БУНИН Иван: Түн (аңгеме, которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ)

АҢГЕМЕ

Убакыттын кечтигине жараша караңгылык каптаган бакча көз алдымда көөшүп, бүт айлана кубулжуган шыңгырга коштоло кайдадыр тынымсыз агылып бараткансыйт. Мен жарлуу жээк менен узакка сейилдей басып жүрүп, балкондогу камыш орундукка келип жатып, аркы-беркини ойлонгуча ушул шыңгыр добуш азгырыктуу агымды тыңдоодомун.

Асмандын түнкү түпсүздүгүнө толтура илинген түркүн түстүү жылдыздардын ортосундагы өзү дагы жылдызга тололугунан агыш мунарыктанган Саманчынын жолу тегиз эмес кош түтүн сымал жарышып, жылдызсыз ээндигинен улам караңгылык баскан түштүк мейкиндигине эңилип турат. Мен отурган балкон айланасына майда шагыл төшөлгөн, бактары жапыс жана сейрек өскөн бакча жакты карайт. Андан ары кубарыңкы-агыш тарткан түнкү деңиз чагылышкан күзгү сымал жалтылдап көзгө толук ачыла көрүнүп турат. Ал уйку-соо, өлүм-өмүр ортосунда жаткансып кыймылсыз жана үнсүз. Жылдыздар да үн чыгара албай томсорушкансыйт. Жалгыз гана алиги түшүнүксүз түрдө түшкө киргенсиген жылаажындын шыңгырындай назик үн кирпик кагымга да үзүлбөстөн, бир калыпта сызыла чыгып, бул түнкү дүйнөнү бүтүндөй ээлеп алган.

Мен эмнени ойлоп отурам?

“Күн алдында эмне болуп жатса ошонун баарын акыл-эске салып аңдап көрүүгө чыгыныпмын. Бирок бул оор алектенүүнү Кудай адам баласына өзүн өзү азаптандыруусу үчүн бериптир… Кудай адамзатын акыл-эстүү кылып жараткан, бирок тилекке каршы, адамдар куулук-шумдукчул болуп кетишти, арам болуп алышты. Ошондуктан Екклезиаст аталык камкордук менен кеңеш берет: «Өтө эле чынчыл болбо жана ашыкча акылдуусунуп кетпе”. Бирок мен “акылдуусуна” берем. Өтө эле “акыйкатчылмын”.

Мен эмне жөнүндө ойлоном? Качан мен бул тууралуу ушинтип өзүмдөн сураганымда мурдагы ойлорумду эстегим келди. Аларды көңүлдөн өткөрүп, талдап келгенимде ойлонуум өз өмүрүмдөгү эң эле таңгалычтуу, акыл жеткис жана тагдыр чечер жөндөмүм экен.

Эмне жөнүндө ойлодум эле мен, көңүлүмдө канда көксөө кайнап турду эле? Айланадагылар жөнүндө кандайдыр ойлор менен машакаттануу (же ой сыяктуу бирдемелер менен) жана эмненидир эстеп калуу, көңүлгө сактап коюу менен ошол тегеректегилерди өзүңдө кармап калуу каалоосу… Дагы эмне? Анан ошол улуу тынчтануудан зор бакытты, улуу түндүн шайкештигин сезүү, алар менен катар эле кандайдыр кусалуу убайымды, өзүмчүлдүктү туюу. Кусалык каяктан? Өзүмдөгү тымызын сезимдерден улам гана жанга тынчтык таппай жүрөм. Ойлонбой коё албай турган жашыруун ойлорумдан өмүр бою азап чекчүдөймүн. Өзүмчүлдүк каяктан? Ошол бакытты кандайдыр пайдаланып калуу көксөөсүнөн улам, ал тургай алиги кусалык менен эңсөөнү кур кетирбей алардан бирдемени жаратуу үчүн… Бирок бул жерден дагы Екклезиаст минтип айланы кетирет: “Келечектеги күндөрдө баардыгы унутулат. Өтүп кеткен адамдар эч кандай эсте калбайт. Алардын сүйүүсү, жек көрүүсү, кызганычы эбак жоголгон. Анан күн алдында болуп жаткандардын эч нерсесине эми алардын эч кандай катыштыгы жок”.

Эмне жөнүндө ойлонуп жаттым эле? Бирок эмне жөнүндө ойлонуп жатканым маанилүү эмес. Маанилүүсү – бул ойлонууларым өзүмдөгү таптакыр эле акыл жетпес аракет экендигинде. Анан да акылга сыйбай турган маанилүүлүк ойлорум жөнүндөгү ойлорумдан улам жаралган “мен өзүмдүн жандүйнөмдө жана бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жаткандардын эч нерсесин түшүнө албастыгым”, ошол эле учурда бул жагдай боюнча өзүмдүн түшүнүксүздүгүмдү гана түшүнө алам. Бул түндүн кучагындагы, ушул мени арбап алган кубулжуган шылдыроонун башкаруусундагы өзүмдү жоготуп койгонумду, өлүү экени же тирүү экенин туйдурбаган, маанисиздиги билинбеген, эң керектүүнү жана жүрөккө сакталганды айтып турган. Бул өзүмө ээ-жаа бербеген ойлорум жөнүндөгү ойлонуум жана өзүмдү өзүм түшүнбөстүгүмдү аңдоом — өзүмдөн жүз эсе зор күчкө тиешелүү экенимдин эч бир тана алгыс далили. Анда демек, менин өлбөстүгүмдү тастыктаган өзүмө тиешелүү касиеттерден башка дагы кандайдыр бирдеме жашайт, ажыратылбас өзөк сымал Кудайдын бир бөлүгү бар.

