ЕВТУШЕНКО Евгений: Евгений ЕВТУШЕНКО Кожогелди Култегиндин котормосунда

АРМИЯ

Палатада радиону басайтып,
жарадарлар баштан сылап – муюп биз,
Зимадагы госпиталды тазартып,
балдар хору концерт бердик унуткус.

Башташ керек дегенди угуп тикийди,
деми күчөп, айланайын, баарынын –
балдар, кыздар эки катар тизилди
алдында ушул согуш каармандарынын!

Одурайып олтургандар – дос ошо,
көзү чуңкур, кабагы оор – карашып.
Ал-ансайын момураша, бошошо,
анткен менен тиктейт бизди аяшып.

Согуш соолтуп – оорук кандай кичирген,
кан-сөлү жок, арык баары – жарымдай.
Айрык, көөнө пальтолордун ичинде
аларга биз – согуш каармандарындай!

Көз караштар учкул, жеткил кандай-аа!
Сестранын мээри – кайрым-жолубуз!
«Вставай, страна огромная!» –
ырдайт, ырдайт биздин балдар хорубуз.

Винницалык хохол ырдап турганы,
халатында киселдин из-тагы бар,
балдагынын кара жалтыр кундагын
клеёнка, кийиз менен таңыган.

Терезеде ырдап бурят – кайратман,
костромалык сапер ырдап-сыздады.
Окуучулар сымал ырдап солдаттар,
солдаттардай ырдап жаттык биз дагы!

Баары ырдады чын жүрөктөн, айбаттуу –
няня ырдады эски этегин кумтунуп.
Керзовойчон доктор айым айдатты
колундагы градусник унтулуп.

Аяр кирип жүк ташыгыч палбандар,
тура калып керебеттин артына,
кошо ырдашты шапкени алып – балбаңдап,
дымак менен, өксүү менен кардыга.

Угулган ал жарылуунун учунда
уңгу болоор ак жарыкты боолгодук.
Ушул, ушул Армия бар үчүн да
ушул, ушул Мекен калды корголуп!

 

* * *

Лапылдап кар жаап жатса – көрк өзүнчө,
канча ирет ойгонуп мен чечек делдим –
оорукта –
аял, бала өлкөсүндө,
оорукта –
өлкөсүндө кезектердин.

Дүкөнгө жыйнагандай күчүмдү анык
жүгүрөм капчыкты ала күлмүң этип.
Береби карточкага бүгүн балык,
а балким, берет уйдун чүйгүн этин.

Тааныштын үнү тосот жаземдебей:
«Эмне, кеч?… Ташта мобу жоругуңду?..»
Анан ал химиялык калем менен
колума жазат кезек-номурумду.

Кезекти ээлеп коюп, кедеңдеп мен
коргондун кемтигинен эптеп ашып,
аң-дөңдү аралай чаап кебелбестен,
вокзалга жетип келем тердеп-шашып.

Эл ана эвакуа-цияланган,
эл ана келатышкан өлбөй чыдап.
Гүүлдөп тур ачка дүйнө, ызгаар шамал,
муң-зары көздө калкып, сөздөн чыгат.

Бир жезмит чаңырууда. Беркиндеги
онтолоп жаткандарды-айт чабалактап.
Чачтарын саксайтышкан кемпирлери
наалышат нары-бери жабалактап.

Оо, анан чүмбөт-чүмбөт жабдуу толгон
поюздун – эшелондун сакчылары
тиктесе мени ушул кар-бороондон –
тимеле кардын эрип жатты баары.

Серептеп эки колду – көз ынанып,
телмире узаттым мен далай жолго.
Ал тургай кошо кеттим түшүп алып
мен түшүп кетпеген ал вагондордо.

 

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЧУКТАРЫ
А. Межировго

Согуш кезги тойчуктар-ай үйлөнгөн –
жыргалдардын жыртыгындай алданма.
Ачылып сөз айта алышпас күндөрдө
чыкпайт ойдон өлүм дагы, арман да.

Кыштын ушул жолу менен кар таптай,
шамал менен жамандыкка каршыгып,
шашылыштын тойчугуна калдактай,
коңшу айылга баратамын шарты ыйык.

Каалгыгандай басык менен мынабу,
көкүлүмдү маңдайымда серпилте,
атаңгөрү, ашкан бийчи сыңары
гүү-шаа түшкөн үйгө алпкирет эрсинте.

Арасында дос-туугандын ар кандай
жасанган да толкунданган түр менен
олтур Күйөө Чакырылган – Кармалган,
ой-санаада эс-мас болуп күлбөгөн.

