ОСЕЕВА Валентина: Балдар үчүн аңгемелер — 2 (которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

КАРООЛЧУ

Бала бакчада көп оюнчук бар эле. Рельс менен ары-бери бурама поюздар жүгүрүп, бөлмөнүн ичин күрүлдөгөн учактардын үнү жаңыртчу, дөңгөлөктүү бешиктерде жасанып алган куурчактар уктап жатчу. Балдар чурулдап чогуу ойноп жүрүшчү, алардын бардыгы көңүлдүү болучу. Бир бала гана балдарга аралашып ойночу эмес. Ал жанына толтура оюнчуктарды үйүп алып,  эч кимди жолотпой коруп олтурчу.

— Бул меники! Бул меники! – деп кыйкырчу ал, оюнчуктарды кучактап алып.

Балдар талашчу эмес – ансыз деле оюнчуктар көп эле да.

— Сонун ойноп атабыз, бизге аябагандай көңүлдүү! – деп балдар тарбиячыга кубанычтарын билдиришти.

— А мага көңүлсүз! – деп кыйкырды тиги бала өзү олтурган бурчтан.

— Эмне үчүн көңүлсүзсүң? – деп таң калды тарбиячы. – Сенин оюнчуктарың көп турбайбы!

Бала эмне үчүн ага көңүлсүз экенин түшүндүрө алган жок.

— Анткени ал оюнчуктар менен ойнобойт, ал жөн эле аларды кайтарат,— деп түшүндүрүштү балдар эжейине.

ПЕЧЕНЬЕ

Апасы табакка толтура печенье салды. Чоң энеси чыныларды шыңгыратып, чай куйганга даярданды. Чогуусу менен дасторконго отурушту. Вова табакты өзүнүн астына тартты..

— Бирден санап бөл,  – деди Миша сурданып.

Балдар печеньени төгүп, экиге бөлүп алышты.

— Тең болдубу? – деди Вова.

Миша көз болжолго салып карады да:

— Туура эле… Чоң эне, чай куй!— деди.

Чоң энеси экөөнө чай куюп берди. Бардыгы жымжырт олтурушту. Үйүлгөн печеньелер тез эле азайая баштады.

— Жупжумшак, таттуу экен! – деди Миша.

— Угу! – деп койду оозу толтура Вова.

Апасы менен чоң энеси унчуккан жок. Качан печеньенин баары түгөнгөндө Вова курсагын сылап, дасторкондон туруп кетти. Миша акыркы печеньени жеп бүтүп, апасы менен чоң энесин карады – апасы кашыгы менен чынысындагы оозу тие элек чайын аралаштырып атыптыр, ал эми чоң энеси – кара нанды үзүп, акырын чайнап олтурган экен….

КИМ КОЖОЮН?

Чоң кара дөбөттүн аты Жук болчу. Аны эки дос Коля менен Ваня көчөдөн таап келип багып алышкан. Анын буту  сынык экен, экөөлөп аракет кылып аны айыктырып алышты. Ал айыккан соң ар кимиси дөбөткө жалгыз ээлик кылгылары келип талаша башташты. Алардын талашы чечилбей, дайыма уруш менен бүтчү болду. Бир жолу алар Жукту сейилдетип токойго алып барышты. Жук алды жакта жүгүрүп ойноп жүргөн. Адаттагыдай эле талаш башталды:

— Ит меники, – деди Коля – мен аны биринчи көрүп, ээрчитип келгем!

— Жок, ал меники, – деп таарына кетти  Ваня, – мен анын бутун таңып, айыккыча бакпадымбы!

Эч кимдин жеңилгиси келген жок. Алар катуу урушуп кетишти.

— Меники! Меники! – деп экөө тең кыйкырышты.

Капыстан токойчунун үйүнөн килтейген эки овчарка жүгүрүп чыкты. Алар Жукту экөөлөп талап, аны жерге жыгып, басып калышты. Ваня шашкалактап жакын турган бактын башына чыга качып, жолдошуна кыйкырды:

— Сактан!

Коля качкандын ордуна, жерден таяк таап алып Жукка жардамга жүгүрдү. Ызы-чууну уккан токойчу чуркап чыгып, овчаркаларын кубалап салды.

— Кимдин ити? – деди ал жактырбай.

— Меники, – деди Коля.

Ваня унчуккан жок.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