ЛО Танит: Сөөк буттуу жезкемпир жөнүндө аңгеме-жомок (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Илгери-илгери Маша деген кыз жашачу. Ал апасы жана атасы менен турчу. Атасы көпчүлүк орустардай эле керээлдин кечке арак иччү. Апасы жумушуна барчу, андан кийин дүкөнгө барып тамак аш сатып келчү, анан тамак жасачу, идиш аякты жуучу, анан суй жыгылып чарчап уйкуга кетчү же Машаны кыйкырып урушчу. Анткени урушканга башка эч ким жок эле, – атасы достору менен арак ичип көчөдө жүрчү.

Маша дайыма үйдө, апасынын жанында эле. Ошентип жүрүп Маша күндөн күнгө өсүп отурду, өсүп отурду. Чоңоюп, ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызга айланды. Институтка тапшырып өтүп кетти. Ал баарынан жакшы окучу. Жигиттер аны айланчыктап, тегеректеп жүрүштү. Бирок Маша Петяны жактырып сүйүп калды. Сүйгөндө да бүт жан-дүйнөсү менен сүйдү. Анткени Петя бардыгынан өң-келбеттүү, бардыгынан акылдуу эле. Маша ошентип ойлочу. Башкалардын ал жөнүндө ойлору башкача эле.

Анын бир сессияда алган үч “экиси” бар болчу. Аны институттан чыгармак болушкан, бирок чыгарышкан  жок. Анткени ал декандын кызын алып алды. Ал кыздын аты да биринчи кыздыкындай эле Маша экен. Бирок ал келесоо эле, келесоо болбосо Петяга эмес анын досу Боряны сүйсө болмок. Анткени Борянын атасы күтпөгөн жерден тез эле аябай чоң байлардын бирине айланган. Анын жолу болду. Керектүү учурда, керектүү жерде болду. Анан бир аз байлыкты жеке менчикке чыгарып албай жаны жок бекен. Алибетте, жалгыз эмес бир топ достору менен жасаган ал ишти.

Ошентип биздин биринчи Машабыз анын сүйүктүүсү башка бирөөнө үйлөнүп алганына катуу капа болду. Кайгысына чыдабай токойго барып, сууга чөгүп өлүүнү чечти. Жүрүп-жүрүп олтуруп дарыяга да жетти. Жээкке олтуруп алып, башынан кечирген оор турмушун көз алдынан чубуртту, ачуу тагдырына нааразы болду. Анан шарт турду да көпүрөгө чыгып, сууга секирип түштү. Ал чөгүп бара жаткан. Бирок чөкпөй калды. Себеби, ошол убакта Сөөк буттуу Жез кемпир суу бойлоп сейилдеп жүргөн эле. Эми, жомоктордо эле сөөк буттуу деп айтылат, чындыгында Жез кемпир бутун темирден жасатып алган эле, илимий тил менен айтканда, имплант койдурган.

Ал аябай карыган – ошондуктан тизесиндеги, сандарындагы сөөктөр эскилиги жетип жешилип бүткөндүктөн, аларды жасалма, темирден жасалган бөлүкчөлөр менен алмаштырып салдырган эле. Ал ага бул жашоодон ырахат алып, анын ар кандай жыргалдарынан даам татуусуна тоскоол болчу эмес.

Жез кемпир Машаны суудан алып чыгып, үйүнө алып келип жумшак мамык салынган керебетке жаткызды. Маша эсине келип көзүн ачканда, маңдайында жашоону сүйгөн көздөрүнүн оту жанган кемпир турган экен. Ал үнүн араң чыгарып суроо берди:

– Мен кайдамын. Сиз кимсиз? Тиги көңүлдүү жылмайып жооп берди:

– Мен Жез кемпирмин.

– Жез кемпирби, кандайча? – таң кала түштү Маша, – ал карган жана коркунучтуу да. А Сиз татынакай экенсиз.– Жез кемпир каткырып жибергенде, мурдагыдан да жашара түшкөндөй болду.

– А мен кантип жашара турган фоксту билем.

– Ал кандай фокс? – деп кызыкты Маша.

– Эң жөнөкөй. Жаш жигитти сүйүш керек, дароо эле жашара түшөсүң. Маша кайгылуу жылмайды:

– Мен сүйдүм эле, андан эч пайда тапкан жокмун. Жашоо мага жылмайган жок. Ал башка бирөөнү алып алды. А мен куру калдым.

