РАСПУТИН Валентин: Жолугуу (аңгеме, которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

В.Распутин 1937-жылы Иркут облусунун Усть-Уда айылында туулган. Иркут мамуниверситетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн. Ондогон повесть, аңгеме, эсселердин автору, чыгармаларынын негизинде бир катар кинофильмдер тартылган. Алгачкы чыгармалары менен эле адабий коомчулуктун көңүлүн буруп, «Акыркы мөөнөт» (1970), «Эсен болуп, эстей жүр» (1974), «Матера менен коштошуу» (1976), «Өрт» (1985) ж.б. повесттери менен дүйнөгө таанылган. Көптөгөн адабий сыйлыктарды алган, СССР мамлекеттик сыйлыгына арзыган, «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамына татыган. Кийин жазылган «Ивандын кызы, Ивандын энеси» повести үчүн Кытай мамлекеттик сыйлыгын алган.

Аңгеме

– Акыры жолукмак белек, – деп кайталады Анна. – Ойдо жок жерден… Капырай, кимдин түшүнө кириптир!

Николай ийнин күпшөй күлүмсүрөп койду.

 

Алар оболу бирин бири көпкө бүшүркөп карап калды. Акыры Николай чыдабай кетти да, түз эле басып барып: «Сиз баланчасызбы?» – деп сурады. «Ооба, – деп жооп берди ал. – А сиз мени кайдан тааныйсыз?» «Мен түкүнчө эмесминби, тааныбай турасызбы? Огеле көп жыл болду го». «Ой, – Анна шак эстей койду. – Тааныбаганда. Оозумду жыйып алалекте эле тааныгам. Сиз «а» дегиче эле тааный койдум». – Анна колун сунду.

«Ушинтип жолугат экенбиз деп ким ойлоптур. Шумдугуң кур, эмнелер гана болбойт бу жарыкта».

Элди залга чакырган коңгуроо болду: экөө аны таптакыр элебегендей, анын үстүнө коңгуроо да биринчиси эле.

«Баягы эле жердесиңерби?» – деп сурады ал. «Анан кайда бармак элек, – деп жооп берди Анна. – Карып-арып, орун-очок алып дегендей. А силерчи?» «Биз деле. Согуш кандай бүттү, ошол жерге баргам. Жыйырма жылдан ашып кетти го». «Билген эмес экем. Бир облуста туруп, бири-бирибизди билбегенибизди кара».

Коңгуроо экинчи ирет кагылды, Анна зал жакты жылмая карап койду. Кириш керек эле. Тыныгуудан кийин залда бош орун арбый түшкөн экен. Алар эмин-эркин сүйлөшүп алыш үчүн арткы орундуктарга олтурушту. Кайрадан жарыш сөз башталды: бул айыл чарба алдыңкыларынын облустук кеңешмеси эле, экөө минтип облустун эки бурчунан келип олтурат. Кеңешме болбогондо жолугат беле, жолукпайт беле?!

Алар жыйналышты тыңшап калышты, бирок өтөле зериктирме болгондуктан, сүйлөп аткан кишинин кыймыл-аракетин гана байкап олтурушту. Акыры Николай чыдабай кетип, көз кырын Аннага салды, ал дароо сезе койгонсуп, керектүү ирмемде маңдайы жазыла күлүүгө даяр тургандай, муңайым күлүмсүрөдү.

– Ардеме-бирдеме эле дейт, түшүнсөм Кудай урсун, – деди Николай сөзгө тартыш үчүн.

– Чын эле, – макул болду Анна. – Жок дегенде үнү бийигирегинен табышса болмок экен. Сүйлөйт деп биздин башкарманы айт: күркүрөсө күн быякта калсын, анан эр болсоң укпай көр!

Алар эңкейе калышып, билгизбей күлүштү.

– Силердики дале колхозбу? – деп сурады Николай.

– Колхоз. Үч-төрт жыл илгери совхоз кылабыз деп дарбып жүрүштү эле, анан унчукпай калышты го.

– Сен эмнесинде иштейсиң? – Николай «сенге» өттү.

