БУНИН Иван: Жеңил дем (аңгеме, которгон Назгүл ОСМОНОВА)

АҢГЕМЕ

Көрүстөндөгү жакында гана кырдалган үймө топурактын үстүндө эменден жасалган бекем жана оор, жылмакай келген жаңы крест турат.

Апрелдин бүркөө күндөрү кенен үйөздүк көрүстөндүн эстеликтери тээ алыстан эле жылаңач дарактардын арасынан көрүнөт, муздак шамал кресттин түбүндөгү ак чопо гүлчамбарга тийип шыңгырайт.

Крестке чоңурак ак чоподон жасалган моюн тумар тагылган, ал эми тумардын ичинде болсо ойноктогон кубанычтуу көздөрү бар гимназиянын окуучу кызынын сүрөтү.

Бул Оля Мещерская.

Секелек чагында ал гимназиянын күрөң көйнөгүн кийген окуучу кыздар тобунда алардан айырмаланбай эле жүрчү: ал тууралуу анын татынакай, байгер турмушта жашаган бактылуу кыздардан экени, бирок абдан шоктугу жана класс жетекчи айымдын кызга айткан насааттарына такыр көңүл бурбай тургандыгынан башка эмнелерди айтсак болот? Андан кийин кыз күн санап эмес, саат санап ажарына чыга баштады. Он төрт жашында ичке белдүү, келишимдүү буттары бар периштеге айланып, көкүрөгү көөдөн тиреп, адам баласы сөз менен али айта элек сыйкырдуу келбети көзгө уруна баштады; он бешинде сулуу кыз атагына ээ болду. Анын айрым курбулары тыкандык менен чачтарын тарашып, дене бойлорун таза кармап, кыймыл-аракеттерине канчалык көз салышпады дейсиң!

А ал болсо эчтемкеден, атүгүл бармактарындагы сыянын тагынан да, албырган жүзүнөн да, саксайып кеткен чачтарынан да, жыгылып түшкөндө жылаңачтана калган тизелеринен да тартынчу эмес. Гимназияда окуган мезгил ичиндеги акыркы эки жылда аны башкалардан ушунчалык айырмалап турган нерселердин баары ага эч кандай түйшүксүз жана аракетсиз эле келген сымал, — сулуулук, саркечтик, ийкемдүүлүк, каректердин туптунук жаркырагы… Балда Оля Мещерская сыяктуу эч ким бийлей алчу эмес, конькини андай эч ким тебе албайт, балда Олянын артынан чуркагандай эч кимдин артынан чуркашпайт жана төмөнкү класстар андан башка эч кимди анчалык сүйүшпөйт.

Байкалбай эле кыз селкиге айланып, байкалбастан гимназиядагы даңкы бекемделе берди, ошентип анын жеңил мүнөз шайкелеңдиги, ага ашык болгон жигиттерсиз жашай албастыгы тууралуу, гимназист Шеншин кызды акылдан адашып сүйүп калгандыгы, кыздын да аны сүйөрү, бирок ага туруксуздук менен мамиле кылганы үчүн жигит өзүнө өзү кол салганы тууралуу айың кептер желдей тарады.

Жашоосунун акыркы кышында Оля Мещерская гимназияда айтып жүрүшкөндөй; бактысынан улам тим эле акылынан ажырагансып туюлчу. Кыш карга мол келип, суук болсо да күн жаркырап, ал кар баскан гимназиянын бийик карагайлуу токоюнан эрте эле уясына батып, күндүзү аба ырайы ачык, күн жаркырап, эртеңки күнү да аяздуу жаркыраган күн болорунан кабар бергенсийт, Собордук көчөсүндөгү сейилдер, шаар багындагы муз тебүү, кызгылтым кечтер, музыка шаңга бөлөп, туш тарапка муз тепкен шайыр жаштардын тобундагы Оля Мещерская эң эле бейгам, эң эле бактылуу болчу.

