ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЭНЕКЕМ

ЭССЕ

Энем! Менин энем. Сегизди төрөгөн. Бешөөбүз жер үстүндө, үчөөсү жер астында… Нурайым эжемди 4 жашында айылдын анда-санда машина өткөн көчөсүнөн мас шоопур тебелеп кеткен. Айылдын чаң жолуна мээсин чачыратып… Ошондо ботосунан ажыраган боз ингендей боздогон. Иним Жанарбек он гүлүнүн бири ачылбай 18 жашында акыретке сапар алган. Анда да ыйлаган курган жүрөк! Аллахым акыл-эсин кем жараткан менен үйүбүздүн сүймөнчүгү эле. Башы иштебеген менен башкасы кадимки акылдуу адамдай иштечү…

Ылайыктуу кыз тапсам үйлөнтөм деп атам ала-гүү болсо эле оолугуп калар эле. Айылдагы жарым эс Албүбү апаңарды деле баласы Бердибек багып жүрөт. Жанарбекти биздин көзүбүз өткөнчө үйлөнтөм десе агам, мен, Жалил үчөөбүз чычалайт элек… Көрсө, ата-эненин сүйүктүү баласы эң чабалы, оорулуусу болот тура…

Ал эми Жалилбайды болсо 35 жашында ажал азгырып, сарайдан кичинекей кытайдын оючуктай тракторун үстүнөн оонатып жиберди… Балакатка жетпеген наристелер ата-энеге тозоктун оозун тоскон калкан болот дейт экен… Атамды үчөөлөп тосуп алышкан чыгар. Төртөөнө кошуп бир жылда бир тууган эки эжесин узатып жибергенге эт жүрөгү эзилип, балдакчан басып турган чагы…

Оорубаңыз энеке! Атам уч баласы жакшы көргөн келини, эки кайнежеси менен эрмектешип жата берсин… Сиз биздин төрүбүздө болуңуз! Аллах өмүрүңүздү узун кылып, чөбөрөңүздүн баласы кыбыраңызды көргөн соң анан кыбырап барып жатып калыңыз!..

Сегизди төрөгөн эмес 2, 3, 4, 5тен төрөгөн кыз келиндериңиздин бири да сиздин жолду жолдой албайт, энеке. Анткени колхоздун тракторун айдап, чөбүн тартып,  тыныгуу учурунда тракторду тыркыратып келип бала эмизмек кайда. Фигура сактаган киши болуп же эт багытында эмес же сүт багытында эмес – биздин аялдар жүрөт!

Бирок Кудай булардын бактысына баардыгын даяр кылып койгон. Шүгүр деп жакасын муунта кармап отурар жерде. Себеби, сиздей болуп булактан суу ташып ысытып же арыктагы сууга кирлерибизди додо кылып үйүп алып, чоң мүшөккө салып көтөрүп барбайт. Анан арык жээгинде сиздей болуп отуруп кир жуубайт. Азыркы келиндер жөн гана эшигин ачып ак же кара түстөгүлөрдүн өзүнчө болуп салганы эле болбосо калганын Кытайдын «келини» жууп, сыгып берет.

Сиздей болуп казанга суу ысытып идиш жуубайт. Себеби муздак сууга «Мила» сыяктуу суюктуктарды кошуп жиберсе эле идиши тазаланат. Сиздей болуп чара-чара камыр жуурбайт. Көнкөгө нан жаппайт. Же үрөн сепкен селканын дискасына нан бышырбайт. Тандырдын нанын сатып жешет. Сиздей болуп катар-катар төрөй бербейт. Булар календарга карап, анан Кудайдын берер белегин да эсеп менен эркек кызын мээлеп төрөшөт…

Менин энемдин абысындары баары көп төрөгөн Ормотой атамдын буту чолок болгон менен 12 баласы бар эле. Чабан Маамытбек атамдын 11 баласы бар. Бригадир Мукаш атамдыкы дагы… Кыскасы, баарынан азы биз 8… Азыр сегизди «Баатыр эне» төрөйт. Анан силердей болуп жаштык менен муздак бетонго отурса суук тийип төрөбөй калат экен дебейт…

Медицина өнүгүп кеткен, кааласа эркеги жок эле ЭКО менен төрөп алышат. Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт деген түшүнүк жок. Ким багат деп пландап төрөйт. Кудайдын ырыскы берерине эмес, эркектин иштеп таап келерине карашат. Эркектери биз. Биздин кебетебиз бул. Энең менен аялыңды танда десе аялымды сүйөм деген заман!..

Мени кечириңиз, Энеке! Мен да ошол эркектер менен катар далай кыздарды сүйдүм. Сизге алып бербеген белектерди алып бердим. Сизди алып барбаган киного кайдагы бир кыздарды алып бардым. Сизге гүл эмес малыңызга чөп алып бербейм. Ал эми кыздарга кымбат гүл белек кылам. А сиз мага өзүңүз ооруп доктурга келатып, айылдан сойгон согумуңуздан көтөрүп келиптирсиз. Муздаткычта турат. Шераалынын чокоюндай сактап койдум…

Энекем менин! Сиздин ак сүтүңүздү мен келесоо актай албаар бекемин?.. Жалил өлгөндө чекесинен сылап алып, «ак сүтүмдү кечтим, кечтим, кечтим каралдым!» — деп ыйласаңыз мен сизди биринчи жолу, «мамаша ыйлабаңызчы», — дедим. Ага чейин жеңе дейт элем. Ак сүтүңүздү актап кеткен иним мен үчүн бактылуу болуп күлүмсүрөп бейиште жаткандай сезилди. Менин мамаша деген сөзүм сизди сооротту. Бирибиз өлүп ыйлатып, бирибиз сооротуп, – ортодо Энем турду…

Ар бир баласын жарыкчылыкка алып келгенде энеден төрөлгөндөй тазаланат дейт. Сегиз жолу өлүп тирилгенсиз. Анысы аз келгенсип ороң-бараң мүнөзүбүз менен канча жолу жүрөгүңүздү ооруттук. Ошол жүрөк акыры чыдай албай доктурга келди.

Энеке, сиз оорубаңыз! Бейиш сиздин таман алдыңызда болсо, демек, биздин бейишибиздин ооруганын көргүм келбейт… Бүгүн жакшымын, шишигим тарап калды деп жадырап отурасыз! Мени эмес менин баламды, ал эмес неберемди багып отурасыз! Сиз татыктуу энесиз! Мен келесоо сиздин баркыңызды билбеген! Сиз гана эмес аялзатынын баркын билбеген. Канчалаган кыз-келиндин жүрөгүн ооруттум экен. Өзүмдүн жүрөгүм болсо студенттик жатаканадай… Сүйөм деген сөздү кытайдын петардасындай кооз чачыратып, ар кайсы кыздын жүрөгүнө чок салып сайран курдум… Кечиргиле урматтуу кыз-келиндер!

Менин сүйүүм бүттү! Мен сүйүүмдү энеме арнайм. Кыздарыма арнайм!.. Энемди тирүүсүндө барктагым, сыйлагым келди. Көзү өткөн соң жылкы союп той бергенимден кандай пайда… Той болбогондо эмне? Келген эл жакшы киши болчу демиш болуп эт жеп алып тарап кетет… «Өлгөндүн өз шору» деген кыргыз! Ошондуктан тирүүсүндө сыйлайлы, сүйөлү, «ак сүтүмдү актадың уулум», — деген сөзүн угуп ыраазычылыгын алып калалы. Менин өзүм үчүн өзүмө сабак!..