Бирге олтуру – Верасына ээ болуп,
эртеси эле такыр башка тийээр күн –
бозоргон бир шинель кийип, не жорук,
согуш беттейт ичинде ошол шинелдин.

Бөтөн жерде өрмөлөп да жөрмөлөп,
куралы да кубандырбай жүгүртөөр?
Согуш деген кимди аямак өлбө деп,
балким, аны немис огу бүлүнтөөр?

Стаканда көбүк чертип – шаң арбын,
кантип ичпей коймок элек мүлдө өзүн.
А ким билет, алгач түнү алардын –
акыркы да түнү болуп жүрбөсүн?

Кайгы бүркүп турат Күйөө көзүнөн,
жабыркоосу жан дүйнөнүн байкалат.
Төгүлгөндөй төркү үстөлдөн өтүнөт:
«Бир-р жакшылап бийлечи?!» – деп кайталап.

Ичимдигин илбей көзгө – унутуп,
баары, баары мени карайт жабыла.
Баратканды-айт чимирилип – муютуп,
таканы улам такылдатып дагы да!

Ар бир мүчөм бөлүнүп да шалактап,
эрип полго түшө жаздайм эптүүлөй.
Ышкырганды-айт алакан чаап тарактап,
ыргыганды-айт шыпка чейин жетчүдөй!

Кулап түштү дубалдагы ураандар –
куттуу болсун, Гитлер капут, а демек.
Колуктунун жашы чаңга буланган,
ысык жашты салсак кантет тебелеп?

Карашалап бүттүм, кокуй, шайым ооп,
кара жанга, кара жанга дем берсин.
Менин бийим – ичиндеги жалын-от,
«Бийлегин!!!» – дейт!
Бийлейм кайра эрдемсий.

Тамандарым – жыгач болуп… тойтуктап…
кайтып үйгө келгенимде – башкамын.
Мастар мени издеп башка тойчуктан,
чакырганда – өлүп кала жаздайым.

Апам дагы араң-зорго жөнөтөт,
күбөсүмүн, бийчисимин үлпөттүн.
Дасторконго кол сунганда өнөкөт,
так ортого чыгарышат күчтөп бүт.

Колуктусу ыйлап кирди билгендей,
достору бүт «ба-а» деген тур – көздү алба?!
Жаман болдум – бийлөөгө бут шилтенбей,
бирок, бирок, бийлейм, бийлейм өлсөм да!

 

ӨТҮК

Таборго окшош бул вагон ойда-а мына –
бакылдакты угасың ары жактан.
Чөп шыкашып тамбурдун сол жагына,
Кудай сымал уктоодо моряктар.

Марусялап бирөөсү элжиреди!
Саргыч мыймый щини ичет шалпылдатып.
Киргил тарткан немени
беркилери
иттик кылбай жүргүн дейт алкымдашып.

Оо, мен анда куштармын тыңсынганга,
бир тобуна белгилүү болуп алгам –
сары өтүгүм чыйкылдап-кыйкырганда
бийик такам жолугат жолуңардан.

Бирде тигил, бирде бул саткын деди
колтугуна шарт кысып өтүгүмдү.
«Черт таманын, толгоп көр, тарткын эми!
Бирок сатпайм!» – кесе айтам өкүмүмдү.

Еткулга деп бир күнү жанымда тың,
жашташ жигит келаткан сынай-арбап.
Казандай чач, чоң келген галифа шым,
жылаңайлак, а бирок, жылаңайлак.

Мен өтүкчөн болгонум – эмине экен,
эмине экен – жылаңбут болсо мобул?
Жасалабы аракет дагы нечен –
анын бутун аз тиктеп томсоромун.

Кайсы жер бу? Мүнөткө жарыбаган
токтоп поюз, эл сыртты карашууда.
Бүт вагонго жаңырды жарыя анан:
«Тигил жакта бир нерсе таратууда!»

Уйкусурап, урушуп жөнөп көптөр,
а мен өтүк кийээрде
кулак туштан
кимдир-бирөө кыйкырды өнөктөштөй:
«Кечигесиң, жүгүргүн жылаң бутчан…»

Жүгүрдүм мен! А бирок, бекеттеги
дүкөнчүгө келгенде алактадым –
көзүм чалып – казанчач те четтеги
өтүгүмдү бутка илип баратканын.

Ууру артынан учтум мен ылдый кайра
жетсем эле жеп-тытып таштачудай.
Буферлерден буферге ыргыганда
айрылды шым – абийрим сакта, Кудай?!

Ансайын мен түйүлүп шайым жыя,
акыр жетип – вагонго чаба такап…
Өтүгүмдү тултуюп кайырды да,
өңгүрөгөн боюнча бара жатат.