Мына ошентип күндөрдүн бир күнүндө чоң танаписте кыз артынан чурулдап кубалап жүрүшкөн башталгыч класстын окуучуларынан качып, курама залга куюндай тездик менен кирип келгенде аны капысынан башчы аялга чакырышты. Катуу чуркагандан энтиккен кыз бир азга токтой калып бир жолу гана терең дем алды да ошол замат шамдагай жана эми өнөкөткө айланган аялдын кыймылы менен чачтарын оңдоп, алжапкычынын четтерин ийинге тартып оңдоп, көздөрүн күлүңдөтүп өйдөгө чуркап жөнөдү. Чырымталы жаш, бирок ак чачтуу башчы аял падышанын сүрөтү алдындагы жазуу үстөлүндө тор ийнесин кармап жайбаракат олтурган экен.

— Саламатсызбы, мадемуазель Мещерская, — тор ийнесинен көзүн албаган  аял француз тилинде сүйлөдү. – Мен, тилекке каршы, сиз менен сиздин жүрүм-трумуңуз тууралуу сүйлөшүү үчүн сизди биринчи жолу чакырууга мажбур болгон жокмун.

— Угуп жатам, мадам, — Мещерская үстөлгө жакын келип аялдын көздөрүнө ачыктык жана жандуулук менен, бирок эч нерсени туюнтпаган көз караш менен тиктеп, анын гана колунан келүүчү жеңилдик, шамдагайлык менен отура калды.

— Менин көзүм жеткендей, сиз мени начар угасыз, — деди башчы аял, андан кийин Мещерская кызыгуу менен карап калган тактайдагы түйдөк жиптин түрмөгүн жандырып жатып кабагын өйдө кылды. – Мен кайталап отурбаймын, бабырап да отурбаймын, — деди аял.

Мещерскаяга бул аяздуу күндөрдө жаркыраган Голландия мешинин жылуулугу менен жазуу үстөлүндөгү ландыштардын жытын буркураткан бул адаттан тыш таза жана чоң бөлмө абдан жага турган. Ал кайсы бир жаркыраган залда тулку бою менен тартылган жаш падышага, башчы аялдын тыкандык менен бөртмөлөнгөн түссүз чачтарынын тегиз экиге бөлүнгөн тарамына карап унчукпай күтүп турду.

— Сиз эми секелек кыз эмессиз, — башчы аял ичинен кыжыры келе баштап, бирдеменин четин кылтыйтты.

— Ооба, мадам, — Мещерская тим гана, дээрлик күлө бага жооп берди.

— Бирок аял дагы эмессиз, — башчы аял ансайын сыр катты, анткенде бозоргон жүзү бир аз кызара түштү.  – Баарынан да бул эмне деген чачтарам? Бул аялдардын чач жасалгасы!

— Чачымдын жакшынакайлыгы үчүн мен күнөөлүү эмесмин, — Мещерская эки колу менен кооз таралган чачтарына бир аз тийип койду.

— Ах, мен күнөөлүү эмесмин деңизчи! – деди башчы аял. – Бул чачтарам үчүн, бул кымбат таажы үчүн, ата-энеңизди туфлий алам деп жыйырма рублга чыгым кылганыңыз үчүн сиз күнөөлүү эмессиз! Бирок кайталап айтамын, сиз азырынча болгону гимназиянын окуучу кызысыз…

Мына ошондо Мещерская жөнөкөйлүгү менен калбааттыгынан жазбай, капысынан анын сөзүн бөлдү:

— Кечирип коёсуз, мадам, сиз жаңылышып жатасыз: мен аялмын. Жана бул үчүн ким күнөөлүү экенин билесизби? Атакемдин досу жана коңшусу, сиздин агаңыз Алексей Михайлович Малютин. Бул өткөн жайда кыштакта болду…

Бул сүйлөшүүдөн бир ай өткөндөн кийин Оля Мещерскаянын чөйрөсүнө тиешеси болбогон ыраңы серт жана жакыр казак офицери Оля Мещерскаяны вокзалда, поюз менен келген жайнаган элдин көзүнчө атып салды. Ошентип, Оля Мещерскаянын жетекчисинин эсин оодарган укмуштуу моюнга алуусу чындык болуп чыкты: офицер соттук тергөөчүгө Мещерская аны азгырып, жакындыкка барганын, жубайы болууга убада берип, өлүм алып келген ошол күнү офицерди Новочеркаскка узатып жатып кокусунан аны эч качан сүйгүсү келбегенин, нике тууралуу бул сөздөрдүн бардыгы аны шылдыңдоо гана болгонун айтып, Малютин тууралуу жазылган күндөлүгүн окуганга берет.

