ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: АКЫНДЫН ИШЕНИЧИН АКТАЙЫН!

Атактуу Сарыгашка агам Амантай кежир Олжобай Шакир деген агамдын «РухЭш» деген кыргыз адабиятына кам көрүп келе жаткан сайтын колдоого чакырган экен. Калыстыкты илгертеден акындын оозунан уккан кыргыз уулу катары баарыбыз колдоо көрсөтүп кетсек жакшы болот.

Мен Амантай акын агамдын айтканын жерге таштабай: Олжобай Шакирдин 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 5000 сом котором. Айтмакчы, Жанар Акаев үкам дагы өткөндө жазганда, мен да жардам берем деп убада кылган элем. Эстафетаны болсо Кыргызтемир жолуна эмгеги сиңип, поезд минген Улукбек Нусубалиев деген таластык досума узатам.

Улукбек досум мекенчил жана адабият, маданият тармагына ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Олжокеге болсо ишиңе ийгилик каалайбыз. Анан бир эле суранаарым: молдокелер менен согуша бербей, дүйнөлүк адабияттын дөө-шааларынын котормолорун элге жеткирип,жаштарга таалим-тарбия боло турган жомокторду бизге жана балдарыбызга окутуп, эл агартуу отличниги болуп жүрө берсин.

Бар бол менин аке-досум, «Жинди кыштактын» кежири.))) Сизди сыйлаган жана Сарыгашканын күйөрманы үкө-досуңар Жамалбек.