ЗЕЙНАЛОВ Эйваз: Чоң атасы менен небере (аңгеме, которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ)

АҢГЕМЕ

Күндөрдүн биринде небересин ээрчитип аксакал шаарга сапар алды. Ал, көп жашаган акылдуу болсо, небересинин көзү курч, баамчыл. Анан экөөнүн тең кулактары сак. Жол жээги менен экөө ээрчишип баратканда небере аянычтуу чыйпылдаган үндү капысынан уга коюп, токтоло калды. Көрсө, уясынан кулаган чымчыктын балапаны чөптө томолонуп, чыйпылдап жатыптыр. Небере балапанды колуна аярлай ала коюп, чоң атасына сунду. Чоң атасы алгач балапанга, андан бактагы уяга карап алып, башын чайкады да:

– Мм… экөөбүзгө кыйын болмок болду. Эми эмине кылмакпыз?.. – деди кабатырланып.
– Эмне кылабыз дегениңиз кандай, чоң ата? – деди эч нерсеге түшүнбөгөн небере шашкалактап.
– Балапандын уясында жок экенин көрөр замат энеси жанталашып, чуу көтөрө баштайт. Балапанды тезинен уясына салбасак болбойт. Мен болсо карымын… бакка эми кантип чыкмакмын?..

Небере жагдайды түшүнө койду да.

– А менчи, чоң ата?.. – деди компоюп.

Анан ал мышыктай шыпылдап бакка чыгып барды да балапанды уясына салып, кайрадан шыпырылып түшүп келди.

Чоң атасы ага сыймыктана карап алды да, улутунуп коюп жолун улантты. Небереси аны артынан кууп жете барып:

– Чоң ата, сиз эмнеге үшкүрдүңүз? – деп сурай кетти.
– Жаштыгымды, өткөн жылдарымды эстеп кетпедимби. Бир кезде мен да сендей болуп, бутактан бутакка секирчү элем. Ошол күндөр эми кайда…

Көп өтпөй алар айыл тушундагы автобустун аялдамасына жете келишти. Эл көп экен. Аксакалды көрө коюшуп бардыгы аны сыйлай ордунан тура калышты. Ызаат көрсөтө баш ийип учурашышты. Кай бирлери жанына келип ал-ахыбалын сурап да жиберишти. Аңгыча автобус келип калды. Аксакалга бардыгы жол бошотушту. Алтургай автобустун айдоочусу да аны жылмайып тосуп алды. Алар качан шаарга жетишкенде жаштар тура калып, аксакалды колтуктап, жерге түшкөнүнө жардамдашып жиберишти…

Автобус жөнөй берди. Небереси чоң атасына суктана карап алды да, терең улутунуп койду. Аны чоң атасы байкап калды.
– Ой, чунак, сен эмне, улутунуп?..
– Менин дагы сиздей аксакал болгум келип кетти, чоң ата…
Аксакал билинер-билинбес жылмайып:
– Карылыктын суктанарлык эмнеси бар дейсиң, анчалык… – деп койду.
– Мени да баары сизди сыйлагандай сыйлашса…
– Аа, мына, кеп каякта, – аксакал сакалын сылап небересине кайрылды, – а сен бир нерсени байкадыңбы, чунак, автобуста менден да улуулар бар болучу. Алар менин карылыгыма карап эле сыйлашпайт. Андай урматка көптөгөн ак эмгек менен жетиш керек. Демек, карылыкка ашыкпагын. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, кези келгенде карылык сени да өзү таап алат…
Которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