Ооба ошондой, бирок эч кандай көрүнүшү, көлөмү жок, мезгилди да, мейкиндикти да билбеген ошол бөлүкчө менин өлүмүм болуп саналат. Аңдай алсаңар анда Кудай сыяктуу боло аласыңар. Бирок “Кудай асманда, биз жердебиз”. Жер үчүн, жер тирдиги үчүн калыпка салынып, мыйзамдары менен жашап, аларды аңдап билип жүрүп жаздым болобуз. Кудай чексиз, бүтпөс, баардык жерде бар, аты жок. Бирок Кудайдын бул улуу касиеттери мен үчүн абдан коркунучтуу. Анткени алардын баары менин ичимде өсө берсе, мен адамзаттын тирдиги үчүн, ушул жердин “болумушу” жана “жасалышы” үчүн курман болом…

Бакчадагы майда бактар кыймылсыз түрдө карайып турат. Алардын ортосундагы майда шагыл ого бетер түнөрүп, гүл тилкесиндеги гүлдөр кубарып, андан аркы деңиздин үңүрөйгөн караңгылыгы Саманчынын жолу агара жабылган чексиз асман мейкиндигине көтөрүлүп барып такалат. Бул чексиздикте күзгү сымал чагылышуу бар; бирок асман мейкиндиги түнөрүңкү, коркунучтуу; бул Юпитерден улам жана түштүк асман мейкиндигинде дээрлик жылдыздардын жоктугуна байланыштуу. Алтын түстүү Юпитер балбылдай чоң жанып, Саманчынын жолунун аягында менменсине бийлик кыла күйүп турат. Мындан улам балкондогу жазма үстөлү менен отургучтардын көлөкөсү билинер билинбес боло көрүнүүдө. Ал башка бир дүйнөнүн кичинекей айы сыяктанат, анан анын жаркырагы алтындалган түркүк сымал деңизден башталып, чексиз мейкиндикке көтөрүлүп турат. Бирок кадимки жарыкка салыштырып ага карама каршы коё келгенде, мейкиндикке бой керген бул ажайып көрүнүш көккө көтөрүлгөн түнөрүңкү дөбөгө окшошуп кетет.

Мындан улам үнсүз асманды, жерди жана деңизди толтурган, миң сан булактардын куюлушкан шылдырына окшогон алиги эч тынбаган жылаажындай шыңгыр, кандайдыр айлана тегерене өскөн, жарыктары көргөн көздү таңдандырган жарык менен айкалышып турат… Бир гана адам баласы өзүнүн сүрүп жаткан өмүрүнө таңгалат, ал тууралуу ойлонот. Бул өзү жөнүндө ойлонбоонун бейишинде көөшүгөн башка жандуулардан эң негизги айырмачылыгы. Бирок адамдар да бири-биринен ошол таңгалуунун турган тепкичи жана деңгээли боюнча айырмаланышат. Эмнеге Кудай мени ушу таңгалуунун тагдыр чечер өзгөчөлүгү менен сыйлады, бул “акылдуусунуу” өтө эле кыйчалыштык кылып, эмнеге баардыгы көңүлүмдө тынымсыз өсүп келе жатат?

Анан дагы өздөрүнүн сүйүү ырына түн коюнун толтуруп чырылдаган талаанын миң сандаган саратандары да акылдуусунуп жатышабы? Алар бейиштеги жашоонун магдыраткан түшүн көрүп жатышса, мен эбак ойгонуп, сергек сезимдин ээлигиндемин. Дүйнө алардын ичинде, аалам толо алар, мен болсо булардын сырттан байкоо сала карап тургансыймын. “Майрамдагыдай шаңыраңдап отурган өз жүрөгүн жеп коёт. Ким шамалды байкап турса, ал үрөөн сеппейт…” Мен тыңшап, ойлуу отурам. Ушундан улам эч соолбой, улуу бир баш ийүүчүлүк, ойлонбостук менен кандайдыр түпсүз Лоного[1] куюп жаткан шыңгыр добуштуу булактардын сыйкырына арбалган мен бул түнкү жымжырттыкта жападан жалгызмын.

Улуу рухтун падыша капкасынын алдындагы ыйык жандын белгиси катары  коюлган чырак сымалданган Юпитер жылдызынын жаркыроосу асман жердин ортосундагы кеңири мейкиндикти жана түндүн улуу кечилканасын бүлбүл жарыктандырууда. Мен ошол кечилканада жалгыз отуруп сергек ой жүгүртүүдөмүн. Күндүн өзү бөлүштүрүлгөн убакыттын бир бөлүгү, эрксиздик сааты. Ал мезгил мейкиндигинде жолоочу сыяктуу. Күн жерге болгон милдетин аткарууда, жер тирлигине кызмат кылууда. Анан күндүн мыйзамы буйрук кылат: түйшүгүң менен күйпөлөктөп жүрө бер, аны өзүңдү өзүң тааныш үчүн жана ордуңду таап, максатыңдын аткарылышы үчүн пайдаланба. Анткени сен турмушуңдун кулусуң, анда сага атайын милдет чегерилген, наам берилген, ысым ыйгарылган. Ал эми түн деген эмне? “Акыл калчоосу” жетишпесе да адам анын алдында сергек сезим менен туруусу керекпи?