Аны угуп Жез кемпир катуу каткырды көпкө:

– Боорду эзесиң да, куру калдым деп! Тим эле куймак же козу карынга жетпей калгансып! Кантип жигиттен куру калса болот! Баарыңарга жетет!

Маша жез кемпирди аңырая карап калды да:

– Кантип баарына жетет? Мен эмне, анын ойношу болуп алайынбы?

Жез кепмир кытмыр жылмайып койду:

– Ал эми сен кандай каалайсың, ошого жараша болот! Кааласаң ойношу бол, кааласаң алыс аралыктан сүй.

Маша түшүнгөн жок:

– Алыскы аралыктан кантип сүйсө болот?

– Эң жөнөкөй эле, – деп жооп берет Жез кемпир, – сен деги институттан физика окудуң беле?

Маша жомоктогу кейипкерден мындай сөздөрдү угууну күткөн эмес, бирок жооп бериш керек да:

– Окугам, беш алгам.

– Биздин аалам бул – голограмма экенин уктуң беле?

– Уккам, бирок ага анчалык маани берип, түшүнгөн эмесмин.

Машаны шылдыңдай карап Жез кемпир сөзүн улантты:

– Түшүнүп деле кереги жок. Сен интернет кантип иштейт, электир тогу деген эмне, түшүнбөй эле пайдаланып жүрбөйсүңбү. Вилканы  розеткага сай да колдоно бер. Бул жерде деле ошондой. Эсиңде болсун – биз баарыбыз, мейкиндикте жөн гана элестербиз. Биз тирүү, кармалап көрсө болгондой элеспиз. Биздин мээбиз ушундай жаралган. Андан башка телепатия деген нерсе бар. Сага бирөөнү сүйүш үчүн, бирөөнүн жаныңда болушунун зарылчылдыгы жок.

– Кантип зарылчылдыгы жок? – Машанын оозу ачыла түштү.

– Ошентип эле. Мени уксаң. Сенин Петяң жок дегенде сени бир жолу сүйгөн, назик көз карашы менен карады беле? – Маша уялып кетти. Жез кемпир күлдү: – Кантип карабасын. Андай дөбөттөр ким болбосун сугун артып, көзү менен атып турушат, а сага окшогон сулууну тим коймок беле. Демек мындай. Биринчиси. Ошондой учурду жакшылап эсте да, аны эсиңде сактап кой. Ушул учурдан баштап ал сени так ошентип карайт. Экинчиси, сен аны менен кандайдыр бир жагымдуу нерселер жөнүндө сүйлөшкөн учуруңар барбы?

Маша кайрадан жер карап уялды.

– Көрүп турам, андай учурлар болуптур. Анын сага айткан жагымдуу сөздөрүн кайрадан эсиңе сактап кал. Эң негизгиси — үчүнчүсү. Сен аны дагы эле сүйөсүңбү?

Маша Жез кемпирге кусалуу көздөрү менен карап, башын ийкеп койду. Тиги жылмайып:

– Муну да эсиңде сакта, бирок бир аз өзгөртүү менен. Сен эми мурдагы эки пунктту эске алышың керек, ал сени акылынан айныгыча сүйөрүнө, ал эми башка аялга айласыздан турмуштун кысымы менен үйлөнүп калганына бекем ишенесиң. Ал тиги аял менен жашаганы менен сени гана сүйөт.

Маша Жез кемпирди карап туруп, ошол замат көзү ачыла түштү:

– Апакебай! Бул айтканыңдын баары чын! Ал мени сүйөт! А  Машага институтта калыш үчүн эле үйлөндү.

– Мына көрдүңбү? Бардыгын туура кабыл алып жатасың. Кел, андан ары кетели. Эми бардыгы сага байланыштуу. Кааласаң – ал боюнда бар аялын таштайт да сага келет. Ошондой болушун каалайсыңбы? Жакшылап ойлон!

Маша көзүн жашылдантып Жез кемпирди карады, ал Маша менен анын ымыркайын бактысыз кылгысы келген жок.

Жез кемпир Машаны унчукпай карап турду. Анан ага жакын басып келди да, аны кучактап мындай деди:

– А азыр биз бийлейбиз. А сенин Петяң жаныңда болот, сен аны сезип турасың. Аны жана анын сүйүүсүн. Сен бактылуу болосуң.

Маша Жез кемпирге ишенбегендей карап, унчукпай калды. Ал мындай сандырак кептерге ишенбеди. Анын бийлегиси да келген жок. Ал өзүн аябай жаман сезип, боздоп ыйлагысы келди.

