КОНФУЦИЙ: КОНФУЦИЙ: Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт

Конфуций өзү жөнүндө сүйлөгөндү жактырган эмес, өзүнүн турмуш жолун бир нече саптарга гана калтырган. 

Өзү тууралуу осуяты:

1. Он беш жашымда өзүмдүн ой жүгүртүүмдү илимге бурдум.  

2. Отуз жашымда бекем негизимди түптөдүм.

3. Кырк жашымда шектенүүлөрдөн бошодум.

4. Элүү жашымда Асмандын эркин тааныдым.

5. Алтымыш жашымда чындыкты жалгандан айырмалаганды үйрөндүм.

6. Жетимиш жашымда жүрөгүмдүн айтканына баш ийдим жана кааданы бузганым жок.

* * *

Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт. Жаагердин жебеси буйтап кетсе, башка бирөөнү күнөөлөбөйт, күнөөнү өзүнөн издейт.

* * *

Мамлекет акыл-эс менен макулдашылып башкарылса, жакырчылык менен кедейчиликке уят, мамлекет акыл-эс менен макулдашылбай башкарылса, байлык менен ар-намыска уят.

* * *

Унчукпай коюу – ишенимдүү дос, сени эч качан алдабайт.

* * *

Акылман өз кемчиликтеринен уялат, бирок аларды оңдоодон уялбайт.

* * *

Пайдалуу үч дос, зыяндуу үч дос бар. Пайдалуусу – түз, чынчыл жана уга белген дос. Зыяндуу дос – эки жүздүү, тантык жана карөзгөй келет.

* * *

Ойсуз окуу пайдасыз, окуусуз ой андан да коркунучтуу.

* * *

Окуп, бирок ой жүгүртпөө – убакытты текке кетиргенге тете, ой жүгүртүп, бирок окубагандык бул – жок кылгандык.

* * *

Мени билбейт деп тынчсызданба, сени башкалар билүүгө татыктуусуңбу, ошого тынчсыздан.

* * *

Мени билбейт деп кайгырба, өзүңдүн билимсиздигиңе кайгыр.

* * *

Сенде жогорку даража жок үчүн кайгырба, андан көрө мен ошол жогорку даражага татыктуумунбу деп кайгыр.

* * *

Ар ким коомдогу өз ордун билиши керек. Падыша – падыша, букара – букара, ата – ата, уул – уул болууга тийиш.

* * *

Сүйлөшө турган киши менен сүйлөшпөй коюу – адамды жоготуу; сүйлөшпөй турган адам менен сүйлөшүү – сөздү жоготуу. А акылдуу адам адамды да, сөздү да жоготпойт.

* * *

Адамдарга согуш өнөрүн үйрөтпөй туруп согушка жиберүү – демек, аларды ажалдын оозуна салып берүү.

* * *

Өзүңө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба.

Орусчадан оодарган Ризван ИСМАИЛОВА