ЗЕЙНАЛОВ Эйваз: Кымбат шоколаддын кутусу (аңгеме, которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ)

АҢГЕМЕ

Урматтууларым, силерге шоколаддын бир кутусу тууралуу кызык окуяны айтып берейин деп турамын. Ал, кондитердик фабрикада жасалган кооз, кымбат шоколаддын кутуларынын бири болучу. Аны дүкөндөн атайын сатып алып кичинекей, татына кыздын туулган күнүнө белек кылышкан эле…

Меймандар али таркай элек болучу. Туулган күнү белгиленип жаткан кичинекей, татына кыз бир кезде белектер киргизилген бөлмөгө билинбей кирип кетти. Ар түркүн жайнаган шоколаддын, момпосуйдун кутуларынын арасынан анын көңүлүн сөз болуп жаткан кымбат шоколаддын кутусу өзгөчө буруп калды. Кыз аны дароо ачып, шоколаддын бирин алып, оозуна салып жиберди. Ал, аябай таттуу экен…

Ата-энеси бул кутудагы шоколадды көрүшсө аларга да сөзсүз жагат деп ойлоду ал. Алтургай алардын да шилекейи дароо акпай койбос. Бирок ата-энелери кыздын кылыгын жактырышкан жок, алардын ойлору такыр башка эле. Апасы кымбат кутулуу шоколадды көрүп:

– Бул куту – дасторкондун көркү болот. Аны досторубузга же жакындарыбызга алып барып ыраазы кылабыз, – деди.

Атасы кутуну колуна алып, нары-бери оодарып көрүп, четки жагын кунт коё тиктеп калды. Андагы жазуулары көрүнбөдү, кимдир бирөө өчүрүп салыптыр.

– Балким, бул эскидир, – деди ал, – көпкө сактаганга болбостур?

Апасы ага кошулган жок:

– Койсоңчу, бул кишилер бизге эскирген шоколад алып келишмек эмес.

Алар кутунун ичиндеги шоколадга тийбестен, бөлөк, арзан шоколаддан бирди алышты да кызы жеген шоколаддын бош ордуна салып коюшту. Анан кутунун ачылганын бирөөлөр билип коюшпасын деп, четтерин дыкаттап кайра чаптап салышты.

Бир жолу алар кымбат кутулуу шоколадды алышты да жаңы үйгө көчкөн досторуна өрүлүктөп барышты…

Мына, кымбат, кооз кутулуу шоколаддын кара күндөрү дал ушул күндөн башталды. Ал колдон колго өтүп, улам бир үйдү кыдыра баштады. Куту өзүн арзан, бөлөк кутудагы момпосуйлар сыңары ачып, таттуу шоколаддарымды качан жээр экен деп чыдамсыз күтүп жүрдү. Анын кымбаттыгынан улам аны ачууга эч кимдин колу барган жок. Кутунун бул саякаттоосу оюнга окшош эле: жаңы кожоюндары анын сыртынан түркүн түстүү кагаз менен жаңыртып ороп, жалтырактар менен кооздоп, жаңы пакеттерге салып жатышты. Бирок убакытка муздаткыч да каршы тура албады. Шоколаддар таттуу сапатын жоготуп, бузула баштады. Аны эч билишпей, колдон-колго өткөрүп жатышкан кишилер үчүн эми куту уяла баштады. Бирөөгө жакшылык жасаймын деп, жамандык жасап жаткандарын билбегендер бар эмеспи.

Бир жолу кымбат шоколаддын кутусу бөлөк аймак, башка шаарга да барып калды. Бирок ал жакта да анын ажаты ачылган жок…

Ошентип, алысты да кыдырып, эсепсиз үйлөрдө, ар кандай муздаткычтарда болуп келген кымбат шоколаддын кутусу туура бир жыл өтүп кайра келип калды. Так эле баягы жерине, мурдагы үйүнө, татынакай кыздын туулган күнүнө. Кичинекей, татына кыз бир жыл ичинде кыйла эс кирип, чоңоюп калган. Ал, кымбат шоколаддын кутусун көрө коюп, аны дароо тааный койду! Апасына чуркап барып:

– Апа, билесиңби, биздин былтыркы шоколад кутубуз кайтып келиптир! – деди кубана.

Аны көргөн ата-энесинин таң калышканын айтпа! Чын эле баягы кымбат куту… Акыры аны да ачышты. Кызыгы – курттар кымбат шоколаддардын баарын жеп, баягы, кошуп койгон арзанына эч тийишпептир. Алар да кайсыл шоколаддын чынында эле таттуу экенин билишет окшобойбу…

Которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