КОНФУЦИЙ: Конфуций үй-бүлөдөгү тартипти сактоо жөнүндө IV

Конфуций айткан: “Атаңдын көзү тирүүсүндө анын умтулууларына көз сал. Атаң дүйнөдөн өткөндө анын кылган иштерин изилде. Эгерде акыркы үч жыл ичиндеги анын иш-аракеттери өзү үйрөткөн тарбияга карама-каршы келбесе анда атаңды кадырлуу адам деп айтууга болот”.

* * *

Конфуций айткан: “Ысырапкорчулук менен ашкере байлык жүрүм-турум эрежелеринин бузулуусуна жана өзүм билемдикке алып келет. Ашыкча үнөмдөө наадандык менен ач көздүккө алып келет. Жүрүм-турум эрежелеринин бузулушу жана өзүм билемдик түркөйлүк менен ач көздүктөн жаман”.

* * *

Конфуций айткан: “Эстүүлүк деп аталган нерсе бул – адилеттүү мүнөз жана чындыкка умтулуу. Бул адамдардын сөздөрүн талдай билүү, алардын кабак-кашын байкоо, аларга кылдаттык менен жана эбине көнүү менен мамиле жасай билүү керектигин эстен чыгарбоо. Император сарайынын атка минерлери өздөрүн кызматында кандай акыл-эстүү алып жүрүшсө, өз үйлөрүндө да ошондой жүрүш-турушту кармануулары керек.”

* * *

Бир сөз менен айтканда, адам өз алдынча иштей билбесе, үй-бүлөсүн да тартипке келтире албайт.

* * *

Эгерде адам “Жакындарыңа өзүңө жасаган мамилени кыл” деген адеп-ахлактуулуктун алтын эрежелерин карманбаса жана башка адамдарды өз көз караштарына ылайык иш кылууга чакырса, анда мындай адам мурда катачылык кетирген эмес. Ошондуктан мамлекетти мыкты башкарыш үчүн биринчиден өз үй-бүлөңдү жакшылап башкара билүүң керек деп бекеринен айтышпайт.

* * *

Бир туугандарын тынчтыкта жана ынтымакта жашаганга үйрөтө алган киши, мекендештерин да бул адаттарга үйрөтө алат.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Эски макал мындай деп тастыктайт: “Аалам – бул мамлекет”. Демек, бүт дүйнөнүн негизин мамлекет түзөт, мамлекет өзөгү болсо  үй-бүлө, ал эми үй-бүлөгө ар бир жеке адам негиз боло алат”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адам ар дайым өзүнө-өзү шермендечиликти чакырып алат, ошондон кийин гана ал адамдардын шылдыңына кабылат. Үй-бүлө да алгач өзүнөн-өзү ичинен бузулат, андан кийин башка адамдар тарабынан талкаланат. Кыйраар мамлекетте да адегенде ичтен ыдырай баштайт, ошондон кийин гана ага тышкы душмандар кол салышат”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Улуу Дао биздин жаныбызда, бирок аны табуу үчүн узак жол басыш керек. Башында бул оңойдой туюлат, бирок аны баштоо дайым кыйынга турат. Качан гана ар бир адам өз ата-энесин жакшы көргөндө жана улууларды сыйлаганда  бүткүл Асман алдындагы өлкөдө тынчтык орнойт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Өзүнө-өзү зыян келтирген адам менен сүйлөшүүгө болбойт. Өзүнөн-өзү баш тарткандар менен биргелешип иш кылганга да болбойт. Сөзү менен иши, жүрүм-туруму айкалышпаган учурда адам өзүнө-өзү зыян кылат. Эгерде инсан адамгерчилик мыйзамдары менен жана жоопкерчилик сезими менен жөн жай жашоо кечире албай калса, анда мындай адамдарга өзүнөн-өзү баш тарткандар деген терс сынды берсе болот. Эгер адамгерчиликти биз адам үчүн эң ишеничтүү турак-жай деп элестетсек, жоопкерчилик сезими ага түз баруучу  жол болуп саналат. А түз жолдон баш тарткан кезде ишеничтүү жай бош калат. Бул абдан кайгылуу”.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