Тыюу салынган мөмөдөн жебегиле деген насаат калтырылган. Андыктан бул өзүн өзү унуткарып обон созуп жаткан ырчыларды каалашыңча уга бер. Алар тыюу салынган мөмөдөн жешпеген, жешпейт дагы! Ал эми башкаларчы? Алардын эмгекчилдигин канча мактабагын Екклезиас сыяктуулар өз акылмандыктары менен өкүм чыгарып койгонбу? Чын эле алар минтип айтышпады беле: “Бүт баардыгы убаракерчилик, ал канчалык эмгектенбесин анысынан эч пайда жок!” Бирок алар чоң көралбастык менен мындай деп кошумчалашпады беле: “Иштермандын уйкусу таттуу! Адамга өзү сүйгөн иши менен алектенгенден өтөр ыракат жок, анын шаңдануу менен иштеп тапкан нанын жеп, өз колу менен өстүргөн жүзүмүнүн шарабын ичкенинен жаралган кубанычына эч нерсе жетпейт”.

Түн деген эмне?

Анда мезгил менен мейкиндиктин кулдарына кандайдыр бир мөөнөткө эркиндик берилет, тагдырына жазылган, дайындалган милдети жонунан алынып салынат, жердик аты, наамы алынат. Эгер ал уктабай жатса майнапсыз “акылдуусунат”, бирдемени түшүнүүгө пайдасыз түрдө умтулат. Демек, түшүнбөстүк өтө эле терең. Ал дүйнөнү түшүнбөйт, өзүн дагы, айлана чөйрөсүндөгүлөрдү да түшүнбөйт, өз башаты менен бүтүүсүн да билбейт. Менде төрөлүү менен өлүү деген жок. Бирок өзүмдүн канча жашта экенимди билем. Анткени мага кайсы бир жылдын кайсы бир күнүндө, ал тургай кайсы саатында төрөлгөнүмдү айтышкан. Болбосо өз туулган күнүмдү билмек тургай, буга жараша канча жашта экенимди, ал тургай төрөлүүм себеп болуп бул жалганда жашап жүргөнүмдү билмек эмесмин. Төрөлүү! Бул эмне? Менин төрөлүүм, дегеле башталышым эмес. Менин башталышым (акылым жетпей турган) ошол ата-энемдин айкалышкан биримдигинде, чоң атамдын, дегеле бүткүл бабаларымдын өмүр жашоолорунда. Мен төрөлгөнүмө чейин эле алар тарабынан жаратылганмын. Анткени бабаларым башка заманда, бөлөк түзүлүштөрдө жашашса да дал эле мен сыяктуу бул дүйнөгө жаралышкан, ошондо мендеги азыркы жүрүп турган кан аларда да жүгүргөн.

“Качандыр сансыз жылдар мурда улак болгонум эсимде”. Мен өзүм дагы мындай коркунучтуу сезимдерге кабылгам (так эле ошол улак болгонун айткан кишинин жергесинде, Индистанда), ошол бейиштегидей жылуу жерде качандыр жашаганымды туйгам. Бул эмне, өзүмдү өзүм алдообу? Өзүмдү өзүм ишендирүүбү? Бирок түпкү ата-бабаларымдын кимдир бирөөсү дал ошол Индистандын чер токойлорунда жашашы толук мүмкүн турбайбы. Кантип анан алар канча бир жолу өз тукумдарына (акыры мага дагы), дээрлик ушу меники сыяктуу эле кулак, ээк, көз, каш, баш сыяктуу дене мүчөлөрүн берип келишип анан Индистанга байланышкан жука чырайлуу кара торусунан келген өң келбетти мага кантип өткөрүп бере алышпасын? Азыр мага эң бир коркунучтуу жыландар менен жөргөмүштөрдү жеш “акылсыздык”, башкача айтканда акылга баш ийбестен иш кылуу болуп саналат. Анткен менен бул эзелки бир өткөн жашоого болгон кандайдыр туюм эмеспи? Мисалы, дайыма эбегейсиз чоң кобрага жем болуудан, уулуу чаян, кара курттун чагуусунан коркуп жүргөн ата-бабаларымдан кан аркылуу мага өткөн коркунучтуу сезимдир бул. Менин ата-бабаларымдын кимдир бирөөсү Индистанда өмүр сүргөнбү? Андай болсо кокос жемишин берген пальмалуу токойлорду же тынч океандын кумдуу жээктерин көргөндө, болбосо кара күрөң жылаңач денелерин күнгө жалтыраткан ал жактын жашоочуларын караганымда, качандыр бир ушулар сыяктуу жашаган ата-бабаларым сезген  кандайдыр сезимдерди мен эмне үчүн туя алган жокмун?

