ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: «ЭЖЕЛҮҮ КЫЗГА ЭСКИ ТОН»

ЭССЕ

Жалил менен Айсулуу, Күнсулуу деген бир туугандарым менен так ушул балдарым сыяктуу далай кучакташып жатканбыз! Убакыт өз энчисин алып, бизди чилдей таратты. Айсулуу Кочкорго келин болуп барып, үч баласын кучактап жатат. Күнсулуу Жалал-Абаддын Арсланбабына келин болуп барып, уул-кызы менен алек. Мен болсо шаардын ызы-чуусунда, Жалил болсо кара жердин кучагында… Эх, арман!

Бир кезде бир төшөктүн ичинде, бир чатырдын алдында дүнүйө эмне экенин билбей баёо сезим балалык менен наристе кыялыбыз асмандата алып учуп жатар элек. Ким билиптир, турмуштун мынча таттуу да, ачуу да болорун. Жашоону сүйгөнүбүз менен, акыры Жалилдин жанына баарыбыз барабыз. Бирок кыздар башка бирөөгө келин болуп эт жүрөгү бизди ойлогону болбосо, башка бүлөгө, бөлөк эл, бөтөн жерге кетет экен. Жөн эле кетпестен, Кочкор менен Жалал-Абадга тукум калтырып, анда-санда бизге келип өздөрүнүн тилинде божураган жээндерди учураштырып кетишет.

Алыста жүрөт деп мен аяйм. Алар мени аяйт. А сүйүүбүз балдарыбызга өтүп кеткен. Бир тууганым деп анда-санда сураганда эле айтпасак, кээ бир күнү ойлогонго да убакыт жок. Жалилим жаңы өлгөндө күнүгө куран окуп жүрүп, анан жумасына бир жолу, бара-бара айына бир ирээт куран окуй турган болуп калдым. Ата-эне болсо эч качан унутпайт экен.

Атам байкуш Жалилге күнүгө куран окуп жүрүп, акыры жанына барып жатып калды. Энем болсо май алып келсе эле жыт чыгарып куран окуп жүрөт. Себеби, 1976-1977-жылдары Жалилдин жүрөгү энемдин курсагында соккон да. Бир учурда эки жүрөк эненин гана ичинде согот экен. Бир эне, бир атадан төрөлүп, бир үйдө чоңойсок да, биз азыр бөлөкпүз! Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбесин далилдеп жүрөбүз!

Менин балдарым азыр биздин балалыкты элестеткен менен, көз ачып-жумганча он балам он жакка чачыраарын, анан жакшылык менен жамандыкта чогуларын ойлойм. Ошондо аялы же күйөөсү жакшы болсо! Болбосо, ар ким өз көмөчүнө кул болору турган иш. Бир көйнөктү кийип, “эжелүү кызга эски тон” болуп жүргөн кез да кетээр.

Азыр бир төшөктүн алдында жаткан төрт бир тууган төрт үйдүн кожоюну же кожойкесине айланаар.