МЭН-ЦЗЫ: Негизги жолго түшпөй туруп аткаминер болуу – бул дубалдан эшик ойгондой кеп (кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ)

Конфуцийдин мамлекет башкаруу жөнүндө сабактарынан

Мэн-цзы айткан: «Товардын абалы менен анын сапатынын эч кандай жалпылыгы жок, товардын чоо-жайы боюнча чыныгы абал ушул. Кээде абал менен сапат бири-биринен кыйла айырмаланышат, кээде он эселеп, ал тургай кай бир кездерде миң эселеп айырмаланышат. Эгерде салмагы менен көлөмүн гана баалап, сапатына карабай наркын быччу болсо, Асман алдындагы өлкөдө башаламандык жаралышы мүмкүн”.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Асман алдындагы өлкөдө эң кенен үйдө жашоо бул – адамгерчилик, ал эми эң адилеттүү түрдө өзүнө татыктуу орунга отуруу бул – жүрүм-турум адеби, эң кенен жол менен басуу болсо бул жоопкерчилик сезимин билгизет. Өз максаттарыңа жеткен соң карапайым адамдар менен бир жолдо бас. Эгерде максаттарга жетүүгө мүмкүн болбосо, анда ар ким өз жолу менен кетүүгө тийиш. Байлык адамды башын жоготууга мажбурлай  албайт, кедейлик өз умтулууларыңдан баш тарттыра албайт, кара күч адамдын эркин баш ийдире албайт. Ушул сапаттары бар атуул бийик адеп-парасаттуу адам деп аталат.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Байыркы заманда адамдар негизги жолго түшпөй туруп, аткаминер болгусу келмек турсун, даражалуу кызматты ээлөө тууралуу ойлордон жийиркенишкен. Негизги жолго түшпөй туруп аткаминер болуу – бул дубалдан эшик  ойгондой же каалгадан жылчык чыгаргандай кеп.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Адилет бийлик жүргүзүлсө Кытайдагы адамдар башкаруучуга үмүт менен карашат. Эгер ушундай адам император болсо, Цинь жана Чу падышалыктары кудуреттүү болгон күндө да коркор себеп жок.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Ли Вэйяндын дили боорукер, жүрөгү таза, Гун Шубань аскер ишинде чебер. Сызгычсыз үч бурчтук, циркулсуз  айлана чийе албайсың. Ши Куандын угуусу жакшы, Кытайдын хроматикалык тыбыштар катарынын алты так эмес тепкичтерисиз гамманын беш тепкичин оңдоп-түздөө мүмкүн эмес. Яо менен Шунянын гана жолу бар. Адилеттүү саясатсыз Кытайга тынчтык алып келүү мүмкүн эмес.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Ся Цзе мене Шан Чжоу элдин колдоосун жоготкону үчүн Асман алдындагы өлкөдөгү бийликтен айрылды. Ал эми көпчүлүктүн колдоосун – элдин сезиминен алыс болгон үчүн жоготту. Асман алдындагы өлкөдө бийликти колго алуунун бирден бир жолу – элдин колдоосуна ээ болуу. Көпчүлүктүн колдоосун алуунун жолу болсо анын сезимдери менен тилектерине жакын болууда. Элдин сезимине жакын болуунун жолу — ал муктаж болгон нерсени берүү жана калкка жагымсыз нерсени таңуулобоо, эл үчүн керектүүнү жыйноо”.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