КОНФУЦИЙ: Конфуций: Жакшылык менен жамандык

* * *

Эч түзөлбөй турган жападан жалгыз кемчилик – бул мурда кетирилген кемчилик.

* * *
Устатым агын сууну тиктеп айтты эди: «Күн менен түндүн баары так ушул аккан суу сыңары өтө берет».

* * *
Жакшы темирден мык жасалбагандай эле, жакшылар да солдаттык кызматтан алыс.

* * *
Уялбастан берилген убада ишенимсиз болот.

* * *
Өзүнө катуу, бирок өзгөлөргө ырайымдуулардын колунан жамандык келбейт.

* * *
Кайратман адам кыйынчылыкта өзүн-өзү чыйрайт, кайратсыз бечара ыйлайт.

* * *
Жакшылар күнөөнү өзүнөн издейт, жамандар башкалардан издейт.

* * *
Ишти жети өлчөгөн аз жаңылат.

* * *
Чыныгы адеп-ахлак эмне экени айкын болгон жерде баардык арампөштүктүн бетпардасы сыйрылат.

* * *
Нарктуу адам милдетти биринчи орунга коёт. Адегенде ал өз милдетин аткарат, андан соң пайданы көздөйт. Ошондуктан нарктуулардын артынан нааразы кептер айтылбайт.

* * *
Тектүү адам сөзүн да, ишин да ойкутуп-кайкытпайт.

* * *
Берээр убадаң ишке ашаар-ашпасын адегенде ойлон, арийне, аны аткаруу милдеттүү парз.

* * *
Адамгерчиликтен ажыраган пенде жашоосу дайыма бирде бар, бирде жоктун үстүндө, анын телегейи дайыма эле тегиз болуп да кетпейт. Ким адамгерчиликти ойлоп жашаса, бу жашоо ага ыракат, а даанышманга бу жашоо түгөнгүс кенч.

* * *
Башкалар жарга такагандан кийин өз кемчилигиңди моюнга алуу – аңкоолук, жоро-жолдоштар алдында моюнга алуу – баёолук жана энөөлүк, а көпчүлүк алдында моюнга алуу – эрдик.

* * *
Чыныгы асылдуулуктун белгиси бешөө: жөнөкөйлүк, айкөлдүк, адилеттүүлүк, ынтызарлык жана кайрымдуулук.

* * *
Ушак тараткан адам – жакшылык жолунан адашат.

* * *
Көздөгөн максатым – чындык, ишенген жардамчым – айкөлдүк, солк эткис таянчым – адамгерчилик, кумарга батырган жыргалым – искусство.

* * *
Өз жакындарын баарынан бийик сүйгөндөр – Жаратканга эң ыйык кызмат кылат.

* * *
Мен алигиче адамгерчилик жагымдуу, көр пендечилик жийиркеничтүү деген жанды жолуктура элекмин. Ким адамгерчиликти бийик койсо, андан ашыш кыйын. Көр пендечилик жеткен пастык экенин ким туйса, ал адамгерчиликти бийикке коюп, пас болуудан оолактайт.

* * *
Жакшылар Жараткандын буйругуна тобо дейт, көрпенделер бекер оокаттан үмүттөнгөнүн койбойт.

* * *
Адамдын асылы баарын өзүнөн издесе, наадандар баарын башкалардан издейт.

* * *
Сөз бекем, аракет чечкиндүү болууга тийиш.

* * *
Адеп күтмөйүн ишенимге татыбайсың.

* * *
Бийик адеп-ахлакка ээ болуу, демек, эркиндикке жүрөгүң менен жетүү. Дайыма кимдир бирөөгө кыжырланып, бир нерседен дайыма кооптонуп, бир нерсенин азгырыгынан чыкпаган адам жүрөгүндө эркиндик болбойт. Өз оюн жыйнай албаган бурадар же бир иш кылганда да жарытпайт. Ал дайыма көз алдындагыны көрбөйт, айтылган сөздү укпайт, атүгүл оозундагы даамды да ажыратпайт.

* * *
Эл сени билбегенине кабаатырланба, сен элди билбегениңе кабаатырлан.

* * *
Чыныгы адамдык сапат бизден алыспы? Агер ага ээ болгуң келсе, жаныңда турат.

* * *
Жүрүм-турумуң түз болсо, эл сенин буйругуңду күтпөстөн эле баарын кыйшайуусуз аткарат. Агер өзүң түз жүрбөсөң, сени башкалар укпайт. Атүгүл буйругуңду аткарышпайт.

* * *
Жакшы адам жалгыз калбайт. Ага кошуна-колоңдор табыла берет.

* * *
Чыныгы мээримдүүлүк – өз жакындарыңды сүйө билүү.

* * *
Кеменгер төмөндөгү нарк-насилдин бешөөсүн дайыма сактайт: бирөөлөргө көшөкөрлөнбөй сый-урмат кылганды билет, башкаларды кеңпейилдиги менен өзүнө имере алат, адилеттик менен адамдардын ишенимин жаратат, ийгиликке жетээр жолду көрсөтөр табышкер келет жана ал адамдарды өкүм-зордуксуз башкарган касиетке ээ.

* * *
Эгер эң оор кыйынчылыкты жеңип ийгиликке жетсең, адамдык затка ээ экениң ошол.

* * *
Кара кылды как жарган калыстык – эң жакшы сапаттын туу чокусу. Бирок ал адамдар ортосунда тээ качан эле чанда кезигээр касиетке айланган.

* * *
Жетекчилик милдетти аткарып калсаң, эс алмайды унут. А жетекчиңдин тапшырмасын аткарууда – чынчыл бол.

* * *
Чыныгы эркек кара жанды карч урган өз мээнети менен баарына жетет.

* * *
Жаман адаттан эртең качкандан көрө бүгүн качкан оң.

* * *
Чоочун бирөөнүн төрүндө отурсаң да, өз төрүңдө сыйлуу мейман тоскондогудай кааданы сакта. Бөлөктүн төрүндө сыйга бөлөнүп отурсаң да, салтанаттуу жөрөлгөнү өз үйүңдө өткөрүп жаткандагыдай карман.

* * *
Өзүңө каалабаган нерсени өзгөлөргө кылба. Ошондо мамлекетте да, үйбүлөңдө да нааразычылыктар болбойт.

* * *
Аялзаттын ажарына кандай суктанса, адамзаттын асылына дал ошондой суктанган жанды көрө элекмин.

Которгон Олжобай ШАКИР