КОНФУЦИЙ: Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү II

Эгерде мамлекет башындагылар чынчыл саясат жүргүзсө, чындыкты айтып, адилет болуу зарыл. Эгер мамлекет башындагылардын саясатында чынчылдык жок болсо, адилет болуу керек, бирок баш ийип сүйлөө кажет.

* * *

Эгерде билим алган киши сайрандап жашаганды жакшы көрсө, анда ал билимдүү адам деген сапатка татыктуу эмес.

* * *

Адамгерчиликтүү инсан сөзсүз түрдө чындыкты айтат. Чындыкты сүйлөгөн инсан ар дайым эле адамгерчиликтүү боло бербейт. Адамгерчиликтүү адамдар эр жүрөк болушат, эр жүрөк адамдардын баары эле адамгерчиликтүү эмес.

* * *

Изги адамдын кылган иштерине айткан сөздөрү айкалышпаса анда бул — шермендечилик.

* * *

Көңүл ачуунун үч пайдалуу жана үч зыяндуу түрү бар. Пайдалуу көңүл ачуу: шапар тебүүгө музыканы туура тандоо, башкалардын жакшы касиеттерин мактоо, көптөгөн акылдуу жана аксанатай адамдар менен дос болуу. Зыяндуу көңүл ачуу: уятсыз жана бузуку жүрүм-турум, бош убакытты обу жок көңүл ачууга жумшоо, ашыкча ачылып-чачылып тойлоо.

* * *

Ынанымдарга шайкеш келген олуттуу жана туура айтылган сөздөргө баш ийбей коюуга мүмкүнбү? Бир гана каталарды оңдоо мааниге ээ. Же эмне сергектик менен,ошондой эле такталган жана кыска-нуска айтылган сөздөр кубандырбайбы? Маселенин үстүнөн ойлонууда анын тамырын табуу баалуу жана маанилүү. Көрбөй туруп сокур эле сүйүнө берген, сергек ой жүгүртпөгөн, оозеки убада берген, бирок иш жүзүндө оңолбогон адамдар менен  мен келише албайм.

* * *

Чыныгы ката — бул  кетирилген катаны оңдобой коюу.

* * *

Адамдык касиетке ээ инсандын жолу бир калыпта, бирок тажатпагыдай кыска жана заманга шайкеш, боорукердикке толо жана тартиптүү. Алыскы нерсе жакындан башталат, шамалдын өз болуш себеби бар, ал эми жүрөккө катылган сырлар сырттан дайым көрүнүп турат – ушуларды билүү менен гана жакшылыктын жолуна түшүүгө болот.

* * *

Жогорку мансапты ээлеп туруп өзүңдөн төмөн тургандарга кысым көрсөтпө. Мааниси аз жумуш ордунда иштеп туруп өзүңдөн даражасы жогоруларга жагалданба. Өзүңдү тарбиялап, башкалардан эч нерсе сураба, ошондо арыз-муңдан кутуласың. Чоң мансапты ээлеп туруп Жаратканга нааразы болбо. Катардагы адам болгонуң үчүн башкаларды күнөөлөбө.

Эркиң кайда умтулса, сезимдериң да ошол жака умтулат. Ошон үчүн мындай дейт: “Өз эркиңди бекем карман, сезимдериңди акылсыздык менен ээрчибе.

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