– Саандамын. Көптөн бери, он беш жылча болду го.

Залда күбүр-шыбыр көбөйүп кетти, сүйлөп жаткандын үнү таптакыр эле угулбай калды. Чогулушту башкарган кишинин бети-башы жыйрыла түшүп, коңгуроосун шыңгыратты. Зал дымый калды да, чогулушту башкаруучунун коңгуроону үстөлгө кандай койгонун, көптөгөн көздөрдөн жазганып, коңшусуна оозуна илингенди шыбырай салганын карап калышты.

– Мейманканадасыңбы? – деп сурады Николай.

– Жок, – президиум жакты бир жалт карап алып, жооп берди Анна. – Бул жерде агамдын аялы бар, ошолордукундамын.

Николай күлүп койду.

– Чочубай эле кой.

– Жаман көрүшөт, – деди Анна батыңкырабай. – Сен мейманканадасыңбы?

– Ооба.

Алар бирин бири уурдана карашып, үн катышпады, бир маалда Николай ага эңкейе берип, сунуш кийирди:

– Анда мындай кылбайлыбы… Жыйналыш бүтөр замат мага баралы.

– Эмнеге? – сактана сурады Анна.

– Эмнегең эмне? Сүйлөшпөйбүзбү? Канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө. Олтурабыз да өткөн-кеткендерди эскеребиз, эч ким жолтоо болбойт.

– Билбейм.

– Мунун биле турган эмнеси бар?

– Барар-барбасымды билбейм.

– Кудай урбадыбы, таза эле жапайы болуп кеткенсиң го? – деди ал таңдана. – Кыздан бетер сырактайсың да. Жаш кезиңде мынчалык сак эмес сыяктандың эле.

– Болду эми, ой-тоону чаргытпай, – деди ал. – Барса, барам. Жеп алмак белең мени.

– Ошону айтам да…

Жыйналыштан соң кийиништи да, сыртка чыгышты. Кыштын кыска күнү батып, көз байлана баштаганына карабастан, жыйналыш бүткөнчө көчө алда немедей жылуу болуп калыптыр. Бүгүн декабрь, болгондо да аягы, кыш ортосу деп айтканга эч кимдин оозу барчудай эмес. Кышкы суукта шүдүңдөп шашып жүргөндөн кутулуп, жандары жай ала түшкөнсүп, эл дагы нары жак, бери жакка каалгый басып жүрүшөт. Али кайта элек какаардан үбөлөнгөн кар бүртүктөрү жерге түшөр-түшпөсү билинбей, абага асылып калгансып, күүгүмдүн тунарган жарыгына чагылат. Машиналар да баягыдай гүүлдөбөйт, тек гана акырын, этиет агып бараткансыйт.

Николай менен Анна автобуска олтурушту, олтурушкан деле жок, бош орун болбогондуктан, туруп барууга туура келди. Анна ийиле калып, автобустун айнегинен миң кубулжуп калып жаткан көчөнү карады.

– Олтуруп ал, – деди Николай, бир аял бошото берген орундукка Аннаны акырын түртүп.

– Туруп эле барам, – деди ал болуңкурабай. – Бул эле жерде дебедиң беле?

– Отур, отур, кыздан бетер кылыктанбай.

Ал олтурду да, кайрыла калып, күлүп жиберди:

– Бозой боло калганын.

– А эмне экен? – Көзүн кысып койду ал. – Же кезинде болбогон бозой белем?

– Билбейм, – деди ал анткорсуна кабак астынан карап.

– Өңгөсү өңгө, сен билишиң керек.

– Билбейм.

Ал акыйлашып олтурууну токтотуп, ток этер жерине өттү:

– Экөөбүз али карый элекпиз.

– Кырктын сегизинен ашкыча жаштыкты байлап коюппу, жашаарын жашадык ко.

– А мен элүүдөмүн, бу турмушта көрбөгөнүм калган жок, кана менин ыйлактаганым, – деди ал чечекейи чеч. – Экөөбүз дагы беш жолу төшөк жаңыртсак болот.

