АКУТАГАВА Рюноске: Эргежээлдин экимети — 2 (которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

Жалганчы
Каратып туруп калп айткан аялды билер элем. Ал баарынан бактылуу болчу. Бирок ал чыпчын айтып атса да, билгендер калп айтат деп койчу. Анткени ал калпты кынабына келтирип, көркүнө чыгарып айтар эле. Аны жакшы билген аккөз, көккөздөр анысын эң кайгылуу трагедиясы катары карачу.

Кайрадан ошо жөнүндө
Бардык художниктер сыяктуу эле мен да калпты катырам. Арийне эчкачан артынан кууп кеткен эмесмин. А ал болсо те, атамзамандагы калпын азыр эле айтып аткансып эсине тутуп жүрөр эле.

Кайрадан ошо жөнүндө
Канчалык каңырык түтөсө да, бир чындыкты моюнга албаска болбойт. Жалаң жалган сөз менен айтып бере турган чындык да бар.

 

Төрөлөр
О, төрөлөр! Жаштарды искусство бузат деп түн уйкуңар үч бөлүнөт. Көңүлүңөр төтөп болсун. Искусство жаштарды силер сыяктуу бир заматта иритип жибералбайт.

Кайрадан ошо жөнүндө
О, төрөлөр! Искусство элди бузат деп, ичкениңер ирим, жегениңер желим. Дагы айтам, камтама болбогула. Искусство силерди, эки миң жыл илгерки искусствонун керемет-кемелин түшүнүүгө чама чаркы жок силерди бузуп жибералбайт.

Момундук
Момундук – бул романтикалуу кулчулук.

Солдат
Идеалдуу солдат командир буйругун кыңк этпей аткарууга милдеткер. Кыңк этпей аткаруу – сын сөздөн кыңк этпей качуу деген кеп. Демек, идеалдуу солдат эң оболу акыл-эстен ажыраш керек.

Кайрадан ошо жөнүндө
Идеалдуу солдат командир буйругун кыңк этпей аткарууга милдеткер. Кыңк этпей аткаруу — өз жоопкерчилигиңен кыңк этпей аткез берүү деген кеп. Демек, идеалдуу солдат жоопкерчиликти моюнга албаш керек.

Белги
Сүйүүнүн дагы бир белгиси — менден мурда канчалар менен жүрдү экен деп жанына жай бербеген суроо жана ошол ойду тумандаткан «канчаларга» болгон кызганыч.

Дагы ошо жөнүндө
Сүйүүнүн дагы бир белгиси — ошол сүйгөнүнө окшош бирөөнү табуу кумарлыгы.

Сүйүү жана өлүм
Сүйүүдөн пайда болгон өлүм жөнүндө ойдун өзөгү эволюция теориясындабы деп ойлойм. Жөргөмүш менен аарынын ургаачысы урук байлаар замат эркегин чагып өлтүрөт. Италия труппасынын аткаруусундагы «Кармен» операсын уккан сайын мен Кармендин ар кыймылынан ошол аарыны көрөм.

Башка
Жандай көргөн аялың туруп башкалар менен жатып калабыз. Ал сүйгөн аял сени кандырбай койгондон деле эмес. Тек, кээде биздин туруксуздук, кээде эстетика биздин чынардай кумарды кандырууга бир аял аздык кылат десе керек.

Үйлөнүү
Үйлөнүү — сезимталдыкты жөнгө салуунун жакшы каражаты. Арийне ал сүйүүнү жөнгө салууга эчкачан жакшы каражат болалбайт.

Дагы ошо жөнүндө
Жыйырмага чыкканда үйлөнүптүр да, ошол бойдон башка да бирөөнү сүйүп көрбөптүр. Кандай гана жийиркеничтүү!

Орус тилинен оодарган Алым ТОКТОМУШЕВ