КИБЕР Манфред: Лупс (аңгеме, которгон Адилет ШАДЫКАНОВА)

Немисчеден которгон Адилет ШАДЫКАНОВА

АҢГЕМЕ

Лупс мырза деген таранчы болуптур. Аялын болсо Лупс айым деп аташар эле. Аялдар күйөөлөрүнүн атына жараша күйөөлөрүн карап өздөрүн түздөшөт эмеспи.

Жаз айы эле. Лупс айым уясында жумурткаларын басып отурган. Аңгыча Лупс мырза жем алып келип калды. Анан ал уянын кырына барып конуп, жаркырап тийип турган күндү карап, күн чубактап отурду.

«Адамдардын айтуусуна караганда, таранчылар урушчаак жана уятсыз болушат» деп ойлоду Лупс айым, “антип алар эркек таранчылар жөнүндө айтышса керек. Мындай сапаттарды мен күйөөмдөн көрө албадым. Албетте, ал жакшы күйөөнүн каамытын кийе элек али, бирок аны үйрөнүп жатат”.

Лупс мырза уянын кырында отура бергенден жадап кетти да:

– Мен деле жумуртка басайынчы, – деди.

– Жок, – деди Лупс айым, кеп жебегендиктен эмес, тарбиялык максатта.

– Чыр-р-т, – деди Лупс мырза кабак чытып, – бул менин да жумурткаларым.

– Жок, – деди Лупс айым, кайрадан тарбиялык максатта.

Лупс мырза жини келип канаттарын каккылады.

– Жумуртка басууга менин да укугум бар, мен атасымын го! – деп кыйкырды ал.

– Минтип канаттарыңды каккылаба, – деди Лупс айым, – уяда отурганда андай кылууга болбойт. Менин да ачуума тийип атасың. Силер, эркектер, бир гана канат каккылаганды билесиңер. Мени карачы, менден үлгү алсаң боло! Мен дайыма кабагым-кашым дебей бир калыпта жүрөм. Албетте, бул сенин жумурткаларың. Бирок сага караганда алар көбүнчө мага таандык. Мен муну азыр эле айтпадымбы. Экөөбүз никелүү жубайлар экенибиз эсиңде болсун!

– Аны унутпай калайын, ал дайыма эсте, – деди Лупс мырза. – Бирок сен мындан бир аз мурда башкача сүйлөбөдүң беле. Бул өзү логикага сыйбайт!

– Логикаң менен менин башымды оорутуп, жолтоо болбо. Биздин никелүү түгөй экенибиз да логикага сыйбайт экен да анда.

– Ошондой, – Лупс мырза тумшугун ачып-жаап, жаагын шакылдатты.

– Сен чынында андай деп ойлобойсуңда, э-э??? – деди Лупс айым жасакерлене.

Лупс мырза жаагын шакылдатканын токтотту да:

– Ооба, жаным, ооба, – деди.

«Мына, ал жакшы күйөө болуунун мектебинен ийгиликтүү өтүп жатат» деп ойлоду Лупс айым.

– Мен азыр клубга бармак элем, – Лупс мырза канат-куйругун тазалап, тартипке келтире баштады.

– Сен деле жок дегенде бир жолу жумуртка басып койсоң боло, – деди Лупс айым жемелегендей, – мен керели-кечке жумуртка басып отурам. Ушинтип отургандан жыргал табат дейсиңби? Бул сенин деле жумурткаларың го!

Лупс мырза «күн тийбей эле койсо» деп ойлоду. Бирок күн дагы эле чакчайып тийип, көз уялтып турду.

– Айтарга мындайда сөз табылбайт! – деп кыйкырды Лупс мырза, – мен жумуртка басып отурайын десем, жумурткалар сеники. Эми клубга жөнөйүн десем,  жумурткалар меники боло калды. Деги жумурткалар кимдики?!

– Антип көп эле бакыра бербечи, – деди Лупс айым, – албетте, сенин жумурткаларың. Бая эле ошентип айтпадым беле?

Лупс мырза таңгала башын чайкады:

– Сен жаңылышып жатасың го, – деп оозу бош айтты ал.

– Аялдар эч качан жаңылышпайт, – деди Лупс айым.

– Ооба, жаным, ооба, – Лупс мырза өзүнүкүбү же жокпу, бирок өзүнүкү боло калган жумурткаларды басып отуруп калды.

– Эркектер анча-мынчаны байкабайсыңар, капарга албайсыңар… – Лупс айым эркелеп да, жемелеп да, таарынгандай: – Аялзаттын назик колунун мээримин өмүрүңдө аз эле көрсөң  керек.

– О, жок, – Лупс мырза жубайынын кичинекей тырмактарын карап калды.

Лупс айым жумурткаларын кылдаттык менен тыңшап, улам-улам карап жатты.

– Жумуртканын ичинде бирөөсү чыйпылдап жатат, – деди ал бир маалда бакытка балкып.

– Анда ал ургаачы болуш керек, – деди Лупс мырза.

Лупс айым чапчаңдык менен шарт бурулду күйөөсүнө:

– Ананчы, – деди Лупс айым, – сөзсүз ургаачы. Интеллигенция дайыма алдыда жүрөт да!

Лупс мырза канчалык ачуусу келсе да жумурткаларды былк этпей жылытып басып отура берди.

– Жумуртканы биринчи эркек баштап жарып чыгат, – деген ал каршылыгын билгизе акыры одоно үн катты.

Лупс айым кулак кагып да койгон жок.

– Кайсынысы биринчи чыйпылдап үн берсе, ошонусу биринчи чыгат жумурткадан. Ал, албетте, эч талашсыз ургаачы. Эми жумурткаларды мага калтыр. Бул абдан кооптуу учур. Муну аялдар гана жакшы билет. Анын үстүнө жумурткалар меники да.

– Ооба, жаным, ооба, – деди Лупс мырза.

Бир аздан соң жумуртканы чегип туңгуч балапан чыга келди. Ал эркек балапан эле. Лупс мырза жүндөрүн түктөйтүп, кыбасы кана табалап чыртылдады.

– Көрдүңбү? – деди Лупс айым, – азыр эле айтпадым беле эркек балапан чыгат деп. Муну мага караганда сен тагыраак билсең болмок.

Лупс мырза оозун аңырайта ачты. Өмүрүндө ал оозун мынча чоң ачкан эмес, таңгалып туруп калды. Мындан ары чыдоого мүмкүн эмес эле. Бирок ал кыңк деген добуш чыгарбады. Акыры шак эттире жаагын жапты.

Түбөлүккө.

“Ак никелүү жубайлыкка эми бышып жетилди” деп ойлоду Лупс айым кичинекей балапандарга жумуртканын кабыгынан бошонууга жардам берип жатып.

– Эми клубга бара берсең болот, сүйүктүүм, – деди Лупс айым назик үн менен, – бир аз алаксып, сергип кел. Далайдан бери ушинтип айта берип тилим тешилди. Кайра келатканда жем ала кел.

– Ооба, жаным, ооба, – деди Лупс мырза.

Лупс мырзага клубда сөз берилип, сүйлөп жатты:

– Биз эркекпиз! Натыйжалуу ишти көрүүгө милдеттүүбүз, ишти!!!” – канаттарын каккылап кыйкырды.

Лупс айым бул учурда уядагы кичинекейлерин жылытып жатты.

– Баарыңар атаңардын атын аласыңар, баарыңардын атыңар Лупс болот, – деди ал балапандарын эркелете.

“Эшегине жараша тушагы” дегендей, аялдар да күйөөлөрүнүн атына жараша, күйөөлөрүн карап түздөнүшөт эмеспи.