ЕСЕНИН Сергей: Сергей Есениндин поэзиясы Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * *

Сен мени сүйбөйсүң да, айабайсың,
Же анча сулуу эмес деп ойлодуңбу?
Нестейе, жүзүмдү да карабайсың,
Ийниме арта салып колдоруңду.

 

Жаш селки, даарып сезим – энтелепсиң,
Өбөм же сөгөм – билбейм кантеримди.
Эстечи, канчаларды эркелеттиң?
Эриттиң канча колду, канча эринди?

 

Өттү бүт көлөкөдөй, каран калгыр,
Туш келбей жалыныңа – итеңдесең.
Олтурдуң тизесинде далайлардын,
Олтурсуң азыр менин тиземде сен.

 

Көзүңдө көп иш жатат чала жумук,
Ойлонуп жатасың го башка жанды.
Жалындап сүйбөй мен да – айлам куруп,
Жаныңда арзып-аңсайм башкачамды.

 

Тагдыр деп айтпа муну – оолукпа сен,
Жеңил ой жерге кирсин – түмөн айып.
Өзүңө кандай капыс жолуксам мен
ошондой кете берем күлө багып.

 

Сен дагы түшөөрүң чын палбан жолго
Чаңга ороп күндөрүңдүн капыл баарын.
Сөйкөнбө өбүлө элек жандар болсо,
Сөөмөйлөп – сүйө электи чакырбагын.

 

Оо, кийин кууш көчөдө башка менен
Ойсоңдоп сүйүүнү айтып келе жатсаң –
Мен дагы чыксам каршы жактан эгер –
кездешүү дал ошондой керек абдан.

 

Жандаган эркегиңе буруп башың,
Тизеңди ийип бир аз, жайнап жана:
«Кайырлуу кеч!» – дегенди унутпассың,
«Кайырлуу кеч, мисс!» – дээрмин калбаат гана.

 

Калаарбыз жана албай да, туздала албай,
кайакта калтырактар, кайра келсе?
Сүйө албайт – мурда сүйүп муздагандар,
Күйө албайт – күлгө айланып калган нерсе!

 

* * *
Жашагандан жадап айлымда,
Жагымсыздай тиктейм кеңдикти.
Калса калсын кепе-жай мында,
Качкы, кески болом эң мыкты!

 

Такыр колду шилтеп отурмун,
Табам кантип үйдүн айласын?
Укса жаны чыгып досумдун,
Өтүк-кончко бычак кайрасын.

 

Жаз да, Күз да жерди ардактап,
Арчындалуу жолдор саман түс.
Аты кымбат кишим айгактап,
Астанадан кууп салар түз.

 

Кайтам кийин кайра туурума,
Кубанычка чоочун басылып.
Жашыл кечте жеңди жулуп-аа,
Жанды кыйам ага асылып.

 

Дарактар да сыздайт белемби,
Ийилишет баары кош деп бир.
Көөмп жатса да жуубай денемди,
Үрөт иттер – болуп оркестр.

 

Кайрадан ай сүзөт толукшуп,
Калагы ыргып көлгө – бүлүндү-ээ?
Билгени ушул тура орустун –
Бийлейт, ыйлайт коргон түбүндө.

 

* * *
Жалбырак жаайт, жалбырак жаайт калкып жай,
Шамал онтойт түпкүрүнөн үзүгүп.
Жүрөгүмдү ким шаттантат артыкча-ай,
Жүрөгүмдү ким жайгарат түшүнүп?

 

Ар кылымды ар кирпикке көтөрүп,
Айды карап, айды карап, мелтирейм.
Короздордун кыйкырыгы көжөлүп,
Жымжырттыкты жырып-тешип келди бейм.

 

Үрүл-бүрүл. Көгүлжүм нур. Таң эртең.
Учуп жылдыз – жыргаганы сезилди.
Бир нерсени тилеш керек кабелтең,
Эмне тилейм – жыйбай турам эсимди.

 

Эмне тилейм көр-тирликте ыбырсып,
Эрк сынообу – тагдыры үйгө байланмак?
Караганга айнектен көз кылыйтып
Ай чырайлуу кыз баратса жайдаңдап.

 

Чекчеңдеген көгүш көзү менен ал
Нечендерден мени гана караса.
Сергек сезим, сөөлөт сөзүн демеп ал,
Көкүрөктү көөшүткөнгө жараса.

 

Аппак айдын асыл нурун каптата,
алсам деймин каалап турган тагдырды.
Ырга эрибей, ырахат таап башкача,
Жаштыгына жазсам деймин жарпымды.

Өзүмдү анан албасам дейм өкүнтүп.

 

* * *
Кош деп гүлдөр – башын ийди,
Башын ийди арга жоктой.
Ата-Журтту, Асылымды
Башка көрбөй калат окшойм.