– Койсоңчу, масеке курбай.

– Койбой-этпей эле.

Автобус бир катуу булкуп алды. Николай Аннанын ийнинен кармай калды да, далайга колун алган жок. Анна суроолуу бүрүшө карады.

– Коркуп турасыңбы? – деди Николай.

– Эмнеге коркот элем?

– Жүрү, – деди ал, – азыр түшөбүз.

Көз небак байланган экен, үлбүрөп түшүп жаткан апапак кар мунарына чагылышкан көгүлтүр, тегиз жарык гана обого төгүлүп турат. Кудум алардын жолукканына арналып, кадыр түн түшүп, атайын жылуу болуп кеткендей…

Мейманканага чейин эч кими үн катпады. Чоң-чоң терезелерди жарыгында кар бүртүктөрү көпөлөктөй айланып жүрөт. Анна бир буту менен кар шилеп, артына тактайдай жазы, ийри-муйру из калтырганына курсант. Николай аны ичи эзиле карап коёт. Качан мейманкананын оозуна келгенде Анна буйдала калып, чын дилинен:

– Чочуп турам, – деди.

– Эмнеге чочуйсуң, кир, кире бер.

– Күйөөң болбосо же бир тууганың болбосо, суутуп коюппу десечи.

– Дебейт. Көрөсүң го. Кире бер.

Алар экинчи кабатка көтөрүлүшүп, узун, кууш далистин аягына чейин барышты. Анна арт жагын улам элеңдеп карап, алдыда дикилдеген бойдон баратты. Николай номерди ачкыча дубалга жабышкан калыбынан жазган жок. Ал эшикти ачты да, Аннага жол берди:

– Мына ушунда турам.

– Ай-ий, – деди Анна таңдана, жарыктан көзүн жүлжүйтүп. – Тим эле министрдей жашайсың го?

Ал компоё күлүп койду.

– Чын эле биринчи көрүшүм мындайды: телефон, штор, кресло. Ушунун баарында жалгыз турасыңбы?

– Жалгыз.

Ал таңыркагандан таңыркап, башын чайкап койду.

– Чечин, чечин, – деди Николай. – Мен азыр. Ал кайдадыр жоголуп кетти. Анна пальтосун чечип, тегерегин бир сыйра карап чыкты. Столго жакын келип олтурду да, кайра шак тура калып, терезеге барды. Терезе короонун ичин карайт экен: томолонгон бочкелер да, үйүлгөн ящиктер да билинбейт, кар чети кетилбеген айдың талаадай тегиздеп салыптыр. Ал телмире карап турду, анан бери бурула берип, жанында турган телефонду көрдү, кашаа белгисиндей ийрейген жашыл тыңшоорунун жонунан этиет сылап койду.

Сырттан дабыш чыкты, Анна алактай түшүп, креслого олтура калды. Энтигип Николай кирди. Эки бөтөлкө винону столдун үстүнө койду да, оролгон бирдемелерди жаса баштады.

– Бул эмнең? – деди Анна анткорсуп.

– Бир гүлдөйлү, Анна.

– Жин тийдиби сага?

Николай көңүлдүү купшуңдап койду:

– Ананчы. Эми сага тийсе, чогуу жинди болобуз.

– Жок, чын эле, мунун баарын ким ичет?

– Табабыз.

Анна нан, колбасаларды кантип кесип атканын, бөтөлкө, консерваларды кантип ачып атканын бир чети чочуп, бир чети кызыгып карап олтурду. Аздан соң чочулаганы тарап кетти, жайдары күлүмсүрөп баратып, алда нени эстей койгонсуп, муңая түштү, бирок ошол замат эле жарк этип күлүп жиберди да, тийише сүйлөдү:

– Бир гүлдөйлү дечи?

– Ананчы, Анна!

– Мейли анда, – Анна колун шилтеп койду. – «Макулук болмок – өлмөк бар» дешет эмеспи.

– Мына эми өзүңө келбедиңби! Ушундай эле дейм да.