Эсеңгиреп ордумда катыптырмын
чаба жааган жамгырдан карап аны.
Балчылдаган жер менен шашып кургур,
жылаңайлак баратат ана дагы.

Дароо биздин вагондо уюп белги –
папкечендер баш болуп кайтарышып,
стакандын жармынан куюп берди
Новосибирь портвейнин алпарышып.

Жамап шымды аялдар чакырылган,
мүшкүл эмес бул дешти. Чырлар калды.
Сыртта айнектен – бир көккө атырылган,
бир төмөнгө шуңгуган зымдар каардуу…

 

* * *

Сүйүүдө кандай өткүр, кандай алпсың!
Мен болсо бечарамын бөжүрөгөн.
Жакшылык колдон келбес – арнабасмын,
жасабайм жамандыкты өзүңө мен.

Токойго алып кирип эрбеңдетип,
жолу жок жакка баштап жүргөндөйсүң.
Гүлдөрдү баратсак да белден кечип –
сен менден күлө баккан түр көрбөйсүң.

Мурдагы мукуроолор тур алдымда,
дагы эле не кылышты чолуп боолгойм.
Акыры колду бер деп сурандың да,
койкоюп колго кирдиң толук бойдон.

Алдыда баарысы эми мөлтүр, жаңы,
жана да жапжаш – биздин чакырыктай.
Абайла, көйнөгүңдөн көрдүм ары
көкүрөк келатканын ачылыштай!

«Асмандын көкмөктүгүн айтчы деги!
Токойдо толгон куштун ырлары эмне!
А демек… демек… алып барчы мени
сени мен алып бара турган жерге…»

 

* * *
В.Боковго

«Бур-р» деп туздуу жашылча,
булоолойт бүт каратып.
Жаш чөптөргө чачылган
жер-жемиштер – жарашык!

Бетке кызыл нур түш деп,
жатам түндө – күтүүдө.
Тал чөп менен бир түртсөм
жылдыз качып түшүүдө.

Бүт унутуп койдум бейм
айдалган жер баштанып.
Сүйгөнүм да дос кимдер?
Күлгөм кимге каш кагып?

Кашка жылдыз, караңгы –
кандай сонун түн ушул.
Маселем жок каламбы –
билбейм бүдүр үлүшүн.

Эркелетсе табигат –
мен эркелей электей…
Өпкүлөсө табигат –
мен өбүлө электей…

 

МАША

Көл бойлоп кыз басат тез-тез тыңсына,
чалпоо мүнөз, кызарып да кубарып.
Чыгып турат ич дүйнөсү сыртына,
азыр андан аял чыгып тур анык.

Жээкке токтоп, тапичкесин чечти эми,
кечти – шуңгуп музыкага киргендей.
Түшүнүгү болсо дагы чектелүү,
шаңкаюуда ай-ааламды билгендей.

Эстүү белем. Эссиздик да толуп тур.
Көз карашы жанып көкүл астынан,
жалт деп ылдый тайып – Маша болуп тур,
олуттуу да бадыраңкөз, жакшынам.

Чоңсунганга чокоюм деп салгандай,
апапакай ничке бала буттары
кызды мага апкелатса тайманбай –
таңдай кургап, тамылжыды бүт-баары.

Алыста ушул – эски кайык жанынан
өпкөнсүдүм колун жалмап-аймаппы –
эриндерим чыканактан арылай
роза түстүү тырмаккаче барбаспы.

Тик чумудум беткап кийип найчалуу,
Маша үстүдө жүргөн сүзүп-талаалап.
Көз айнектен издеп аттым канча бир
чырмакталган өсүмдүктү аралап.

Көрдүм жашыл чырмакталган дүйнөдө –
коштоосунда суу түбүндө агымдын –
наристе бут калтылдоодо сүрдөнө
апакай бир сабагынча тамырдын.

Сүзүп барам багынткандай «тактыны»,
суу түбүндө сүзүп жүрүп таптым жол.
Бактысызмын – болгон үчүн бактылуу,
а бактысыз боло калсам – бактым зор!

Не дейм? Апаң чочубасын эгерим,
сени капа кылбайм өзүм ирмемче.
Сенден керек – болуш үчүн медерим
эң кичине, анан эң чоң бир нерсе.

Өмүр беле, өлүм беле – күйөөрүм?
Үмүтүмбү, түңүлүүмбү – касымдай?
Айт деп теше тиктейм мөлтүр жүрөгүң
деңиздин бир жанган жука ташындай.

