КОНФУЦИЙ: Конфуций: Насааттарды жашоодо колдонуу

Үлгүлүү адам сүйлөгөндө абайлашы зарыл, кылган иштеринде эпчил болууга тийиш.

* * *

Кыштактын ар он үйүнүн биринен сөзсүз түрдө мен сыяктуу чынчыл адам табылат, бирок ал окууну менчелик жакшы көрбөйт.

* * *

Адамдын бардык кылык-жоруктарына жана кыймыл-аракетине абай салгыла, анын жашыруун ниеттерин, ал үчүн кубаныч эмне экенин билгиле, ал дагы эмнени жашыра аларын ачыктагыла.

* * *

Цзы Гун устаттан ким чыныгы адам деп эсептелерин сурады. Конфуций жооп берди: «Ал адегенде эмне айткысы келгенин ишке ашырат, андан кийин гана бул тууралуу айтып берет».

* * *

Болуп өткөндөр тууралуу айтуунун кажети жок. Жасалган нерсе жөнүндө талашуу керек эмес. Өтүп кеткен иштерди териштирүүнүн зарылдыгы жок.

* * *

Асыл адам Асман алдындагы өлкөгө эмне керек, эмненин зарыл эместиги боюнча алдын ала ой жүгүртүп, ага бекип жүрбөйт, анын милдетке ылайык иш кылуу ынанымы гана бар.

* * *

Байыркы убактарда адамдар ойлонбой сүйлөгөн эмес, анткени убадаларын аткара албай калгандан улам бет кызарып уялуудан коркушкан.

* * *

Чыныгы адамдын колунан жумуш жеңил бүтөт, бирок анын кыйынчылыктарды жакшы көрөрүн айтып жүрүшөт. Жан дүйнөсү таза адам тууралуу адилетсиздик менен кеп кылышканда, бул ага абдан катуу тиет. Андай жетекчилер кызматкерлерди жөндөмүнө карап тандайт. Жан дүйнөсү пас адамга жумуш оор, андыктан ал иштин жеңилине качырып турат. Мындай мүнөздөгү жетекчилердин иш кылуу ыкмасы адилетсиз экени ачык айтылып жатса да буга кол шилтеп, ал тургай жактыргандай мамиле кылып коё берет. Ал анткени менен кызматкерлерди тандаганда аларга чоң жоопкерчиликти тагып, талапты катуу коёт.

* * *

Мурун адам бир ишти аткаруу тууралуу айтып жатса, мен анын ишке ашырыларына ишенчүмүн. Эми болсо, адамды угам, бирок анын аракетине байкоо салам.

* * *

Жан дүйнөсү баё адам  эреже китептерин көңүл коюу менен окуп үйрөнөт, өзүн ырым-жырымдар менен жана ар кандай жоопкерчиликтер менен чектейт, ошон үчүн ал эрежелерди бузбай жашайт, ушундай жашоо-турмушуна жараша чындыкка өз алдынча жете албайт.

* * *

Көргөн-укканыңдын баарын унчукпастан жүрөктө сактоо керек. Тырышуу менен окуп жана эч качан токтоп калбоо кажет. Чарчоо билбестен башкаларды окут. Булардын ичинен мен эмнесин жасадым?.

* * *

Максаты Даого жетүү болуп, багыты изги иштерди жана жакшылыктарды кылуу аркылуу кетип, адамгерчиликке таянуусу керек. Бул ишмердүүлүк өзүнө искусствонун алты түрүн камтыган. Алар: жүрүм-турум эрежелери, музыка, жаа атуу, ат минүү, кооз жана так жазуу өнөрү (каллиграфия) жана математика.

* * *

Мен адамгерчилик менен изгиликтен алысмынбы? Боорукер жана изги болууну каалай турган болсом, алар жаныма заматта пайда болот.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