 

Сулуу жерди, сулуу айалды
Суй жыгылдым сынап карап.
Калтырактар көз жумааркы –
эркелетүү сыйактанат.

 

Көбүн көрбөй – шашкан менен,
Күлүп карайм алдыны көп.
Кадам сайын какшай берем
Кайталанат бардыгы деп.

 

Кеткендин да, келгендин да
Ар башкача кадыры бар.
Жашый бербей, шерденгин да,
Жакшыраак ыр жаадырып ал.

 

Балким, ошол ырды угаарсың
Башка менен жалаңдаган.
Эстеп мени кылгыраарсың –
гүл  сыңары тана албаган.

 

ХУЛИГАН
Жамгыр дагы – шыпыргысы аймактын,
Жаткандардын баарын шилеп-тазартаар.
Жалбыракты түкү-үр, шамал, жайнаткын,
Мен да сендей хулиганмын кашайтаар!

 

Күлүмсүрөйм – көрүп алып токойдун
Күшүлдөгөн өгүзгө окшош кыймылын,
тимелеби, жалбырактар очойгон –
Тизеге-че топтоп кабат сыйрымын.

 

Так ошолор байлыгымбы, тизмемби,
Ырдай турган тандап сөздүн ар бирин?!
Көрчү тигил адам баскан издерди,
Көздөн тарта – жалап-жуктап салды иңир.

 

Орусум-ай, элет элим ыймандуу,
Өзүм окшойм акын-жарчың – жалгызмын!
Чылк күйүттөн чыккан жырткыч ырларды
Жыты менен багам гүлдүн, жалбыздын!

 

Толуу түндө сүт агууда кайыңдан,
Толтуруп ал тосуп айды – табакты.
Мүрзөдөгү чырым колу – кабырдан
ким бирөөнү муунтчуудай баратты.

 

Кара балээ адыр-түздү аралап,
Калың бакка жылжып кирген белем бир.
Каракчы – өзүм, караар – өзүм дамамат,
урпагымын жылкы уурдаган эрендин!

 

Кайнагансып дарактар бүт барактап –
Катар гүлдөп козголгон да, тоз болгон.
Талаа-түздү кетпес үчүн карактап
Кайдадыр бир тургум келет чокморчон.

 

Гүлү солуп мага таандык түптөрдүн –
Шойкому ырдын туткундаган ак шамда.
Сезимдердин каторгасын бүт көрдүм
«Тегирменим» поэма-ыр тартканда.

 

Шамал, сени  кайсыл  тарап караса,
Жаба түкү-үр – жалбырак ча-ач теңселбей?!
Курутпас деп акын деген даңаза,
Хулиганмын ырларымда мен сендей!

 

* * *
Барбайм үйгө – ата конушка,
Дүйнө кезген мен бир селсайак.
Чымчыктары чыдап жорукка,
Чыңырбасын ырды терсайак.

 

Ойдуң-түздөр, мейли, чалканга
озондотуп обон создурсун.
Түн жармына барып калганда
Коңгуроо-гүл ырын коштурсун.

 

Туруп алат айы бийикте,
Ыргытсаң да жетпейт баш кийим,
Кайда жашайт – ырлар билишсе,
Кайда өлөөрүн анан, аттигиң.

 

Какжырап сөөк калган кезеңде
Апкелет дейт жолдор үйгө ошол.
Апкелет дейт ороп кеселге,
Арчындашып алсыз  үнгө ошол.

 

Эске түштү элдин айтканы,
Не кылмакпыз ага тыржыктап:
«Адам тургай, өлөт ит дагы
Короосунун жытын бир жыттап».

 

Бардай, жоктой байкуш селсайак
Башбагары ырас капыстан.
Чырылдашчу  ырды терсайак,
Чыңырышат… чыгат жаш ыкчам…

 

* * *
Эмне болдум? Мен киммин? Кыйал масмын –
Көз нурларын төнүткөн баптап алга.
Жеке өмүрдү сүргөнсүйм – кыйа албас бир
Жер бетинде бар үчүн башкалар да.

 

Адатым бул – өбүшөм сени эритип,
өбүшкөмүн өмүрдө канча менен.
Ширеңкени жаккандай делөөрүтүп,
Ширин-ширин сөздөрдү айта берем.

 

“Кымбатым” дейм, “жаным” дейм боздогондой,
Деген менен түпкүрдө сенек жаным.
Кумар отун адамдын козгогондо
Курган чындык табылбай келет дайым.

 

Кай бир иштин себебин терең билсем –
Каалоом токтоп, каным сууп калат ылдам.
Басып жүргөн ак-кайың белемсиң сен
Баары үчүн да, мен үчүн жаратылган.

 

Билем, издеп өзүмкүн – кетсем чанып,
Бирөөлөргө кабылам – чүрөк баары.
Кызганбаймын мен сени эч канчалык,
Каргабаймын өзүмдү бирок дагы.