Николай стакандарга вино куюп, колун сүрттү да, столдун үстүн тегерете карады:

– Бүттү өңдөнөт. Берээк эле отурсаң. Көрүшкөнүбүз үчүн. Алып кой. Канча жыл, канча заман өттү.

– Көрүшкөнүбүз үчүн, – деп кайталады Анна.

Алар кагыштырышты да, ичип жиберишти. Анна ачыркагандай көзүн жуумп, кайра акырын ачты да, стаканын столдун үстүнө койду. Николай кайрадан бөтөлкөгө жүткүндү. Аннанын кой дегенине болгон жок.

– Мени бир мас кылайын деген ниетиң бар го дейм.

Николай күлүп койду:

– Ананчы. Эски өчтөр көп эмеспи.

– Кайсы өчтөр?

– Мага тийбей койгонуң өч эмеспи? Эсиңде барбы?

– Мүмкүн бардыр, мүмкүн жоктур.

– Жок болсо эсиңе салганга жарайм.

Ал таарынгандай унчукпай калды. Анна аны жалт карады да, жер тиктеди. Экөө тең ыңгайсыздана түштү.

– Кел ичели, – деди ал. – Ичели да, унуталы. Баары калсын, бир жыргайлы Анна.

– Мейли, – Анна стаканын жогору көтөрдү. – Мен сен үчүн ичем. Сенин аман-эсен, денсоолукта жүргөнүң үчүн!

– Ыракмат.

– Мындан нары да ишиң ийгиликтүү болсун үчүн.

Анна стаканын колуна кармаган боюнча алда нени ойлонуп калды. Николай тамагын жасап койду. Анна селт эте түшүп, Николайды караган бойдон колундагысын ичип жиберди.

– Баса, – деди ал, – кайда иштеп атканыңды да сурабапмын.

– Бөлүмдө механикмин.

– О, чоң болуп кеткен турбайсыңбы.

– Ошону айтпайсыңбы, – тамашага жооткотту ал.

– Мен болсо саанда элемин, фермага келгениме он беш жылдан ашты го… Көнүп да бүттүм, кудум ошого арналып төрөлгөнсүп.

– Согуштан кийин күйөөгө чыккан жоксуңбу? – деп сурады ал.

– Чыккам, – ал столду тиктеп үңкүйүп, дымый түштү да, анан далысын түзөп алып, сүйлөй баштады. – Сен тааныбайсың го, сырттан келген. Кандай десем, бир буту жок экен, боорум ооруду да, үйгө киргизип алдым. Кийин ошол боорукердигим үчүн кайра өзүмдү боорго теппедиби?! Ичпей жүргөндө ырас эле болчу, кийин баш көтөрбөй ичип кетти. – Ал улутунуп алды да, алдындагы стаканды нары жылдырып койду. – Ичкенден кийин өзүң билесиң, ыр-чыр, уруш-талаш. Көрүнгөндөн кызганчу болду. А мен эркектен айланамбы? Күн-түн дебей иш, анда келе эле, келе деген учур эмес беле. Кечинде буту-колуңду тарталбай келип сулайсың, заар менен кайрадан иш, анан ойлоп көр, эркекти. Кой эми, качанкыны козгогондо не…

– Айта бер, айта бер.

– Уулумду өгөйсүнтөт, – эстей баштады ал. – Ивандан калганымды, беркиден балалуу болгон жокмун. Антсем да жакпайм, минтсем да жакпайм. Жүрөктүн сары суусун алып бүттү. Оңолуп кетээр деп түтө бергенимди кантейин, келесоо жаным. Оңолмок түгүл ойрону чыгып баратат. Менин жаным деле темирден эмес го. Да бир күнү кол көтөрдү эле, бара кой деп, жолуна салдым. Андай эрдин барынан жогу жакшы эмеспи.

Николай үн катпады.