Кемпир музыканы койду. Ал Равелдин “Болеросу” эле. Маша кубаттуу жана сезим козгогон обонду угуп, Жез кемпирди карады. Ал ага дагы бир жолу таң калды,– тиги “Болерону” Мая Плисецкийден жакшы деле аткарган жок. Бирок бир тез, бир каалгып жай кыймылдаган колдору Машаны бир кызыктай абалга туш кылды, ал өзү да бийлеп жатканын сезе койду. Бирок баштагыдай эмес, бөлөкчө бийлеп жаткан.

Жан-дүйнөсүн бир жапайы кубаныч ээлеп алды, анан капысынан өзүнүн сүйүктүү Петясынын жанында жүргөнүн сезди. Аны менен сыйкырдуу бийдин кучагында бири-бирине сиңишип бара жаткандай туюлду.

Мария кандайдыр бир мистикалык ыргакка кирип, көз жеткис мейкиндикте, убакыттын канатында жеңил каалгып, анын өтүп жатканын байкоого чамасы жетпей калды. Обондор үстөккө босток алмашып, убакыт чууруп, суудай агып жатты. Ал саатты караганда түнкү эки болуп калган эле. Кемпир аны жатуучу бөлмөгө чейин узатып коюп чыгып кетти. Маша төшөккө кулап түштү да, көз ирмемде өлгөн адамдай уйкуга кетти. Эртең менен ал бактылуу болуп ойгонду. Шарактап күлгүсү жана ырдагысы келип калыптыр.

Ашканага кирип, ал жерде жумуртка кууруп жаткан Жез кемпирди көрдү. Маша кемпир экөө олтуруп чогуу тамактанышты.

– Сен муну кантип жасадың? – деп сурады Маша кемпирден, – сен мени кантип бактылуу кылып койдуң, кечээ эле чөгүп өлгүм келип жатпады беле?

Кемпир күлүп жооп берди:

– Муну мен эмес, сен өзүң жасадың. Сен өзүң. Сенин сүйүүң Космос менен байланыш каналын ачты. Мындан кийин дайыма бактылуу болосуң, сен эми эч кимге муктаж болбойсуң. Пётр жана башка жигиттердин да кереги жок. Сен жана Космос. Болду.

Маша Жез кемпирди таң кала карады:

– Эмне, мен эми эч кимди сүйбөймүнбү?

Тиги жылмайып койду.

– Тескерисинче. Сен эми каалаган кишиңди сүйө аласың. Ал эле эмес, мен сага дагы бир сырды ачып берейин – сен өзүңө каалаган кишиңди сүйдүрө аласың.

– Андай болушу мүмкүн эмес! Кантип?

– А сен кандай ойлойсуң, мен эмне үчүн токойдо жалгыз жатып алып, бардыгына “телепатия” менен карган, ар кимге жамандык издеген, коркунучтуу Жез кемпирдин образын жиберип турам. Анткени эркектер жабыша берип тажатып бүтүшкөн. Келип алышат да, каалагандарын айтып, башты оорутушат. А мен эч кимисин көргүм да келбей калды. Андан көрө философияны окуйм. Квант физикасын окуйм.

Маша маңдайында турган жашоону сүйгөн, жаш, сулуу жана кызыктуу айымды суктанып карап койду:

– Сиз эмне, такыр эле эч ким менен жолугушпайсызбы? Тиги коңгуроодой үнү менен каткырып алды.

– Кемпирлер да кээ бирде кемшиңдеп коюшат! Жомоктордон окуган чыгарсың, мага кеңеш сурап жаш жигиттер келип калышат. Кээ бир учурларда чыдабай кетип, сураган кеңешин, кээде башкасын да берип жиберген күндөр болот.

Ал капыстан эле ойго бата түштү да, минтип кошумчалады:

– Болду эми жетишет, кет бул жерден. Бүгүн сенден башка иштерим деле жетишерлик. Конок тосом. Үч күндөн бери телепатиялап жатат, конок болуп кетейин деп суранып. Менин соткамдын номурун жазып ал. Керек болсом чалып тур.

Маша Жез кемпирдикинен чыгып, үйүн көздөй жөнөдү. Ал жаңы эле чыга бергенде эшиктин алдынан ойлуу келе жаткан адам алдынан чыкты. Бою эки метрче бар, көк көз сулуу адам экен. Ал Машаны кызыга карап койду да, саламдашып, Жез кемпирдин үйүнө кирип кетти.

Которгон Абийрбек Абыкаев