КАФКА Франц: Жаңы адвокат (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Биздин катарыбызга жаңы адвокат кошулду — д-р Буцефал. Анын сырт келбетинен алдыңда бир кездерде Александр Макендонскийдин согушка минген аты турат деп айтыш кыйын эле. Баары бир билген адамдардан эч нерсе жашыра албайсың да. Жакында эле бир көрпенде кызматкердин ат чабыштарды калтырбай көрүп каныккан көздөрү кызаргыча,  соттун кире беришиндеги мрамор тепкичте жоон сандарын бултаңдатып секирип чыгып келаткан адвокатты суктана карап турганын көзүм чалды.

Анткен менен адвокаттар коллегиясы Буцефалды биздин катарыбызга кошуп алууга эч тоскоолдуксуз макулдугун берди.

Адамдар Буцефалга анын дүйнө тарыхындагы ээлеген ордун айтпаганда да,  анын азыркы учурдагы абалга көнүшү бир топ  кыйын экенин өзгөчө сезимталдык менен түшүнүп  сөз кылып жатышты.

Өзүңүздөр билесиздер, улуу Александр арабызда жок азыр. Бирок кудайга шүгүр,  киши өлтүргөндү бизде деле билишет; банкет үстөлүнө артыла калып досун найза менен ыргыта сайыш кеп бекен, адаттагы эле нерсе. Көп адамдарга Македония тардык кыла баштады, ал үчүн Филип-атаны ата-жотосун койбой сөгүп кыжынышат, бирок бир да адам, эч ким,  бизди Индияга баштап бара албайт эй.

Шол кезде эле Индиянын дарбазасы кол жеткис болчу, бирок ага барчу жолду падышанын сүрдүү кылычы көрсөтүп турар эле. Азыр болсо дарбаза башка жерге – алыс жана мурдагыдан да бийик жерге которулган, бирок жол көргөзкөн эч ким жок; кылыч кармагандар толтура, алар аны таяк сымал ары-бери сороңдотконду эле билишет, анан алардын артынан кайсы жинди ээрчимек.

Ошондуктан баарынан туурасы – Буцефалдай, мыйзамдар китебин окуп үйрөнүүгө киришүүсү керек. Атасынын көрү эй, өз башына өзү ээ: баягы-баягы үстүнө минип алып кайра-кайра камчылаган каардуу кожоюн жок, үлпүлдөп күйгөн шам жарыгында Александр жүргүзгөн  согуштардын күү-шаасынан оолак, тынч отуруп алып, илгерки китептерди барактап окуур-окумаксан түр көрсөт да, отура берет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