Бирок менин бүтүүм да жок. Төрөлүүмдү туймак тургай түшүнбөгөнүмдөй эле өзүмдүн өлүүмдү сезбейм, аны биртке болсо да элестете албайм, бул тууралуу билимим жок, ал тургай аны ойлогондо сезимим сенек. Эч жандык жашабаган ээн аралда жаралсам деле өлүм тууралуу ушундай түшүнүктө болмоктурмун.

Өмүр бою өлүм коркунучунун алдында жашап келатсам дагы, өзүмдүн жер үстүндөгү бул жашоом эч качан бүтпөчүдөй, өлбөчүдөй сезем. Өлүм! Бирок адам ар бир жети жыл сайын төрөлүп, өлүп турат. Башкача айтканда билинбестен өлөт дагы, байкалбастан төрөлөт. Демек, дагы бир нече ирет жан кыйып кайра жаралдым (башкача айтканда өлөрүм менен кайра төрөлдүм). Өлүп да, жашап да жаттым. Бул кубулуш көп ирет кайталанып, ошону менен бирге буга кошумча өзүмдүн өткөнүм азыркы жашоомо кошул-ташыл болуп турат. Башталыш жана аяктоо. Бирок менин мезгил менен мейкиндикти элестетүүм солкулдак көпүрөдөй коркунучтуу. Анан муну мен жыл өткөн сайын айкын сезмек тургай буга көзүм жетип барат. Бул жагынан мени башкалардан бөлүп коюшкандай. Өмүр бою өз жөндөмүмдүн алсыздыгын, жетишсиздигин сезип келатсам дагы башкаларга салышырмалуу кадимки катардагы жөнөкөй адам эмес экенимди билем. Мына дал ушундан улам менин мезгил жана мейкиндикти сезүүм кыяматтын эки кырына илинген кыл көпүрө сыяктуу коркунучтуу. Бул эмине деген жан түркүмү, эмине деген киши сөрөйлүк?

Акын жана сүрөтчү аталгандардын пенделиктерин сурап атам. Алар эмнеге ээ болуулары керек? Жөндөмдүүлүгүң өз учурунда эле күчтүү сезилбестен, башка кездерде, чоочун жашоолордо, өткөндөрдө, өзүңдүн гана өлкөңдө же урууңда эле эмес, башка улуттарга, чоочун жактарга, бөтөн өлкөлөрдө дагы байкалып туруусу керек. Башкача айтканда жаңы түргө, өлбөстүккө өтүп, кеменгер жөндөмдүүлүккө ээ болуш үчүн өзгөчө жандуу, башкача түрдөгү Эс тутумга ээ болуу зарыл.

Ал эми дал ушундай адамдардын бири болуш үчүн өзгөчө касиетке ээ болуу зарыл, бул үчүн ата-тегиңдин чынжырлана уланып келаткан санжырасындагы кайсы бир бабаңдын жөндөмүн, сезимталдыгын тартып, түпкү туюмун алып, анын кан аркылуу сага келген мындай тартууларын жаңы ойлор менен толуктооң керек, бай тажрыйбасын өздөштүрүүң абзел. Мындай адам эң азапчыл же абдан бактылуубу? Ал суралгандын экөөнө тең татыктуу. Капталган каргышына, алкалган бактысына жараша мындай адамда МЕН деген сезим абдан күчтүү, анан ӨЗҮН өзгөчө бир ооз толтуруп чоңойто айтууну каалаган (турмушта көптү көрүп, андан топтогон чоң тажрыйбасынын күчүнө салат) ал бул чоң көксөөсүн кандырыш үчүн албан иштерге умтулат. Ааламдык ойлорго чарпылат. Мына Будда, Сулайман, Толстой… Гориллалар жаштыгында, ал тургай эс тарткандарында өз кара күчтөрү менен коркунучтуу болушкан, дүйнө таанымдарында чеги жок сезимталдык кылышкан, өз дене кумарларын кандырыш үчүн аёосуздукка барышкан, түз жасаган аракеттери менен айырмаланышкан, ал эми булар карыгандарында чечкинсиз болуп калышкан, ойлуу тартышкан, Асанкайгычыл жана боорукер болуп чыгышкан… Будда, Сулайман, Толстойдогу бул окшоштуктар таңгалычтуу! Дегеле булар сыяктуу ыйыктар менен кеменгерлердин сырткы кебетеси боюнча, кылган жоруктарынан да кадимки маймылдардын алпы гориллаларга салыштырчулары канча дейсиң!

Толстойдун кашынын үстүндөгү иймекти, Будданын эңгезердей боюн жана башындагы томпокту баары  билишет (качан чагылган менен келген периштелер Мухаммедге “жердин жана анын түпсүздүктөрүнүн сырын ачып” жана “жаңдоо менен” ээрчитип, мезгил менен мейкиндиктердин мыйзамдарынан сырт, “асман жерди аралаштыра тынымсыз түрдө канат шилтей учуруп” Мединадан Иерусалимдеги Мориа Ташына алып келгендеги Мухамеддин эстен танган, бирок баарын эстеп калган абалы). Баардык Сулаймандар менен Буддалар чоң сугалактык менен дүйнөнү кабыл алышып, андан соң анын азгырыктарын чоң бир жигер менен жек көрүшөт. Алардын баары улуу күнөөкөрлөр, андан соң күнөөлөрдүн чоң душмандары, башында алар укмуш өзүмчүл болушкан, андан соң өз мүлкүн ысырапкорчулук менен чачышкан. Алардын баары Майянын тойбос кулдары. Мына ал жылаажын үнү менен арбап алган кадимки Майя, уккун аны, ук! Баардыгы жылдан жылга өсүп бараткан Тириликти сезүүдөн жана андагы качып кутула алгыс жок болууга жараша айырмаланышат…

