НЕСИН Азиз: Мен өз бактым үчүн сизге милдеттүүмүн (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

– Кымбаттум, мен бир аял менен тааныштым. Ал эми бир укмуш жан экен!

– Ал ошончолук сулуубу?!

– Сурайсың! Мына, кара, бул анын сүрөтү.

– Чындыгында эле сулуу экен!.. Бекем карма, колуңдан чыгарып жибербе.

– Жок ай!.. Менин ага болгон сезимимдин кандай жалындап жатканын сен билбейсиң да!

– Алчы, анын сага мамилеси кандай?

– Түзүк эле…

– Ылдамда, анын жүрөгүн тезирээк ээле!..

– Аракеттенем да.

*   *   *

– Кандай? Эмне жакшы кабарың бар?

– Баары сонун… Жакында мен сага бир аял жөнүндө айттым беле?

– Ооба?..

– Мен аны сүйүп калдым, эсимден тангыча сүйүп калдым.

– А ал сени сүйөбү?

– Билбейм.

– Аны өзүңдү сүйгөндөй кыл!

– Кантип?

– Тажырыйбамдан бөлүшүп, үйрөтө алам. Биринчиден, белек бериш керек. Аялдар белек алганды жакшы көрүшөт. А дегенде гүл бер, өзгөчө гвоздика берген жакшы… Кийинчерээк кымбатыраак бир нерсе бересиң… Анан аябай акылдуу экенсиң деп мактай бер.

– Мейли, сен айткандай жасап көрөйүн.

*   *   *

– Ах… Сага кантип алкыш айтаарымды билбей турам!

– Иштериң алга жыла баштадыбы?

– Кымбаттум, сен аялдардын жан-дүйнөсүн жакшы билет экенсиң. Сенин айканыңдай кылдым. Ал мага баштагыдан жакшы көңүл бура баштады. Алланын ыраазычылыгы үчүн айтчы,  эми эмне кылайын?

– Эми аны киного чакыр. Бирок байка, кино аябай маанилүү темада болбосун. Бир аз кайгылуу же жеңил комедия, же болбосо жеңил музыкалуу кино болгону оң. Кинодон кийин сөзсүз кондитер  дүкөнүнө алып бар. Ванилин кошулган балмуздак менен сыйла. Сөзсүз ванилин менен болсун. Эсиңде болсун, чөнтөгүңө дайыма шоколад дражесин салып ал. Улам-улам ошондон берип турганды унутпа.

– Сөзсүз сен айтканды жасайм. Мен аны ушунчалык сүйөм дейсиң…

*   *   *

– Кечээ киного бардык. Ал жактан шоколад дражеси менен сыйладым, ал ага аябай жакты. Кинодон кийин кондитер дүкөнүнө барып, ванилин кошулган балмуздак алып бердим. Ал менин табитиң мыкты экен деп мактады. Кийинки жумада эс алууга чыгып келмек болдук. Алла ыраазы болсун, айтчы, кайда алып барсам болот?

– Менимче, Мрамор деңизиндеги аралга барсаңар жакшы болот. Ал жактан эшек мингиле. Пляжга баргыла. Андан кийин бийге алып бар. Бирок аны вальска гана чакыр.

– О жараткан… Ал аялдын жүрөгүнөн түнөк тапсам кана!..

– Мен айтканды кылсаң баары жакшы болот!

– Билбейм, сени кантип ыраазы кылам.

– Эч нерсенин кереги жок… Мен жөн гана тажырыйбам менен бөлүшүп жатам.

*   *   *

– Кандай, жакшы көңүл ачтыңарбы?

– Баары жакшы!.. Сонун болду! Бирок менин жолум жок экен…

– Эмне болуп кетти?

– Көрсө, анын күйөөсү бар экен. Биз жөн гана сейилдей алабыз, келечегибиз жок.

– Ал өзүнүн күйөөсүн сүйөт бекен?

– Жок. Ал бир тарбия көрбөгөн орой, эшектей болгон неме дейт, аялдардын жан-дүйнөсүн түшүнбөгөн бир келесоо деди.

– Бечара аял! Андай болсо ажырашып албайбы?

– Эгерде сага, эми мени айтып жатат, толук ишенсем бүгүн эле ажырашууга арызымды бермекмин дейт. Эмне кылышты билбейм…

– Келген бактыңды колдон чыгарба.

*   *   *

– Кандай ишиңер алдыга жылдыбы?

– Сураба… Бир да жолу өбүшө элекпиз. Ал аябай уяң экен. Бирок мени сүйөрүн сезип эле турам.

– Белек бере бер. Жакшы атыр алып бер. Мисалга «Сандал» деген атыр бар. Андан кийин…билбейм… балким кооз  материал алып берерсиң. Көпчүлүк аялдар көк, көгүш түстү жактырышат.

– Күйөөсү билип калсачы?

– Ал кайдан билмек эле! Ал өзү айткан турбайбы, эч нерсеге түшүнбөгөн дөдөй деп. Кааласаң мен материалды тандашып коём. Тандашайынбы?…

– Жакшы болот…Жүр кеттик!

*   *   *

– Иштер кандай?

– Сонун! Мен алып барган анын сүйүктүү атыры экен. Материалды да аябай жактырды. Бир тууганым, мен азыр мектеп окуучусундай кубанып турган чагым. Айтчы, аны биротоло багындырыш үчүн эмне кылайын?

– Яхьи Кемалдын ырларынан окуп бер…Үйлөнөм деп убада бер, батыраак ажыраш деп кыйнай бер…

*   *   *

– Көптөн бери көрүнбөйсүң, кайда жоголуп кеттиң?

– Келе албай жаттым. Кол бошобойт… Ал күйөөсү менен ажырашты.

– Эми үйлөнөсүңөрбү?

– Ооба…

– Убакытты кетирбе. Аны жоготуп алба…

*   *   *

– Мен сага ыраазымын, кантип алкыш айтышты билбей турам. Кечээ биз үйлөндүк. Мен сага өмүр бою карызмын. Сен мага үй-бүлөмдү, досумду, сүйүктүүмдү тапканга себеп болдуң.

– Ээ, тууганым, сага чоң рахмат. Бактылуу болгонум үчүн мен сага карызмын. Сен мага жез кемпирдей аялым менен ажырашканга жардам кылдың!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