НЕСИН Азиз: Мен – резина союлмун (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Мен – резина союлмун! Мен Америкадан келгем. Мага чейин бул жакка Америкадан демократия, «джип», андан кийин резина союлу, башкача айтканда, мен келгем. Биз, «джип» жана мен, бизге чейин демократия салып, даярдаган жол менен келе жатабыз.

Мен – резинка союлмун!  Мен эң алгач америкалыктардын берешендигинен жаралып, силерге американын жардамы менен келгем. Жаңы жерге келгенде бир азга эле буйдалдым, бат эле өлкөнүн ишенимдүү атуулуна айланып, башкарууну өз колума алдым. Кыйынчылыктар ар дайым жана бардык жерде болуп келген. Кыйынчылык чыккан жерге мен келем. Мен келген жерде кыйынчылык жолобой качат. Мен бардык жерге жетишем.

Мен – резинка союлмун! Бул жерде мурда тиш щеткасы да жок болучу, тиштерин жыгачты учтап алып тазалашчу. Мага чейин пилдин тарамышы менен сабашчу экен. Кийин ага тыюу салыныптыр.

Мен – резинка союлмун!  Өңүм капкара, бир караганга жумшактай сезилем. Бирок менин жумшактыгыма ишенбегиле, менден корккула!  Мага чейин бийлик дубдан, четинден жасалган союлдарды колдонушчу. Жабыр тарткан адамга боор ооруп, алар сынып калчу. Мен эч качан сынбайм. Такшалган саясатчы сыяктуу, менин бетим капкара жана жумшак. Мен ийилем, бүктөлөм, бирок сынбайм.

Мен – резинка союлмун! Өзүнүн ким экенин билбегендерге, өзүн жана мени жакшылап таанып алуу ырахатын тартуулайм. Мен полицейдин колунда жана белиндеги курунда жүрөм. Мен үчүн иш жок болгон учурларда каалганын ички бетинде кагылган мыкта, уусу күчтүү кара жыландай салаңдап илинип турам.

Мен – резинка союлмун! Жыйырманчы кылымдын улуу ачылышы – бул, менмин. Кайсы бир атом жөнүндө, суутек бомбасы жөнүндө айтышат. Алар менин алдымда түккө да турбайт. Мен  дамокль кылычы сыяктуу төбөңөрдө салаңдап турам. Менин таман алдымда эркиндик баш көтөрө албай үргүлөйт.

Мен – резинка союлмун!! Сокку урганда менден кайталангыс үн чыгат. Бардык кишилерге, бардык элге мен кайгы алып келем. Мен дудукту сүйлөтөм, карганы тоту кушка айлантам, тантыкты булбулдай сайратам. Мен тергөөчүдөн мурда суракка алам. Менин алдымда үйрөтүлгөн маймылдай ойнойсуңар. Мен сүйлө деп буюрсам – сүйлөбөй койгонго чараңар жок.Унчукпа деп буюрсам – жаагыңар жабылат. Эгерде Алланы жардамга чакырсаңар, мени силердин онтооңорго кулак төшөйт деп ойлобогула. Менин тулку боюм бар, бирок кулагым, көзүм, жүрөгүм жок.

Мен – резинка союлмун! Мен бир жерге чогулгандарды чачыратып кубалайм. Бул мен — эркиндикти орнотуп, демократияны сактайм.Эй! адамдар, мен  резинка союлмун! Бул менин акыркы сөзүм. Эсиңерге бекем түйүп алгыла: эгерде бүгүн кошунаңды жонго салганда анын оорусун сезбесең, – эртең кезек сага да жетет! Бүгүн мен бирөөнү соккондо: «Ал өлдү!» деп нааразы болсоңор, билип койгула, эртеңки силер жөнүндө да «Алар өлүштү!» деп айтышат. Бүгүн кайгы-капаны билбей ойноп-күлүп жаткандардын эртеңки күнү менден таяк жеп калуу артыкчылыгы бар. Мен мээңерди ордуна койгонду жакшы билем. Менин туулгандан эле жаратылышым ошондой. Мен – резинка союлмун!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