Абанын акырын жылып желге айлануусунан бакчадагы гүлдөр менен деңиз серүүнү капысынан мен жаткан балконго жетти. Анан бир канча ирмемден соң үргүлөгөн деңиздин акырын чыккан үшкүрүгүндөй болуп уйкулуу толкундун шобурту төмөндөгү жээкке тийгенсиди. Бактылуу тарта үргүлөгөн, баардыгына баш ийген тейде ойго баткан, эч нерсени сезбей өлүп бара жаткансыган дүнүйө!.. Кайрадан деңиз аркылуу жүрүп келген толкун жээк аймап, кумду көгүш жылтырланта жарыктантып алып, ошондой эле жыбылжый чагылышып, өзүнүн бешиги менен көрүн карай кайра тартты.

Делөөрүгөн деми чектен ашкансыган зор жашоо айланада кубулжуй да, жыбылжый да обон созууда. Дале болсо асман айдыңында абдан дараметтүү, анан дагы баардыгынан кудуреттүүсүнө тарткан Юпитер эритилген алтын сымал куюлушкан нурун деңиз бетине жылтылдата төгүп жатат…

Эмне менин башталышым да, аякташым да жокпу, баардык жерде эмесминби? Мына ондогон жылдар мени наристе кезим менен балалыгымдан бөлүп турат. Түбү жок өтүмүш! Бирок бираз ойлоно баштасам эле мезгил артка чегине баштайт. Мындай бир укмуштай кереметти көп ирет сезгем. Мына качанкы бир эселек бала кезимде ойноп жүргөн талаама кайтып барып, айланама көз жүгүртө берип, узак жана көп жылдар сүргөн өмүрүм чындап жок экенин сездим. Бул эч кандай эскерүү эмес, жок, мен жөн гана кайрадан мурдагымын, так эле өткөн балалыгымдагыдаймын. Ошондогудай эле бул талаага баёо мамиле кылам, анын таза абасынан жутуп, мынабул орус асманына балача суктанам, андагыдай эле бүт дүйнөнү кирсиз таза кабыл алып, ушул элет жерин эселек энөө түрүм менен карап турам. Ушундай ирмемдерде мындай деп ойлончу элем: бул жерде качандыр бир жашап өткөн ар бир ирмемимдеги издеримди эсепсиз санда жана тымызын түрдө бул жердин супарасына жана көкүрөгүмдөгү өздүк Мениме өзгөлөргө байкалтпастан калтырып кеткем. Мына эми алардын кай бирлери капысынан жанданып, жандүйнөмдө, көз элесимде пайда болду. Бирок бир ирмем өтсө алар кайрадан өзүмдүн кандайдыр караңгы жагыма кирип жок болуп кетишет.

Ошентсе да мейли, алардын бар экенине шүгүр. “Эч нерсе өлбөйт, бир гана сырткы көрүнүштөр өзгөрүп кетет”. Бирок балким, ошол көрүнүшкө да айланбаган бирдеме бардыр, алар бүткүл өмүрүм турмак миң жылдар бою өзгөрүлбөс болуп жүрбөсүн? Көп сандаган андай менин деним менен жандүйнөмдөгү издерди ата-бабаларым калтырган. Азыр ар кандай өнөрлөргө шыктуулар, таланттар, генийлер бар. Алар эмне, ошол өтүп кеткен улуу жөндөмү бар адамдардын мураскорлору эмеспи, бабалар калтырган рухий байлыктарды өзүбүзгө энчилеп жашап келаткан жокпузбу? Башка сезимталдык менен карасак кимдир-бирөө тарабынан тутандырылган Күн нурунун алдында ошол улуу ата-бабаларыбыз сезгенди сезип, көргөндү көрүп, алардын баскан издери менен келаткан жокпузбу?

Жакында таң атып келатканда капысынан ойгонуп кетип, жөндөн жөн жатып эле өзүмдүн өткөн жылдарым тууралуу ойго сүңгүдүм. Качандыр бир кырк-элүү жаштардагы адамдар мага бир башкача көрүнчү, өзгөчө өңдөнчү, тагырак айтканда, алар тимеле коркунучтуу жандыктай сезилчү. Мына ушинтип эми мен да дал ошол сүрдүү жаныбарга айландым. Анан кандай болуп кетти, мен деги ким элем, ким болдум, эмне деген жанга айландым деп өзүмдөн өзүм сурадым. Анан өз эркимди кичине күчкө салуу менен өзүмө өзүм чоочун көзкараш менен карап алып (ушундай жөндөмүбүз бары кандай сонун), мен албетте, өзүмдүн мурдагы, мындан он-жыйырма жылдагыдай эле экенимди жандуу сезим менен даана туйдум. Анан шам жагып өзүмдү күзгүдөн карадым: ооба, кургагыма тартыпмын, бырыштарым дааналана түшүптүр, чачтарымдын арасы кыроолоно баштаптыр, көзүмдүн нуру биртоп өчө түшкөндөй…

