиз бирден шайтан араба алдырдык. Бизди велосипедге үйрөткөн Даку, Турдубай жана таргыл уй болду. Уй демекчи, мен үчүн жандырылгыс бир табышмак: эмне үчүн уй менен кой бирдей эле чөп жейт да, уй жампа чычат, а кой коргоол чычат? Ушуга “аябай терең” ойлончумун.

Даку тигил экөөнө баягы таргыл уй үчүн велосипедин тептирип жүргөн күндөрдө, “сен молдонун баласысың, сен калп айтып аларга кошулсаң атаң уят болот” — деп менден күнүгө жыйырма тыйын аренда алып атты.

Тезирээк үйрөнүш үчүн талабын аткара бердим. Анткени апам: «Шайтан арабаны — тепкенди жакшы үйрөнгөндө алып берем”, — деген. Зуулдатып үйрөнүп, апамдын алдына экзаменге келдим. Абдан жакшы өттүм. Эртеси барып мага «Уралец» деген жашыл шайтан араба алып берди!

Машина алганда да андай сүйүнгөн эмесмин. Балалыктын бакыты ушундай окуяларда турбайбы…