— Мен бул саптарды кыз менин окуп бүтүшүмдү күтүп басып жүргөн ошол жерде эле карап чыктым да ага карап ок чыгардым, — деди офицер.  – Мынакей, ошол күндөлүк, анда өткөн жылдын онунчу июлунда эмне жазылганын карагыла.

Күндөлүктө мындай жазылган: “Түнкү саат эки. Мен катуу уктап кетипмин, бирок ошол замат кайра ойгондум… Бүгүн мен аялга айландым! Атам, апам, Толя баары шаарга кетип, мен гана жалгыз калдым. Жалгыз экеним үчүн ушунчалык бактылуу болдум! Эртең менен бакта сейилдеп, талаада, токойдо болдум, бүт дүйнөдө мен гана бардай сезилип, өмүрүмдө болбогондой жыргалга бөлөндүм. Жалгыз түштөнүп, андан кийин дээрлик бир саат ойнодум, обологон музыка жаңырганда өзүмдү түбөлүк жашап, менчелик эч ким бактылуу боло албастай сездим. Андан соң атамдын иш бөлмөсүндө уктап калдым, ал эми саат төрттө мени Катя ойготуп, Алексей Михайлович келгенин кабарлады. Анын келишине катуу кубандым, аны тосуп алып, эриктирбөө кандай жагымдуу. Ал өзүнүн келишимдүү аттар чегилген арабасында келиптир, алар эшик алдындагы аянтчада токтоп турушту, өзү болсо биздикинде калып калды, себеби, жамгыр жаап, кечке чейин курганып алууна каалады. Ал атамды таппай калганына капаланып, жандуу сүйлөп мага жакшы мамиле жасады, тамашалап кеп салып, эбактан ашыктыгын айтты.

Чай ичер алдында бакта сейилдегенибизде табигат кайрадан ажарына чыгып, аба ырайы суугуна тартса да күн суу болгон бактарга нурун чачып жаркырады, ал мени колумдан алып, өзү Фаусттугун, а мен болсо Маргарита экенимди божурады. Анын жашы элүү беште, бирок ал али абдан келишимдүү жана дайым мыкты кийинет, Англия атыры жыттанып, көздөрү дээрлик капкара, а сакалы эки узун тарамга бөлүнүп, күмүш түстө жылтылдайт. Чай үстүндө биз айнек далисте олтурдук, мен өзүмдү бир аз бейтап сезип жөлөнгүчү жок диванга жата кеттим, ал болсо тамекисин түтөтүп, андан кийин мага жакын келип олтуруп кайрадан жагымдуу сөздөрүн айтып, андан соң колдорумду тиктеп, өпкүлөй баштады.

Мен жүзүмдү жибек бетаарчым менен жаап алдым, ал мени бетаарчынын сыртынан бир нече жолу өөп алды… Бул кандайча болуп кеткенин түшүнбөймүн, бул кантип болду, мен акылдан адаштым, эч качан мындай экенимди ойлогон эмесмин! Эми мага бир гана жол калды… Андан ушунчалык жийиркенем дейсиң, мындан аман калуу мүмкүн эмес!…”.