Бирок мындан эмне болуп кетти? Мен бир башкача жеңилдик менен өйдө туруп, түнкү тынчтыкта тунжурап турган, бирок жаңыдан жарыктанып, акырындан төрөлүп келаткан жаңы күнгө кучак жайган, көкүрөгүмдөгү куса менен караңгылыкты түшүнүү менен кабыл алгансыган башка бөлмөлөрүмдү араладым. Таң алдындагы өзгөчө жымжырттык дале болсо адамдардын шаар аталган уясына ээлик кылып туруптур. Үнсүз жана кандайдыр башкача бир күндүзгүгө окшобогон ырайында, өзүнүн көп сандагы, буга жараша ар түрдүү сыяктуу, ошол эле учурда жардамсыз, акыл-эссиз уйкуга бирдей берилген тургундарын жашырган арбын терезелүү үйлөр бет алдымда турушту. Үн катпай тунжурап (али бош жана таза), түссүз ымырттыкка чулганса да көчөлөрдө жаздын жашыл оттору жалжылдай күйүп турушту. Анан капысынан эле кайрадан өзүм өмүр бою туюп келаткан айтып бүткүс сезимдерге чулгандым.

Качан ушинтип таң алдында туруп алганымда балалык баёо туюм менен улуу бакыттын даамын сезем, жаным жай алган ишенимде жашоонун жакшы жактарын көрөм, такыр эле башка сезим менен кандайдыр жаңы, көркөм, боорукер дүйнөгө кезиккенсийм, мындан улам бул жер жүзүндө өзүм менен кошо жашап жаткандардан жакындыкты, бир туугандыкты, биримдикти туямын. Мен ушундай ирмемдерде түндөсү Рим жоокерлеринен коркуп Ыйсаны сатып жиберип, анан таң атканда ушундай бир жаңы, күчтүү жана жароокер сезим менен өзүнүн ага болгон сүйүүсүнүн күчүн туйган апостол Петрдын көз жашы кылганын абдан жакшы түшүнөм. Мен ошол Элеондун зайтун багындагы Евангелия таңын өз башымдан өткөрүп жаткансып кайрадан жашадым, Петрдын ошондогу баардыгынан баш тартуусун жакшылып түшүндүм. Убакыт жоголуп кетти. Мен бүткүл жан-деним менен сезип турдум: ах, андан берки эки миң жыл кандай гана болбогон мезгил! Мына мен жарым кылым жашадым. Ушул мезгилди кырк эсеге көбөйтсөк ыйык Ыйсанын, апостолдордун, “байыркы” Иудейлердин, “байыркы” адамзатынын заманы келет. Өзүнүн уйкусуз ыйлап өткөргөн түнүнөн кийин башка адам болуп жаралган, өңү да өзгөчө кубарып өзгөрө түшкөн Петр көргөн ошол күн мына-мына уясынан чыгып үстүмө көтөрүлгөнү турат. Качандыр бир Петрды Гефсиманияда чулгап алып эбеденин эзилткен сезим менин да көңүлүмдү бошотуп, андагы Петрдын от боюнда отурганда ушундай бир таттуу жана жан кейите төгүлгөн ошол көз жашы азыр да көзүмөн куюлганы турат.

Эми менин заманым кайда да ошол учур каякта? Мен каяктамын, Петр кай мезгил менен кай жерде? Бир гана ирмемге ал экөөбүз бириксек дагы, каякта өмүр бою бекемдегим келген, башкалардан бөлүп көрсөтүүнү ушунчалык кумарлануу менен каалаган өзүмдүн Меним? Жок, менин Петрдын, Ыйсанын, Тивериянын заманында жашабай, жыйырманчы кылым деген мезгилдик аты бар ушул убакта өмүр сүргөнүм түккө турбайт, эч нерсеге татыбайт! Анан менин алыскы жана чоочун жашоолорду элестетүү менен жашаганым, дайыма жана баардык жерде өмүр сүргөндөй сезимде жүргөнүмчү!

А менин аныктыгым менен элестетүүмдүн жана күмөнсүз түрдөгү өз чындыгы бар, өзөгүндө өзүм да аңдабас бирдеме катылган сезимдеримдин чектери каякта? Өмүр бою аң-сезим менен да, аңдабай туруп деле мейкиндиктерди басып багындырып келем, мезгилдерди өлтүрүп, калыптарды бузуп келем. Жашоого болгон эңсөө, көксөөм, суусоом канбайт, жан-деним чарчабайт. Анан өзүмдүн азыркым менен эмес, миң сандаган башкалардын, чоочундардын өмүрүн кошо сүрүп келем, замандаштарым менен гана эмес, мезгилдердин туманына сиңгендер менен, кылымдардын артында калгандар менен бирге жашап жүрөм. Эмне үчүн? Ушул жолдо өзүмдү өзүм жаздым кылыш үчүнбү же тетирисинче өзүмдү бекемдеп, жандүйнөмдү байытуу менен адамдыгымды күчтөнтүш үчүнбү? Адамдардын эки түрү болот.