– Жок дегенде кулак-жаным тынч, – деди ал, – жалгызмын ошондон бери. Сөз салгандар да болду, көңүлүң бир калгандан кийин болбойт экен. Бак айткан кишиге бирөөнөн эле айтат, а мен экөөнө тийдим. Башынан жолуң оң түшпөсө, аягында оң түшмөк беле? Жалгыз болгонум менен ай деген ажо, кой деген кожо жок, өзүмө өзүм бий. Мен жөнүндө бир да бирөө жаман сөз айтпайт. Уулумду эрезеге жеткирдим, үйлөндү өткөн жылы. Ушу болгон таржымалым, бирин калтырбай айтып чыктым го.

– Мага айтпаганда, кимге айтасың анан.

– Ой, мен иттей мас болуп калдым го. – Анна көзүн жүлжүйтүп, башын шайдоот чайкап койду. – Үйүңө жыгылып калып уят болбогой элем. Майрам-сайрамда иче калганыбыз болбосо, ичкиликке деле жокмун. Өңкөй катындар чогулуп майрамда иче калабыз, ыйлайбыз, ырдайбыз. Сен деле сүйлөй олтурсаң боло, – деп кайрылды ал. – Сага сөз бербей жалгыз эле жарылдап атам, жарылдап атам. Үй-бүлөң барбы, же субай-салтаң колоктоп жүрөсүңбү?

– Балакеттинби, үй-бүлө бар.

– Аялың кайдан.

– Украинадан.

– О, муну көр, бу жердегилер жакпай калды де.

Николай аны теше тиктеди:

– Бирөөнү жактырсам, аным чанып кетпедиби?

– Болбодубу эми, кайра башынан түшө бергенде не?

– Кеп келе калганынан айттым да.

– Мага эмдигиче таарынып жүрөсүңбү?

– Эмнеге таарынат элем? Баары бүтүп, сен калыпсыңбы?

– Мени деле көрүп олтурасың го, – деди ал.

– Көрүп олтурам.

– Көрсөң ошол.

Алар унчукпай калышты. Анна көздөрүн кымыңдатып, негедир бөлмөнү дагы бир сыйра айлантып карап чыкты. Анан колдорун чекесине таяп, башын салаңдатты.

Николай аны ийнинен тартты.

– Сага эмне болду?

– Ыя, – ал башын көтөрдү. – Тим эле. Ардеме-бирдемелер ойго түшө калды.

Николай стулун ага жакыныраак жылдырып олтурду.

– Коля, – деди ал, – куйчу, кел, Иванды эстеп коёлу.

Ал куйсамбы, куйбасамбы дегенсип карап калды. Акыры куйду.

– Кагыштырган болбойт, – деп эскерте сүйлөдү да, Анна стакандагы виносун кагып жиберди.

Алар андай учурда канчага чейин унчукпаш керек болсо, ошончо убакыт үн катышпады.

– Мыкты адам эле, – шыбырай сүйлөдү Анна. – Аны өлсөм да унутпасмын.

– Анын өлгөнүн мага жазышканда жумалап эс-акылымды жыя албай калбадымбы, – Николай аны жирей сүйлөдү. – Өзүң билесиң, аябагандай жакын жолдош эмес белек. Сен экөөң жүрүп кеткенде да ага ачуум келген эмес. Ага эмес, сага жиним кайнаган.

– Эгиздин түгөйүндөй эле жашачу элек, – деди Анна. – Түбөлүгүн ким билет, согушка кеткенче өлөйүн, эгиздин түгөйүндөй эле турчу элек.

– Ооба, жакшы турчусуңар.

– Ал турганда эч кимди карагым да келчү эмес.

– Мени да карабай кетпедиңби.

– Болуптур эми, – деди ал өтүнүчтүү. – Козгой бергенде эмне. Аны тааный электе ырас, экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк, атүгүл сага чыгууга даярданып калганда… Ал чыга калды. Жектебесең мени.

– Жектеп-жектебегенде не?

– Жектебесең деп жатпайымбы. Кыянаттык кылайын деди дейсиңби.

– Болдучу эми.

