БАЛЬЗАК Оноре де: Өз аялын ойнош кыла албаган эркек өзүнүн толук дараметсиздигин гана далилдейт

Аял менен эч ким дос болбойт, эгер анын көңүлдөшү боло алса.

* * *

Аялды башкара алган адам, мамлекетти да башкара алат.

* * *

Аныгында, кызганчаак эркек аялынан эмес, өзүнөн шектенет.

* * *

Аял башкага таандык эркекти багынтууну жакшы көрөт.

* * *

Аял басып жүргөнү менен эч нерсени кароого мүмкүнчүлүк бербей туруп, баарын көрсөтө алат.

* * *

Аял ымандай сырын ачкан күндө да, купуя калган нерсеси болот.

* * *

Аял өзүн көйгөйдөн арылткан эркекке таандык болушу керек.

* * *

Эркек эч бир утушка ээ болбосо, жоготууга дуушар болот. Аял эч нерсе жоготпосо, утушка ээ болот.

* * *

Аялдын акыркы сүйүүсү гана эркектин биринчи сүйүүсү менен тең келе алат.

* * *

Аял өз күйөөсүн шылдыңдап күлгүдөй болсо, андан ары аны сүйө албайт.

* * *

Моряк деңиздин ачык бетин кандай жакшы билсе, аял сүйгөн адамынын жүзүн так ошондой билет.

* * *

Болушу мүмкүн нерсенин негизинде мүмкүн болбой турган нерсени далилдөө, күн мурунтан сезгени менен ачык-айкын нерсени четке кагуу – аялзатына мүнөздүү.

* * *

Эркек бир гана аял менен дайыма бактылуу болууга кудуретсиз деп эсептөө – сандырак. Бул чебер музыкантка пьеса ойноо үчүн бир нече скрипка керек деп ырастаганына барабар.

* * *

Эч ким аялды жаштыгы же жетиктиги үчүн, өңүнүн сулуулугу же серттиги үчүн, акылдуулугу же аңкоолугу үчүн сүйбөйт. Жөн гана сүйүп калгандыктан сүйөт.

* * *

Өз аялын ойнош кыла албаган эркек өзүнүн толук дараметсиздигин гана далилдейт. Бир аялга ээлик кылуу менен бардык аялзатына ээ болууну билүү керек.

Которгон Жетиген АСАНБЕК