КОНФУЦИЙ: Конфуций үй-бүлөдөгү тартипти сактоо жөнүндө V

* * *

Мэн-цзы айткан: “Достордун ишенимине ээ болуунун жолдору бар. Эгерде ата-энеңди багып жүрүп аларга кубаныч тартуулай албасаң, анда досторуңдун ишенимине  арзууң мүмкүн эмес. Ата-энени кубандыруунун жолдору көп. Аны өзүңдөн талап кыла бил. Эгерде көрсөткөн жакшы пейилиң чын дилден чыкпаса, ата-энеңе кубаныч тартуулай албайсың”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Байыркы замандарда аталар уулдарын тарбиялатыш үчүн аларды өз ара бири-бирине жиберип турушкан. Алар уулдарына жумшак мамиле кылууну өз ара сурашышпаган, башкалардан да муну катуу талап кылышкан. Эгерде өзүңдүкүн аёону суранып, башкалардын балдарын катуу кармасаң, өз ара түшүнүшүү болбой калмак. Ал эми өз ара түшүнүшүүнүн жоктугу — эң чоң бактысыздыктын белгиси”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адамгерчиликтин маңызы ата-энеге кам көрүүгө, парыз менен милдеттин маңызы улуулардын артынан ээрчүүгө камтылган. Акылмандыктын маңызы ушул эки чындыкты түшүнүүгө жана андан тайбоого байланышкан. Каада-салттардын маңызы ушул акыйкаттарга ыңгайлашууда жана аларды аткаруудан кубаныч табууда, ошондо гана көңүлдөрдө шаттык пайда болот. Көңүлдөр көтөрүлгөндөй, шаңдуу маанай пайда болгондой кылуу керек, ошондо гана аны токтото албайсың. А эгерде шаңдуулукту  токтотуу мүмкүн болбосо, анда өзүңдөн өзүң эле бийлеп киресиң”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Жакшы тилектүү изги адам инисине ачуусу келгенин жашырбайт. Ал эми ага бул ачуусу менен катуу тийип алса түнү бою уктай албай чыгат, натыйжада ал инисине мурункусунан да жакынырак болуп, мурдагыдан да жакшырак кам көрө баштайт. Ага даражалуу орунга жетүүсү үчүн жардам берип, бакубат жашоосу үчүн кам көрөт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адам бир нерсени окубай туруп жасай алса бул табигый жөндөм. Болор ишти ойлонбой туруп билүү — бул алдын ала сезүү. Эки-үч жашар балдар ата-энени сүйүү керектигин билишет. Ал эми чоңойгон кездеринде улууларды урматтоо керектигин түшүнүшөт. Ата-энени сүйүү бул — боорукердик, улууларды урматтоо бул — милдет. Адамгерчилик менен милдеттин жападан жалгыз себебин  Асман өзү чечмелейт”.

* * *

Мэн-цзы Фань падышалыгынын борборунан Ци падышалыгынын борборуна келип, алыс аралыктан Ци падышалыгынын өкүмдарынын уулун көрүп оор үшкүрүнүп мындай деди: “Жашаган жайы адамдын мүнөзүнө таасир этет экен, бирөөнүн багуусунда болуу адамдын дене мүчөсүн өзгөртөт. Адамдын жашаган жайы менен жүргөн чөйрөсү абдан маанилүү, эгер бул андай болбосо, анда бул адамдын баласы экенине ишенбейм”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Эгерде адам Улуу Даонун жолун жолдобосо анда Улуу Даону анын аялы менен балдары да ээрчибейт. Эгерде башкаларга Улуу Даога жараша иш кылбоосун буйрусак, анда бизди, ал тургай өзүбүздүн аялдарыбыз менен бала-чакабыз да угушпайт”.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