КОНФУЦИЙ: Конфуций: Сөз айтардан мурун биринчиден ойлоруңду иретке келтир

“Улуу окуунун” негизги идеясы өзүңдөгү адамгерчиликтүүлүктүн бийик сапаттарын өнүктүрүүдө, ойлордун дайыма жаңыланып туруусунда жана ушул максат менен жакшы иштерди жасоодо. Улуу иштер колунан келерин билгенде гана адам алга умтула баштайт. Умтулган жагы туура экенине, жаркын келечекке жетүүгө болорун билгенде гана адамдын жүрөгү тынчтанат. Жүрөк тынчыганда гана жан дүйнө тынчтанат. Андан кийин ойлоруң сергек, бирок терең болот. Ушундай ойлонууну үйрөнгөндөн кийин гана ийгиликке жетүүгө болот. Баардык жандуу жана жансыздардын тамыры жана үстүңкү бөлүгү бар. Алардын баары башталыш жана бүтүүгө ээ. Эгерде башталышында жана уланышында эмне кылыш керектигин билсең, баардык жандуулардын өнүгүш мыйзамына жакындоого мүмкүн болот.

* * *

Байыркы замандарда Асман алдындагы өлкөдө акылман, изги жана тартиптүү адамды табуу үчүн баарынан мурун мамлекеттеги иштерди жөнгө салуу керек болгон,  бул үчүн адегенде өз үй-бүлөңдө тартип орнотууң керек эле. Үй-бүлөдө тартип орнотуу үчүн өзүңдүн жүрүм-трумуңду оңдоп, биринчи кезекте эркиңди туура жолго багыттап, ал үчүн ойлоруңду ак пейилдүүлүккө буруу керек болгон. Ойлоруңда ак ниеттүүлүк болуусу үчүн билим алуу керек. Билим алуу үчүн нерселердин чыныгы табиятын аңдап, аларды тереңдеп изилдөө керек.

* * *

Мен Алтын Ортолуктун жолу менен барууга тоскоол болгон себепти тааныдым: акылдуу адамдар Алтын Ортолуктун чектеринен өтүп кетишти, түркөйлөр болсо бул чектерге жетише элек. Мен Алтын Ортолуктун көрүнбөй жаткан себебин билдим: таланттуу адамдар Алтын Ортолуктун чегин кесип өтүштү, ал эми зээнсиз адамдар ага жете элек.

* * *

Ийгиликке жетүү үчүн кайсы жумуш болбосун алдын ала кылдаттык менен даярдап алуу керек. Даярдыксыз ийгиликке жете албайсың. Сөз айтардан мурун биринчиден ойлоруңду иретке келтир. Бирдемени жасардан мурун кыйынчылыктар жаралбоосу үчүн адегенде жакшылап даярдануу керек. Эгерде аракет кылууга даярдансаң, кыйынчылыктардан кутуласың. Жолго чыгардан мурун туңгуюкка такалбоо үчүн биринчиден туура жолду танда.

* * *

Башкалардан жардамды бир жолу сура, өзүң жүз жолу аракет кыл; башкалардан жардамды он жолу сура, өзүң миң ирет аракет кыл. Эгерде бул айткандарды ишке ашыра алсаң, түркөй болсоң да акылманга айланасың, ал эле эмес алсыз адам да күчтүү болот.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Эгерде өзүңдү адеп-ахлак ынанымдарына тескери алып жүрсөң, анда адамдар сага бир үлүш да цзунцзы (бамбук жалбырактарына салынып берилген жабышкак күрүчтөн жасалган кытай тамагы) беришпейт. Эгерде адеп-ахлак эрежелерин сактасаң, анда Асман алдындагы өлкөгө Шунь Яодон өткөрүп алгандай ээ болосуң. Бул аша чапкандык деп эсептелбейт. Же муну айла кеткендик деп ойлойсуңбу?».

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