– Бүттү, оозанбайм, – ал жалтактай макул боло калды да, колу менен оозун басып, күлүп жиберди. – Жанагы менин майпарымчы, – күлкү аралаш сүйлөдү. – Кийинки эр сөрөйүм жадакалса Ивандан да кызганбадыбы. – Ал томсоро түштү. – Өлгөндү да жөн жаткырбайт. Көрүң күйгүр.

– Баягы бойдон эле экенсиң, – деди Николай. – Жашың өтсө да, кыялың баягы эле.

– А эмне экен?

– Эмне болсун. Эчтеме.

– Анда эмне айтып атасың?

– Тийүүгө макул болсоң, алууга азыр да даяр элем дегеним да.

– Ал, – Николайды кадала карады. – Ал, мен макулмун.

– Алам.

– Алалбайсың, – салмак менен унчукту Анна. – Мен бараарын барам го, сен алалбайсың. Мына, экөөбүз эми араң жандырыштык.

– Алам, – деди ал.

– Бүгүн ал десең, бүгүн.

– Бүгүн аласың дечи, – Анна жайдары күлдү. – Бир түнгө аларың бышык. Эртең жолго саларың да бышык. Биз да билебиз. Диниңди карайткан менен пайда жок.

– Балээ экенсиң го бир.

– Ошондоймун. Кандай көрүп турсаң, так ошондоймун. Масмын, – көздөрүн жумар-жуммаксан айтты ал. – Өлгүдөй, өлгүдөй мас болдум, Иван болсо көргөзөт эле мага мас болгонду.

– Эмнеге Иван, Иван деп какшайсың? Өзүңдү өзүң кыйнагандан башка… Иванды тирилтип алмак белең.

– Чын эле, эмнеге Иван, Иван деп калдым. Жаман көрбөчү мени?

– Кеп жаман-жакшы көргөндө эмес, – өкүттө унчукту ал.

– Жиндиден соо болбой калдым. Бир карасам төрт тарабым төп сымал, бир карасам менден шордуу жок сымал. Ыйлай берип, көзүм аккансыды. Ыйлап алсам, жеңилдей түшөм: жакшы эле жашап жаткансыйм. Күнүгө жүз жолу сууга түшүп, жүз кургангансыган тиричилик. Жаманбы, жакшыбы жашадым, өмүр өттү, эми эмнени күтөт элем деп сооротом азыр өзүмдү өзүм. Мурда минтип ойлогонго батынчу эмес элем, эми көнүп баратам, көнгөнүм ушу да. Кайсы арыма дардактайт элем, турмушка наалый турган деле жөнүм жок. Жаманчылыгын да, жакшылыгын да өзүм тарттым.

– Ошондо эле мага тийсең?.. – акыры сурады ал.

Ал өзүн өзү тыңшап жаткансып, селейе түштү да, ийнин маңыроо күйшөдү:

– Биле албайм, Николай, жоруй да албайм. Тирүү экенсиң, алты саның аман экен, – ал колун Николайдын ийнине койду. – Такыр башым жетпейт, Коля. Сыягы экөөбүз деле ушунтип күн өткөрмөкпүз го. Эми аны айтканда эмне?

– Деги кээде эстеп калчу белең мени?

– Иван такыр эсимен чыкпай койду. Канча кылган менен жытыбыз сиңишкен да, сен көңүлүңө албасаң. Бүгүнкүдөн кийин сени да эстеп жүрөрмүн.

– Бүгүн деле эч нерсе өтө элек ортобуздан.

– Ал эмне дегениң? Сага жолукканыма жетине албай турам го. Же бөлөк-бөтөн белек?

– Далдоо жерде далай айкалышып турчу элек, – деп калды ал.

– Жинди эле экенбиз. – Анна ыңгайсыздана түшкөнү менен мындай эскерүү ага жага бербей калгансыды. – Болорунча болдук го. Тоок чакырганча калчу элек анан калса. А таң атканда…

Ал тык токтоду. Эшик шарт ачылып, кимдир бирөө баш багып, бирдеме дегенсиди да, кайра жок болду.

– Бирдеме даарыгандан сообу бу? – Анна күлүп койду.