 

Эмне болдум? Мен киммин? Кыйал масмын –
Көз нурларын төнүткөн баптап алга.
Жеке өзүңө делбирем – кыйа албас бир
Жер бетинде бар үчүн башкалар да.

 

* * *
Оройлорго берип кубаныч,
Сылыктарга кайгы сунулган.
Менде болбойт эч бир сураныч,
Мен эч кимди айап жулунбайм.

 

Кишилерди койбойм карап-аа,
Иттерди айайм бирок тентиген.
Ошол анан аракканага
Ой-бойума койбой келтирген.

 

Азезилдер зекийт үздүгүп,
Адам болуш оорбу элдик же?
Жүз граммга – сыйрып жүздү бүт,
Шымыбызды чечип бердик не?

 

Көзүм чаңгыл… Карайм айнектен…
Көкүрөккө муң-зар чулганып.
Кара баскан өңдүү шай кеткен,
Карашалап көчө булганып.

 

Башкача бир аба үп бүгүн,
Бала турат сыртта мурду аккан.
Колунда бейм багы бүт мунун,
Койот чукуп мурдун муңбастан.

 

Айланайын, чуку, чукуй бер,
Ал сөөмөйдү толук матырып.
Жан дүйнөңдү бирок ушул сен
Жаралантпа чукуп… асылып…

 

Бөтөлкөлөр бошоп атайын,
Коркутууда бербей кечирим.
Бүт тыгынын жыйнап жатамын
Бүтөймүн деп жандын тешигин.

 

* * *
Балким, кечтир, балким, абдан эртедир,
Далай жылдар көңүлүмө албапмын,
Дон-Жуандын өзү болдум – эркемин,
Долуланган акын болдум айды апчыыр.

 

Эмне болду? Эмнелерге чалындым
Ар күнү эле ар тизени кучактап?
Айап койбой өзүмдү да – кайылмын,
Арам, адал  иштер турат тузактап!

 

Жүдөтпөйм деп жүрөктөрдү эгерим,
Чаңдатпайм деп сезимдердин уйугун,
Өзү эмнени… эмнени издей беремин
Ойноок, курук, калп көзүнөн сулуунун?

 

Жээликтирбе? Жек көрүүм же суудубу?
Селбектедим сулуу менен билгенче.
Жан дүйнөмдө көгүш сирень шуудуру,
Кайноодо анан муздак бойдон бир нерсе.

 

Күн батааркы лимон түстү эстейт ким,
Ошол түскө көзүм неге чоң кумар?
Ушунчалык сезимдерди тепсештин
Убалы бар – билип койгун, Дон-Жуан.

 

Билем, билем! Кантип бирок калтырам?
Билген менен – коштоп дайым жүрүүдө!
Бурганактын баасы – жайда жаркыган,
Калтырактын баасы – мөлтүр сүйүүдө.

 

Кайрымы ушул. Канча иштерге чалындым?
Калдактадым ар тизени кучактап.
Бактымды издеп – баарысына кайылмын,
Арам, адал  иштер  турат тузактап!

 

* * *
Бийиктен жан, менин жылдызым,
Жарып өтүп муздак нурларды.
Жазданганда бейит кыртышын
Жалын жүрөк какпайт турбайбы.

 

Август болуп жетик жаркыра,
Аалам ыңкып, жарык жайпасын.
Кете албаган турна дартына
Кейип-сыздап – азап тартасың.

 

Баш көтөрсөм – баары ылдый жак,
Токой, дөңдөр – толук үзгүлтүк.
Тууган жерди, туурдай үйдү ырдап
Турду бирөө мени үшкүртүп.

 

Ак-кайыңдан шире акканча
Алтын күздүн доору кармалып,
Кимдер сүйүп, кимдер ташталса –
Жалбырак-жаш чуурат арналып.

 

Аз калды, ооба, айтсам күйүнбө,
Болбой туруп, болбой эч себеп –
Тосотто бир… толук түбүндө
Томпоюп мен жатчу кез келет.

 

Жалынч сөздөй жалын өчкөндө,
Жүрө-жүрө жүрөк пыр белем.
Бозоргон бир ташты көрктөнтө
Достор жазат сөздү  ыр менен.

 

Ошол сөзүн, ошол санатын
Өзүм… өзүм баштап кетейин:
Бейбак ичкич аракканасын
Бек сүйгөндөй – сүйгөн мекенин!

 

* * *
Кош бол, досум, кош деп турам кардыга,
Коштоп дайым жүрөгүмдө жүрөсүң.
Жол айрылып жаткан менен – алдыда
Жолугууга барасың бир күнү өзүң!

 

Кош бол, досум, кол бербе да, үндебе,
Кой, сыздаба, жанча бербе жаныңы эч –
Өлүм, күйүт эзелтен бар дүйнөдө,
Өмүр сүрүш андан бетер жаңы эмес?!