КОНФУЦИЙ: Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү

Конфуций эрдик жана күч-кубаттуулук тууралуу сөздөргө, адам ишениши кыйын иштер боюнча талаштарга, уруш-талаштарга жана кудай жөнүндөгү талкууларга аралашчу эмес.

Конфуций төрт нерсеси менен башка адамдардан жогору турган: ал божомолдорду айтчу эмес, кежирлик кылбаган, сокур тырышчаактыкты көрсөтпөгөн, ал өзүн күнөөсүз периште сезбеген.

* * *

Цзэн Цзы айткан: “Мен күн сайын өзүмдү үч тарабымдан талдап турам. Башкаларга жакшылык жасай албасам да аны кылууга ниеттендимби? Досторум менен маектешүүдө ак ниет жана чынчыл болдумбу? Устатым берген билимди ичимден унутпай кайталап жүрөмбү?»

* * *

Жетик адам жашоосундагы үч мезгилде сактык кылат: күч-кубаты бир калыпта болбогон жеткинчектик курагында кумардуу калоолордон этият болот, жашоого карата күчү ташып жетилген жаштыгында согуштан сактанат, картайып, өмүргө дем берер жигери басайып, кубаты алсызданганда жашоого канааттанып ыраазы болууга аяр мамиле кылат.

* * *

Изги адамга жолуксаң ага карап түздөнүү керек. Кара өзгөй адамга жолуксаң өзүң жөнүндө ойлонууң зарыл.

* * *

Эгерде жөнөкөйлүк сулуулуктан жогору турса, анда ал оройлук. А эгерде сулуулук жөнөкөйлүктөн жогору чыкса, анда ал ыгы жок кооздукка айланат. Жөнөкөйлүк менен сулуулукту шайкештикте алып жүргөн адам гана асыл атка ээ.

* * *

Эгерде адам өзүн изги тазалыкка тарбиялоо  менен туруктуу алектенбесе ал адамгерчилик жана милдет эмне экенин билет, бирок аларды иш жүзүндө колдонбойт, өз кемчиликтерин убагында оңдой албайт. Мунун баары мени тынчсыздантпай койбойт.

* * *

Чыныгы адам деген атка татыктуу кишинин ойлору тынч жана кеңири. Майда адам өз ийгиликтерин жоготуп алгандан жана жолу болбой калгандан дайыма коркуп жашайт, анын жандүйнөсү ар дайым дүрбөлөңгө түшүп кыйналып турат.

* * *

Чынчыл саясат жүргүзүлүп, адилет башкарылган өлкөдө жашап кедей бойдон калуу жана аты-жытың чыкпаганы – шермендечилик. Адилет башкарылбаган, таза саясат жүргүзүлбөгөн өлкөдө бай жашоо жана атактуу болуу – маскарачылык.

* * *

Окуп үйрөнүүчүлөр билим алуу максатынан мурда адеп-ыймандуу болушу шарт. Эгерде адам үстүндөгү жупуну кийминен жана азыктанган жөнөкөй тамагынан уялса, мындай адамдар менен адеп-ахлак тууралуу сүйлөшүп кереги жок.

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