– Көкөйгө тийгенде эле ушулар тийди, – деди Николай. – Таң атпай жатып, таңкылдатат эшикти бирөө, ача салсам: «Кечиресиз, башка бөлмө экен» – дейт. Карабай эле сүзө качырышат.

Ал дагы куя баштады.

– Аз калыптыр, бир көтөрсөк бүтөт.

– Экөөбүз таз-за гүлдөдүк белем, – Анна стаканды кош колдоп алып, кагыштырмай болду. – Тим эле түтүнүн чыгардык.

– Экөөбүзгө болот, бизге баары кечиримдүү. Өмүрүбүздүн жарымын жолукпай өткөрдүк…

– Өмүрүбүздүн жарымын… – таңдана кайталады Анна. – Акыры минтип! Акыры жолуктук баары бир. Сен мени көрөр замат тааный койдуң. Канткен менен эсиңде бар экем.

– Эх, Нюрка, Нюрка!

– Эмне, эх, эх? – Ал жини келгенсип сурады.

– Наркта жок катынсың да.

– Эмнем наркта жок экен? Кадимки эле катынмын. Мендейлер самсып жүрбөйбү.

– Мүмкүн, мага сен гана керектирсиң?

– Менби, качантан бери?! – Ал каткыра сөөмөйүн кезеп койду. – Масым мас дечи, бирок мен акыл-эстен ажырай элекмин. Ичпес ашыңдан үмүт кылба.

– Ошондой дечи.

– Так ошондой.

Ал туруп барып, каалганы ичинен бекитип койду.

– Ал эмнең? – бейгам сурады Анна.

– Көрүнгөн сүзө качыра бербесин. Тажатып бүттү.

– Мүлтүлдө, мүлтүлдө! Сымаптай гана кылтылдайсың ээ?! Николай жакындап барып, далыдан кучактады. Анна бурула берди.

– Ии, ойногуң келип калдыбы?

– А эмне экен?

– Болуптур, ойносо ойнойлу, – деди ал. – Далайдан бери эркек аттуу менен ойной элекмин.

– Коркпойсуңбу?

– Эмнеге коркмок элем?

Алар бирин бири көздөрүн жүлжүйтө карашты.

– Кана, мага тиймей болдуңбу? – деп сурады ал.

– Көрчү мунун бышыгын, – Анна күлүп жиберди. – Тиймей дейт… Үйүндө катыны күтүп олтурат, а бул күйөөлөп жүрөт. «Тиймей болдуңбудан» башка сөз таба албай калдыңбы, бөлөкчө айтсаң боло жок дегенде. Канча айтам сага: ичпес ашыңан үмүт кылба…

– Аны да көрө жатарбыз.

– Көрбөй-этпей эле.

– Эмне эле көгөрөсүң? – Жаны кашая унчукту Николай. Анна күлүп койду.

– Айтып атпайымбы сага: үйүңдө аялың күтүп олтурат, а мен мында…

– А сени ким күтүп жатыптыр үйүңдө?

– Эч ким, – деп кайта унчукту ал.

– Аның чын. Иван болгондо…

– Иван, Иван, – дагы сөзүн үзүп кетти ал. – Кулактын кужурун алмай болдуң. Уккуң келсе, Иваның деле сопу эмес болчу. Сени алгандан кийин эле экөөбүз канча кыздын артынан жүгүрдүк…

– Калп айтасың, – ишеңкиребей сурады Анна.

– Калп айткыдай кара жаныма эмне күч келиптир.

– Калп айтасың, Николай, – деп кайталады Анна ага тике карап.

Николай кайсактай түштү.

– Айтпашым керек эле, ооздон чыгып кетти. Ивандын өлгөнүнө жыйырма жылдан ашты, эми эмнеге кызганат элең?

– Ошондой де!

Анна үстөлдүн үстүнөн колун жыйып, тизесине койду да, жүткүнө берип, үстөлдүн үстүнөн алда нени издеп жаткансып, мадала калды. Николай аны кыйпычыктап карап турду. Анна катып калгансыды: кирпиктерин жогору көтөрүүгө күчү жетпегенсип, анда-санда гана каштары дирт-дирт этип жатты.