Бирөөсүндө көптүк түрдөгү өз адамдары, бөлүнгөн учурлары, тиричилик курулуштары, пенделик ташпиштери жана башка иштери болот, буга жараша аларда дээрлик түрдө өткөн чак болбойт, ата-бабаларсыз, тамыр түпсүз болушат. Алар Индия кеменгерлиги тастыктаган Чынжырдын ишенимдүү бир бөлүгү болушат жана ушул Чынжырдын башталышы менен бүтүшүнөн ары карай түбү жок коркунучтуу кургуй экени менен иштери болбойт. Ал эми адамдардын экинчи түрүн биринчисиникине салыштырсак аларда окшоштуктар аз, тетирисинче, булар эч нерсе кылбоочулар гана эмес курулганды бузуучулар, чогултканды бүлүндүрүүчүлөр, куруу менен жасоонун пайдасыздыгын билип калган, сырттан караган ойчулдар жана кыялкеч жандар, өзүнө өзү жана дүйнөгө таңгала караган, “акылдуусунган” адамдар. Булар тымызын түрдө “Чынжырдан чык!” деген чакырыкка оң жоопту берүүгө даяр болуп калышкандар. Бир бүтүндүккө эрип аралашып жоголуп кетүүгө кайылдар, ушуну менен бирге өзүнүн ким экенин билбей, дүйнөнүн эмне экенин аңдай албай абдан катуу азаптангандар, өздөрү менен кайсы бир кезде бирге болгондорду эстеп кусалангандар, өзгөчө өзүнүн бул улуу мезгил ичинде бир ирмемчелик экенин, ушул опсуз аалам кучагында бир бүдүр тарууга татыбастыгын тааныгандар эле. Булар Чынжырдын чексиз жактарында калган өзүнөн мурунку сансыз жандардан көптү өткөрүп алгандыгынан улам кабыл алуу сезимдери абдан күчтүү адамдар, ал тургай ошол бейиштеги ата-бабаларын жаңы жана күчтүү кылып өз жан-денинде кайра жараткан (бир эле жолу эмес) асыл жандар. Анан дагы бул адамдар өз жандүйнөлөрүндө жашоону бейиш катары кабыл алышкандары менен бейиш буйрулбагандар. Ушундан улам алардын жандүйнөлөрүнүн улуу бөлүнүүсү келип чыгат: Чынжырдан чыгып кетүүнүн тозогу, андан ажыроонун азабы, анын пайдасыздыгын аңдоо жана өтө эле коркунучтуу түрдөгү андан көңүл калуусу.

Анан мындайга кабылган ар бир адам толук акылуу түрдө байыркылардын онтоп айткандарын кайталоого укуктуу: “Түбөлүктүүлүктүн жана Кудуреттүүлүктүн Эгеси!  Сен эч качан Каалоо менен Көксөөнү билген эмессиң. Сен тынчтыкты сүйчүсүң жана анда жүрчүсүң, бирок Өзүң аны буздуң: Сен биригүүнүн чексиз Чынжырын жаратып, аны Өзүң жетеледиң, Сенсиз баардыгы денесиз болушмак, баардыгы жанды магдыраткан Башатка жакындашмак. Азыр сенин чакырыгың кулагыма улам катуулап угулууда: “Чынжырдан чыккының! Чыкканда да изсиз, мурассыз, мураскорсуз чыккын! Ушундайбы, Кудуретим эми сени уга баштадым. Бирок мага дале Тирдиктин алдамчы жана арты ачуу таттуулугунан ажыроо кыйынга турууда. Дале болсо мени сенин башталышың менен бүтүшүң сестентүүдө…”  Ооба, эгер бул алдамчы жана баары бир эле айтып бүткүстөй таттуу “тирдикте” денесиз калсам, сөз жүзүндө болсо дагы, анын мага кандай кереги бар? Мындан миңдеген жылдар мурда жашап өткөн өмүрүмдө мен бир калыпта шарпылдаган деңиз шоокуму тууралуу шашылбай айтып берчүмүн, төбөдөгү асмандын көөнөрбөс көктүгү, алыскы булуттардын ак жубардай тазалыгы, көркөмдүгү мага кубанычтуу да, кайгылуу да экенин, ошондой эле аялзатынын көркөм мүчөсү өзүнүн кол жеткистиги менен мени азапка саларын айтып ырдачумун.

Азыр деле ошол кишимин. Ким мени адамдарды катуу таасирлентчү, таңгалдырчу, бакыт менен кайгыны туюнтчу ой-сезимдеримди, элестетүүлөрүмдү жөн эле эмес дал өзүндөй кылып, ал тургай көркөмдөп, жигерденген күч менен эч чарчабастан айтып берүүгө милдеттендирди? Өзүмдөгү өзгөчөлүктөр менен башкаларды таасирлентүү каалоосу, көкөйүмдөгү көйгөйлөрдү башкалар менен бөлүшкүнү келтирген көксөө жана өзүмдү өзүм жубатуу, көңүл айтуу, жалгыздап бөлүнүү же тескерисинче, башкалар менен биригишип кетүү сезимдери жандүйнөмө ким тарабынан, кандай максатта салынган? Наристе кезимен бери бул “өзүмчүлдүгүмдүн” эч нерсесин сезбейм, ойлонбойм, көрбөйм, укпайм, жытын да албаймын, буга жараша байып кетүүнү, бул боюнча өзүмдү көрсөтүүнү көксөбөй жашаймын. Атак-даңкка тырышып жетип, анан ошол топтолгон кадыр-баркты оңго-солго чачып жашоону каалабайм, өзүм сыяктуу миллиондордон бөлүнүп көрүнүүнү, башкалардын көралбастык ич күйдүлүгүнө, суктануусуна татыктуу болуу менен көрүнүктүү болуп түбөлүк жашагым келбейт.

Ар бир адамдын көңүл түпкүрүндө жогору жактан түбөлүктүү жашоо боюнча убадаланган эс тутум бар. Анан ошол убада тууралуу тымызын кыялданбаган жер үстүндө бир дагы жан жок. А менин жанымчы? Ал жанагыл кыялдын айынан кандай гана чарчады дейсиң! Кандайча? Эмне үчүн? Бул кыял өз доорумду сүрүп бүткөнүмчө, сезимдеримди, көргөн-билгендеримди, каалоолорумду иреттегиче, акыры өмүр аттуу өз мөөнөтүмдү өтөп бүткөнүмчө сөзсүз келчү өлүм аталган кубулушту жеңүү үчүн далбастатпай жайыма койсо болмок. Ошентсе да бул тагдырымдын аягына ишенбеймин, ишенгим да келбейт! Бүткүл жан-деним менен үнсүз-сөзсүз чарчабастан минтип кыйкырып жатам: “Токтогун Күн!” Кыйкырыгымдан ушундай бир кумар байкалууда. Анткени табиятыман куруучу эмесмин, тескерисинче, өзүмдү жеп курутуучумун. Мындан башкача болалбаймын. Мага ушундай тагдыр буйрулган соң, мезгилди, мейкиндикти, калыпка салууларды, өз башатымды да бүтүшүмдү билбегенимден кийин Бирбүтүндүк мени желесине түшүргөн жөргөмүштөй болуп, кайрадан өзүн карай тартып кете бермекчи.

Ал эми чегирткелер чырылдагандын үстүндө чырылдоодо. Аларга да ушул Бирбүтүндүк тагдыры буйрулганы менен ырлары жагымдуу. Бир гана мен үчүн бул ыр кайгылуу сезилүүдө, бейиштеги толук калыптанган ойсуздук, жанды магдыратып баардыгын унуттурган жыргал жаныма жайсыз туюлууда! Юпитер жетер бийиктигине чейин көтөрүлдү. Түн болсо жетер үнсүздүгүнө чейин тунжурады, көз алдыда көөшүгөн кыймылсыздыгы көңүл кусалантып, болушунча сулуулугу менен улуулугуна көөлгүй тарта көтөрүлдү.

“Түн түнгө билимин берет”. Кандай? Мына ушул кез анын эң жогорку чегине жеткениби? Ансыз да жылдызга толо асмандын түпсүз-чексиз ибадатканасына көптөгөн чоң жана көркөм таңкы жылдыздар көз жарып, мурункудан дагы падышача менменсинген, баатырча сүрдүү тарткан абалына келди. Мына эми алтын түстүү саманчынын жолу бийигинен бой таштаган буу сымал уйку соодо көөлгүй көөшүп жаткан деңизди карай эңилип барат. Анан бул түштүктүн таманына агыш шагыл төшөлгөн жупуну бакчасындагы майда бактар ого бетер жапырая түшүп, кыймылсыз карая катышкансыйт. Ага жараша бир ирмемчелик да басылбаган шыңгыр добуш үнсүз-сөзсүз тунжураган асман-жерди, деңизди, бүт айлананы толтуруп, дагы да болсо бул көрүнүш кандайдыр бир керемет кебетеде өсүп келе жаткан хрусталь желекчелүү гүлдөргө окшоп кетти…

Бул шыңгыраган үнсүздүк акыры эмнеге жеткирет? Бирок мына кайрадан баягы улутунуу сыяктанып, жашоонун үшкүрүгү сымалданып жээкке келип урунган толкундун шоокумунан жан сергитчүдөй салкын илептен деңиздин таза демин, гүлдөрдүн жытын сездим. Анан чындап эле ойгоно баштадым. Мен айланага көз жүгүртүп алып ордуман турдум. Балкондон чуркап түшүп, майда шагылды шытырата басып, бак аркылуу өткөн соң, кашат ылдый жүгүрүп жумшак кумдуу деңиз жээгине жетип, так суунун четине чөгөлөй отуруп, бир заматта жашоонун жарык нуруна чагылышкан миң сан тамчылардан турган, өмүрдүн жаны, жандуулардын каны болгон сууга кандайдыр канааттануу менен колумду малдым…

Жок, азырынча мөөнөтүм аяктай элек. Баардык акылдуусунгандарымдан жогору турган бирдеме бар. Дагы деле болсо аял денинин азгырыгы сымал мени бул түнкү суунун көрүнүшү арбап турат…

Оо Кудурет мени жайыма койчу!..

Деңиз жээгиндеги Альпы. 17 сентябрь, 1925-жыл.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] Түз маанисинде эненин курсагын, карынын билдирет. Кыйыр маанисинде баш калка, таяныч, арка, кимдир бирөөдөн калканч алууну, жаратылыштын койнундагы жанжыргалды  туюндурат. Бул жерде автор табияттын кучагындагы адамдын көөлгүп эриген сезимдерин билдиргиси келгендей.