 

* * *

Бутакка илдим ырымды жанараактан,
согуп турат шамалга карабастан.
Сурандың сен: «Ойнобой, чечеличи…»
Дарак колун булгалап ыры менен,
ага адамдар таңгалат чыны менен.

Талашып не – алдыга кетеличи.
Сен бул ырды тааныбай өтөөрүң жөн,
жазып берем эртең мен көзөлүнөн!
Майда-чүйдө чочутуп-булгабасын.
Оордук кылбайт ыр деген бутактарга,
каалашыңча жазамын – кучактаарга.
Ар бир дарак бирден ыр булгаласын.

Не кылабыз мындан соң, алтындайым,
унутарбыз жакында балким, баарын?
Өкүнүчкө же бул жол жеткиреби?
Анда мобул ырды эстеп – жаркып маанай,
ырын дарак булгалап – балкып далай –
Жылмаябыз: «Алдыга кеттик эми!»

 

* * *

Акча салган капчыкмын. Жатам жолдо.
Чаламандын чак түшү. Жайнайт адам.
Көзгө илинип, өтөмүн качан колго,
тэпкилеп да өпкүлөп – жайлайт кадам.

Койчу, силер – эч нерсе туюнбачу,
койчу, силер – көзү жок… уят деги…
Чаңды кара буттардан бурулдачу –
куулук менен жашырып турат мени.

Билбедиңер төмөндөн тосорумду,
береримди каалоону кыялдагыл.
Дарбымай жок табам деп кожоюнду,
өзүмдү-өзүм бул жерге чыгаргамын.

Ичке жипке байлап бир – тартканында
ит болом деп эңкейген боюнча анан,
чочубагын – коргондун арт жагында
Нинасыбы, кыз күлбөйт чоюштаган.

Турбасын кыз мыскылдап как башыңы,
аны ылайым көрбөсүн айнектен эл.
Мен жасалма, калп эмес – нактасымын,
карап эле койсоңор – аздектелем.

Жатам жолдо ойлорум менен жүдөп,
кадимкидей кайгырып келем абдан –
мен күтпөгөн жан мени көрөбү деп,
алабы деп өзүмө зар эмес жан.

 

* * *

Силкилдейбиз шыкалып трамвайда
аркандардай ар жерге түрүп койгон.
Метро, жумуш бизди ууртап, улам кайра
бүркөт ооздон түтүн да күйүк толгон.

Күңүрт жолду жаркыта сабалашып,
адамдарга адамдар катар басат.
Көөдөн бүрккөн дем-жыттар аралашып,
издер изге чатышып татаалдашат.

Чөнтөктөрдөн чылымды сууруп кечке,
атагы ашкан ырлардан корулдайбыз.
Бирөөлөрдү чыканак уруп кетсе
кечир деп же дебестен жол улайбыз.

Биздин папке-баштыкты биз көтөрүп,
биз – өзүбүз көтөрүп баратабыз.
Ракеттерди атканда миң көшөрүп –
жүрөк тургай мээни да канатабыз.

Трубныйдан, Лебьяжи, Садовойдон
келээри ырас бир жерге бириндешип.
Бир дарекке шашса да катар бойдон
билбейт келе жатканын ийиндешип.

 

* * *

Жылаңайлак аял дайра жээгинде
чайкап жатат көгүлтүр түс шейшепти.
Мөлтүрөгөн гилас сымал жейим деп,
кулагында сөйкөнү үзүп келсекпи.

Эч кандай бир куулук-шумдук билбестен,
колумдагы таякчамды чимирем.
Бешмантымдан тарагымды издеп мен,
аны менен таанышкым бар ириден.

Күлүш оңой, сүйүш абдан керекпи
чыркыраган чын мамиле орнотуп.
Эки жактан кармоочу бар себетти
Черниговдо жүрсөм нечен колдошуп?!

Чырлыйттаган, чыйпылдаган, гүүлдөгөн
чымчыктардын сайрашын айт миң түрлүү!
Чернигов-бак бутак-шагын гүлдөгөн
бизди көздөй ийип турат сыйкырлуу.

Алпараткан алп дарбыздар
олчоктоп
ары сүзүп бараткандай, кан кускур.
А сулуунун мойнунда жүр мончоктор,
көздөрүндө асманы жүр августтун.

Кечте түшүп кайберендин изине,
шашып барам караңгыга жапжашыл.
Уучум толо кытай-алма кичине,
ургулаймын кечтин айнек-пардасын.

Бүлбүл-жарык терезеге жолуккам,
ал-аңгыча эшигинен шарт чыгып,
чуркап барат аял аппак жоолукчан,
коркмок турсун корстон боло жазгырып.

Которгон Кожогелди Култегин