– Анна! – үнүн бийигирээк чыгарды ал.

Анна баш көтөрдү.

– А мейли, – деди Анна. – Чынбы, жалганбы, түкүргөнүм да жок. – Стакандагы винону көрө коюп, жандана түштү. – Алалек турбайбызбы али. Бул эмне кылганыбыз? – Аны күтпөй эле шак тартып жиберди да, стаканды коюп, кайрадан тунжурап калды.

– Көрчү айбанды! – деди өзүнө өзү жаны ачый жылмая башын чайкап. – Оюма да келбептир. Айбан – айбанчылыгын койбойт экен.

– Ал эмне дегениң?

– А жөн эле. Оюма ар нерсе түшө калды. – Анна ичиркентме тийгендей каткырды. – Кана эми, канттиң, алмай болдуңбу, же айнып калдыңбы? Мен чын эле камданып алдым.

Ал үн катпады.

– Күйөө болбосоң коё кал! Алам эле алам деп, оозуң менен орок оросуң. Сүйүнүп алганымды да кантейин.

Кайрадан тунжурай түштү.

– Аябай сайрандадык, – деди ал көптөн кийин башын төмөн салып. – Жак-кшы. Албан түркүн кеп айттык: согуштан баштап, катын-эркек, кыз-кыркынга чейин. – Ал бир каткырып алды. – Бири-бирибизге айтып бербеген кызыгыбыз калган жок. – Кайрадан унчукпай калды. – Иванды эскердик. Оболу эскердик, анан эстедик. – Дагы унчукпай калды. – Даана айбан турбайбы?!

– Сен туура түшүнсөң. – Николай ордунан туруп, Аннага жакын келди. – Мунун баары менин эле чыгарганым. «Иван, Иван» дей бергениңен ызаланып кеттим да, оозума келгенди оттоп салдым. Чычалатайын дегем сени. Калп баары!

– Жаныңды жебе! – чарчагандай үн катты ал.

– Ишенип кой.

– Жана эмес, азыр жеп жатасың жаныңды. Көрүп турам. Мени аяганың го? Аябай эле кой. – Ал оор үшкүрдү. – Эмне керек эле ага? Арыңа келет экенсиң. Жанагы менин майыбым болсо бир жөн, таарынмак түгүл, кылым да кыйшаймак эмес. А бул… Ардантты-кордонтту, аябады мени…

Ал бетин баспай, жаш чыгарбай, кудум онтоп жаткансып, өңгөчүн билгизбей тартып, чердүү бук менен ыйлап алды.

Николай колундагы тамекисин үстөккө-босток соруп атты.

Анна бачым эле басылды, болгону көпкө чейин анда-санда солк-солк эткенинен жаспады. Көзүнөн жаш чыкпаганы менен ордунан туруп, жүзүн чайып келди. Ал кулап кете тургансып этиет, акырын жылып басып жүрдү.

Алар бир бирин карагандан айбыгып турушту.

Анна жуунчу бөлмөдөн чыгып, үстөлдүн жанына аярдай калды да, күнөкөрдөй үн катты:

– Аябай ичип салыпмын сеникинен.

Ал кабак астынан уурдана карап, эч нерсе деген жок.

– Мен кетейин, – деди Анна.

– Коё тур, – деп суранды ал. – Да беш мүнөт. Жөн эле отура тур. Анна өзү олтурган стулдун кырына көчүк басты. Эч кими үн катпады. Беш мүнөт өттү, андан да ашып кетти.

– Кой, кетиш керек.

Узатып келиш үчүн ал да кийине баштады.

… Алар трамвайда баратышты. Кыз-жигит бирин бири узатып бараткан маал эле. Экөө кыналышып олтурат. Николай Аннанын колун тизесине тартып алган.

Сүйүшүп жүргөндөр аларга тымызын сызыла карашып, мыйыгынан жылмайып коюшат…

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

«Жаңы Ала-Тоо» 2012, №4 (36)