Шаар ушул апрель күндөрү таза, кургагына тартып, таштары да агарып, аларды басып өтүү жеңил жана жагымдуу болуп калды. Ар жекшемби сайын, чиркөөдө окулуучу намаздан кийин, шаар сыртына алып баруучу Собордук көчөсүндө кара мээлейчен, кара жыгачтан жасалган кол чатыр кармаган аза кийимчен кичинекей аял келет. Ал шоссе аркылуу ыплас аянтты кесип өтөт, ал жерде саргайып дат баскан устаканалары бар жана сергиткен талаа шамалы согуп турат; андан ары эркектер монастыры менен түрмөнүн ортосунда асмандын булуттуу жантаймасы агарат жана жазгы талаа бозорот, андан кийин монастырдын дубалы алдындагы көлчүктөрдү басып өтүп солго бурулсаң, ак тосмо менен курчалып, дарабазасынын үстүнө Эне кудайдын насааты жазылган жапыз бакты көрөсүң.

Пакене бойлуу аял бат-баттан чокунуп, башкы аллея менен көнүмүш жолун улайт. Эмен крестинин каршысындагы отургучка жетип, жеңил батинкечен буттары менен кара мээлейлүү колдору такыр тоңуп калмайынча жазгы суук шамалда бир саатча отурат. Суук аба ырайында да таттуу сайраган жазгы чымчыктардын ырын, ак чопо гүлчамбарга тийип жаңырган шамалдын шыңгырагын угуп, аял кээде анын көз алдындагы өлүү гүлчамбарды көрбөш үчүн жашоомдун жарымын берер элем деп ойлонот. Бул гүлчамбар, бул дөңчө, бул эмен крест! Булардын алдында мынабул томпогой ак чопо тумардын ичиндеги кресттен өлбөстөй көрүнгөн көздөрү менен караган периште жатышы мүмкүнбү, мынабул тунук көз карашты Оля Мещерескаянын ысымы менен чиеленген укмуштуу нерсе менен кантип айкалыштырса болот?

Бирок пакене бойлуу аял жандүйнөсүнүн тереңинде бардык эле өтө кумарданган кыялы бар адамдар сыяктуу бактылуу.

Бул аял – Оля Мещерскаянын класс жетекчи айымы, жашы өтүп калган кыз бала, ал эбактан бери чыныгы турмушту алмаштырган ойдон чыгарылган дүйнөсүндө жашап келет. Адегенде анын ойдон чыгарган кыялы анын жакыр жана карапайым аскердеги агасы болгон, кыз бүткүл дилин агасы менен, анын эң сонун келечеги менен биргеликте карачу. Агасын Мукденде өлтүрүшкөндө ал өзүн идеянын мээнеткечимин деп ишендирди. Оля Мещерскаянын өлүмү аны жаңы кыялдарга азгырды. Эми Оля Мещерская анын көкөйдөн кетпеген ойлору менен сезимдеринин бутасы. Ал ар майрам сайын Олянын мүрзөсүнө барып, сааттар бою эмен кресттен көзүн албайт, табыттагы гүлгө оронгон Оля Мещерскаянын кубарган жүзүн жана ошондо өзү угуп калган сүйлөшүүнү эстейт:  бир жолу, чоң танаписте гимназия багында сейилдеген Оля Мещерская өзүнүн сүйүктүү курбусу, толмочунан келген узун бойлуу Субботинага быдылдап сүйлөп жатыптыр:

— Мен атамдын китептеринин биринен, анын эски күлкү келерлик китептери көп, — аялда кандай сулуулук болушу керектигин окудум… Ал жерде баарын эстеп калууга мүмкүн эмес көп нерселер жазылган: мисалы, капкара, чайырдай кайнаган көздөр, кудайым турат, чайырдай кайнаган!Түндөй кара кирпиктери, албырган беттин кызылы, ичке тулку, кадимкиден узунураак колдор, түшүнүп жатасыңбы, демейкиден узунураак колдор! Кичинекей буттар, үлүлдүн кабыгы түстүү тизелер, тегерек балтыр, чоң деп айтарлык көкүрөк, жылма ийиндер, мен алардын көбүн жаттап калдым, мунун баары чындык! Бирок эң башкысы эмнелигин билесиңби? Жеңил дем! Ал деген менде бар да, мынакей, кандай дем тартарымды карачы. Менде жеңил илеп бар бекен?

Эми бул жеңил дем кайрадан дүйнөгө, тиги булуттуу асманга, мынабул муздак жазгы шамалга тарап кетти.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА