ГАВАЛЬДА Анна: Тозок бул – сүйгөн адамдарыңды экинчи кайра көрбөгөнүң, а калганы арзыбаган нерселер

Француз жазуучусу Анна Гавальда учурдун бирден бир сүймөнчүктүү жазуучулардын бири. Анна айым чыгармаларындагы каармандардына принципиялдуу түрдө жаркылдаган ачык айрым позитивдүү адамдардын мүнөзүн эмес, тескерисинче, жөнөкөй, капага тез алдырган, жашык, эрки бош адамдардын мүнөздөрүн берген. Албетте, бул сапаттар азыркы жашоодо дээрлик көпчүлүк адамдардын туткуну эмеспи. Бул жазуучу ал каармандарына үмүт учкунун себип, аларга кантип дем берүүнү да эсинен чыгарбай, күтүүсүз ачылууларды, колдоолорду да жазып келет.

Төмөндө сиздерге Анна Гавальданын экметтерин сунуштайбыз.

  1. Жашоодо бүгүн жер менен жексен болуп, жалгыз гана өлүмдөн башканы ойлобой карайлап калган күндөр болот. А бирок кийинки күнү көзүңдү ачып ойгонгондо, бул абалдан болгону жашоо баскычынан төмөн түшүп, дубал боорундагы электр ажыраткычын сыйпалап издеп табып, жашоонун таптакыр башка тарабын көрүүгө болорун аңдайбыз.
  2. Колдоп кол сунганын док кылбаган, аны кыса кармаганда күч-кубат алган досуңдун колунан өтөр дем жок.
  3. «Китептер айыктыра албаган эч бир кайгы жок» деп Монтень айткан экен. А Монтень эч убакта жаңылган эмес.
  4. Жашоону сен каалап, каалабасаң да, барктап барктабасаң да сенден түбөлүк күчтүү. Ал дүйнөдө баардыгынан күчтүү. Адамдар каардуу согуштан кайтып келип да тукум улап, бала-бакыралуу болуп жашоону уланткан. Жакындарын өз колу менен о дүйнөгө узатып да, үйүн өрт кырсыгына алдырып да, адам чыдагыс кыйноолорду көргөн эркек болобу, аял болобу – соңунда баардыгын унутуп, эч нерсе болбогондой күнүмдүк турмушка аралашып келишет. Эртеси эч нерсе болбогондой автобуска жетишүү үчүн аялдамага шашып, эч нерсе болбогондой аба ырайын талкуулап, ал эмес майрамдап кыз-кыркынын күйөгө да узатышат. Таңгалычтуусу, жашоо да так ушундай. Ал баардыгынан күчтүү.
  5. Адамдардын чогуу жашоосуна – алардын айырмачылыгы эмес, өздөрүнүн келесоолугу тоскоолдук жаратат.
  6. Сени чын дилинен жакшы көргөн адамдарга аяр мамиле жаса. Карылыкка алдырганда гана андай адамдардын саналуу экендигин түшүнөсүң.
  7. Адилеттүүлүккө эч убакта жетүүгө мүмкүн эмес, анткени адилеттүүлүк деген жок.
  8. Эки гана жол бар. Бири: бүк түшүп төшөккө жатып алып өзүңдүн жалаңгыч экениңди билбей, жашоонун жалаңгычтыгын айтып боздоп жат. Акыры башкалардын чырагына май тамгызып өлүп тынасың. Экинчиси: оордуңдан козголуп, пайдалуу иш жаса.
  9. Адамдар сенин аракетиң менен көздөрүнө жаш алгыча каткырганы кандай сонун керемет! Бул бир баңгизат сыяктуу: башкалар канчалык каткырып күлгөн сайын, ошончолук күлдүргүң келет.
  10. Баардыгын эле өзүңө жүк кылып ала берүүгө болбойт. Кай бирине көз жумуп, кулак жапырып койбосоң жинди болуп кетесиң.
  11. Кызыксыз баарлашууда сөздү башка нукка буруу үчүн жаныңдагыга жылмайып кутулуудан башка аргаң калбайт.
  12. Чөгүп баратканда жанталашып чабак уруунун кажети жок, жөн гана суунун түпкүрүнө чөгүп барып, бутуң түбүнө тийген кезде жерди күч менен тээп чыгуу гана чөгүп кетүүдөн сактайт.
  13. Эгерде бир нерсе сизди ар дайым капалантса, анда ал нерседен эртерээк кутул. Айт минтип: «Кымбаттууларым, менден бар күчүңөр менен болушунча тезирээк качкыла».
  14. Тозок бул – сүйгөн адамдарыңды экинчи кайра көрбөгөнүң, а калганы арзыбаган нерселер.
  15. Менин сага айтарым булар, досум: бактысыз болуу, бактылуу боолууга караганда алда канча оңой. Ал эми оңой жол издегендерди жинимдей жек көрөм. Шайтан алгыр, бактылуу бол! Бактылуу болуш үчүн аракет кыл!

Француз тилинен которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы