РАСПУТИН Валентин: Аялдардын сүйлөшүүсү (аңгеме, которгон Жолдош ТУРДУБАЕВ)

АҢГЕМЕ

Кыш ортологон ченде Вика алыскы айылдагы чоң энесиникине аргасыз келип калды. Он алты жашында боюнан алдыруу оңойбу. Кошулган шойкомдуу тобу жолдон чыгарган эле да. Мектепти таштап, үй бетин көрбөй безип жүргөн чарк айланып. Ата-энеси кокуйлап айлампадан сууруп алганча кыз кош бойлуу болуп калган экен. Ооруканадан кийин бир жума үйдө жаткырышты, анан атасы эски «Нивасын» жүргүзүп, каяша кылганга чамасы келе элек немени чоң энесиникине сүргүндөп салды, тарбия-таалим алсын деп. Мына эки айдан бери тарбияланып, азап тартууда: курбу издебеди, чоң энесинин телевизору да жок – нанга чуркап, тамга отун-суу апкелип, керебетте китеп окуп гана отурат.

Март айында саат сегизде эле кеч кирет эмеспи, а электр… каалаган учурда аны жаркыраткыдай кез жок азыр. Электр деп Ангаранын жээгиндеги айылдарды чогултуп, бир жерге үйүп салышкан, талааларды, жайыттарды сууга бастырып, эзелки ирет-тартипти бүлдүрүшкөн эчак эле. Мунун баарын электр үчүн жасашкан. Бирок алыс-алыстардагы айылдарды туташтыра зым тартышкан эмес беле. Эски доордо бул тарапты жарытыш үчүн электрди жер майдан алышчу, эми солярканын баасы асмандап кетпедиби. Эртең менен эл жумушка жөнөөрдө күйгүзүмүш болушат, кечкисин кээде гана… Наталья башка кемпирлердей эле күн батканда төшөгүнө жатканга шашат. Вика серпилмеси эскирген керебетти кычырата ооналактай берип, акыры тынчып калат.

Бул кыз толукшуп жакшы бой тарткан, эрге берсең деле болчудай, бирок акылы баланыкындай, жетиле элек, анча эстүү эмес. Чоңдор айттырбай кылар нерселерди ал түшүнбөй сурай берет. Илең-салаңдыгы да бар – жалкоолонобу же кайдыгерби? Айтсаң кылат, айтпасаң өзү билип жасабайт. Ичимден тап, тымпыгый сыяктанат. Күнгө тотуккан төгөрөк жүзүнөн боз күрөң көздөрү бакыраят, тиктегенин көпкө чейин карап тура берет – көрөбү же жөн эле тигилеби, белгисиз.

Бул кечте алар уктай албай жатышты. Ушундай да болот кээде: табиятта кандайдыр бир арасат нерсе бук кылып, уйку бербей коёт эмеспи. Наталья үшкүрүнүп, ары-бери оодарылып жатты; Вика да кыңкыстап, ойдолоктойт. Бирде мышыкты уйпалап эрмектейт, бирде аны жерге таштап ийет. Ангара дарыясына караган эки терезедеги агыш жука пардадан кеч кирип бараткандагы иймек ай көрүнүп турду. Жаркыраган электр өчкөндөн бери кайрадан асманды көрүп, кудайдын бардык макулуктары сыяктуу эле адамдар да күн чубактап, кечкисин көктөгү айдын жаңырганын, толгонун байкай баштаган.

Бүгүн асман чайыттай ачык эле, жумшарып кайра тоңгон кар күн нуруна жылтылдайт, чатырдан салаңдаган туптунук муздар шыңгырайт, эрте жаздын абасы кермек жыттанат. Ангаранын өйүзүндө күн баткандан соң асман көпкө чейин кызара тамылжып турду; талаадагы кар да башкача, кышкыдай эмес, мемиреп, көгүш түскө кубула төшөлүп жатты. Бирок караңгы кире электе эле жаңы тууган ай менен кошо жылдыздар жымыңдап, шүүдүрүмдүн тамчыларындай жарык чача баштады.

Жок, уйку келбеди, эч келбей койду. Бук болгон чоң эне менен небере сөзүн улай беришти. Күндүзү Наталья уулунан, Виканын атасынан кат алган эле. Вика да окуган: кабар алып келем дептир. Ошол кат экөөнүн тең уйкусун качырды.

— Кетем, – деген Вика күндүзү эле камынып, азыр дагы кайталады: – Атам менен кетем. Биерде эми калбайм.

— Мендей кемпир менен тургандан зеригип кеттиңби?

— Э-э, баарынан тажадым…

— Жашабай жатып тажаганын мунун. Эмне эле жашоого кызыкпай, мынчалык илээнди болуп алгансыңар азыркылар?

— Эмне үчүн кызыкпайт экем? – чаалыкканданбы же кыжыры келгенденби, бурк этти Вика. – Кызыгам эле…

— Кызыгууң – тезирээк жеп-жута калсам деген эле сабырсыздыгың. Эл жашаган жерге келип-келбей жатып, баарынан тажадым дейт!.. Ачкыч салар жылчыктан шыкаалап көрдүңөрбү… элдин кантип жашаганын жактырбагыдай? Өзүңөрдүкүчү… эмне, жакшы болдубу?

— Тажадым. Уктачы, чоң эне.

— Уйкум келбей жатпайбы… – Наталья улутунуп, күрсүндү. – Эми канттиң? Жийиркенбейсиңби?

— Жийиркенем… А эмнеге жийиркенмек элем? – дароо танганча шашты Вика, анан керебетинен туруп отурду. – Эмнеге?

— Кетем деп жатпайсыңбы, – деп жооп кайтарды Наталья, – а сен экөөбүз эч сүйлөшө элекпиз. Кылган жосунуң эмне: эрдигиңби же эселектигиңби – мага айткан жоксуң. Сен өзүңө кандай карайсың деги? Ушундай балээге кабылдың!

— Мен муну айткан жокмун, муну эмес!.. Сен эмне эле өзүңдүн эски бирдемелериңди айта бересиң! Мунун баары өтүлгөн!

— Каякка өтүлгөн?

— Биринчи класста эле өткөнбүз. Азыр баары андай эмес. Азыр аял деген лидер болууга тийиш.

— Аның ким? — Наталья таңыркай копшолуп, Виканы даанараак көрүп, угуш үчүн жаздыгына чыканактады.

— Лидерди билбейсиңби? Койчу, чоң эне, сен кайрадан жашай башташың керек ко эми. Лидер – бул эч кимден көз каранды болбогон, башкалар анын көзүн караган аял. Элдин баары анын артынан калбай чуркайт, ансыз эч ким эчтеке кыла албайт.

— Аның эри менен жашайбы деги же жокпу? – деп сурады баары бир эч нерсени түшүнбөгөн Наталья, жок дегенде ушуну баамдагысы келип.

Вика эмне дээрин билбей мукактанды:

— Ар канда-ай да… Бул милдеттүү эмес.

— Койчу, такыр эле талаада калганбы? Итке окшоп. О кудай! – дубалдын артынан айткансыган басыңкы үн менен унчукту Наталья. – Ох-ох-ох и-ий, бизде бул… Тим эле ох-ох-ох…

Вика чочуп кыйкырды: бала мышык анын манжасын тырмап, керебеттин чыбыктан токулган башынан зуу өттү да, сандыктын үстүндө бугуп алды. Виканын канаган манжасын оозуна салып, шимип жатканы угулду.

— Эмнеге «целомудрие»[1] дешет? – деп сурады күтүүсүздөн ал. – Эмненин «акылмандыгы»? Угуп атасыңбы, чоң эне?

— Уктум. Мунун силерге тиешеси жок.

— Айта берсеңчи.

— Акылдын дал өзү, – деп сөз баштады Наталья ачуулана. – Акылы барлар ыштанын чечип салбайт. – Ал унчукпай калды: улантсамбы же тим эле койсомбу деп ойлонду. Бирок сөз удулу келип турат, айтаар кеби даяр болсо, унчукпай койгону да жарабастыр. Бул кызга башка ким айтмак эле муну. – Ага, өзүңдүн маңдайыңа жазылган эриңе, берилишиң керек. – «Өзүңдүн», «маңдайыңа жазылган» деп баса белгилеп, ордуна коё айтты. – Ага кыналып, көз жашыңды кылгырта кубанышың керек. Ананчы: баары уят-сыйыт менен, мыйзам боюнча, келишүү менен болот. Жытташа калуу менен эмес. Болгон-бүткөн турпатым ушул, Кудайдын берген насибиндеймин: иче кой, жан күйөөм, мен сен үчүн мелт-калтмын дейсиң. Сен үчүн өсүп жетилдим, өзүмдү бүт бойдон тамчыдай чогултуп, кызыл дандай камдап келдим колукту болуп. Колуңду тийгизип көрчү: жан дилим кандай мээримдүү, таптаза, кылдай жаракасыз, шыңгыраган аппак чыныдай, ичериң да таптаттуу! Кудай берген ырыскыңмын дейсиң. Өзүңдүкү деген өзүңдүкү да. Жыты өзүңдүкү, доошу да, эркелеткени да одоно эмес, дал өзүңө шайкеш. Ал камдагандын баары сен үчүн, эч нерсеси төгүлүп-чачылбаган. Сен да ал үчүн ошондойсуң. Баары бири-бирине төп келип, өмүр бою эриш-аркак жашаганга уютку болгудай камдалган.

— Сен эмне куюлуштуруп жатасың?! Жаттап алгандай! – деп сөз бөлдү Вика.

— Куюлуштуруп дейсиңби? Билбейм… көңүлгө төп келгенде дайыма ырдагандай айтылат.

— Мурда эч болбогонсуп… күйөөгө баары кыз бойдон тийгенсип…

— Болгон, кантип болбой калсын. Кыз башы менен төрөп алгандар да болгон.

— Кантип?

— Кыз кезинде боозуп алгандар. Күйөөгө тийе электе. Бойго жете электе. Вихтория, эси жогум, андайлар болгон, – деп Наталья оор күрсүндү, көкүрөгүн бошотконсуп. – Андай чалакайлар болгон. Кийин эрге да тийишкен. Жакшы бүлө күтүп кеткендери да болгон. Бирок өмүр шеригиңе ак болсоң, эч жашырынбай, жылдызың жарык жанса жакшы. Сен анда кожейке, ханыша болосуң. Сен кудайлап зарыкпайсың, сенден суранышат. А тиги болсо жалтанып, капаланып жүрөт дайым. Кичине эле бирдеме болсо, этеги жаман жеринен айрылып келгенин эсине салышат. Тим эле укмуштай катын болсо деле, ичинен сызат баары бир, азат-тозот…

— Азап дейсиңби?

— Азап да тартат, азат дагы. Турмушка чыгарда муну жашырбай айтыш керек, мен ушундаймын, күнөөлү болгом деп. Ырас, жакшы эркектер бар…

— Ай, койчу, чоң эне, азыр буга ким эле карайт дейсиң, – деп кыжырданды Вика, керебетин кычырата.

— Эми, карабасаңар – силердин ишиңер. Эми баары силердики болуп калбадыбы, биз кийлигише албайбыз. Өзүң жакшы билесиң го.

Ошентип, экөө өз санаасына тунжурады. Кыздын оюнда эмне бар? Жөн эле кежирленип жатат. Кычкыл даамдуу чийки мөмөдөй.

Терезеден кулак тундура татыраган мотоциклдин өткөнү угулду. Аны утурлай бирөө кыйкырып койду. Анан – кайрадан жымжырт. Наталья керебеттин башына капталдай жылып жетип, парданы ачты. Терезеден суйдаң шоола агылып, бөлмө кыйла жарык боло түштү.

— Эмнеге ачтың? Жапчы! – деди тынчы кеткен Вика.

Жылдыздардын жаркынынан тизилгенсип, жаңы тууган ай турду көктө. Бейкапар калган жылдыздарды өзүнө сиңирип алып жаткансыйт. Тоё жегендей толукшумайынча ар түндө улам толо берет. Көчөнүн өйүзүндөгү кепе тамдар жепирейип, мелтирейт – түтүн да, жарык да, үн да чыкпайт алардан. Чатырларда жылымыкка козголуп токтогон кар кайра тоңуп, кечки суукта асманга түспөлдөш болуп бараткандай. Ушунчалык ээн, тунжураган жымжырттык менен суук өкүм сүрүп тургандыктан, Наталья өзүн жоготуп коё жаздады. Парданы жаап, төшөгүнө жылып жете минтип күбүрөдү:

— О Жараткан, ырайым кыла көр.

— Аякта эмне бар экен, чоң эне? – деп сурады Вика түшүнбөй.

— Баары эле, берекем. Кудай, өзүң сакта…

— Сен эмне – башка эчтекени көрбөдүңбү?

— Жок. Уктай кой.

Кыйла унчукпай жаткан соң Вика жашамал аялдардан бетер күрсүнө сурады:

— А чоң атам экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү болду беле?

Натальянын ою алыста болгондуктан, түшүнбөдү:

— Чоң атаң менен дейсиңби? Эмне?

— Эми, биринчи жолу кандай кездештиңер эле? Же унутуп койгонсуңбу?

Наталья улутунду, анан ордунан копшолуп турду. Капкайда кеткен оюн топтоп, качанкыны эстеш керек эми. Анан эч толкунданбай эле, жөн гана сөз баштады:

— Биз никелешпей баш кошконбуз. Бул анча деле жакшы эмес. Ал кезде нике кыйдыргыдай жер жок эле, чиркөөлөрдү кыйратып салышкан болчу. Бой тартып, он сегизге толгондо эски көйнөгүмдү кайра бычып тиктим – ушинтип эле колукту болдум. Ачарчылык жылдар. Биздин айылда он алты жашынан деле, ушу сендей кезинен эле күйөөгө чыгышчу… Эринин колуна барганда жетилип алат, кароосуз калбайт дешчү… – Наталья сөз учугун жоготуп, унчукпай калды.

— Чоң атам менен канттиңер эле? – кайрадан сурады Вика.

— Чоң атаң менен… Жашадык, согуш башталганга чейин жашадык. Бизде башынан эле жубайлар эзилише берчү эмес. Жакшы-жаман мамилеси көз карашынан, кымындай иш-аракетинен эле сезилип турчу. Мен күйөөмдүн кыялын өзүнөн да жакшы билчүмүн.

— Силерде мүмкүнчүлүк деле болгон эмес го …

— Эмнеге болгон эмес? – таңыркай сөз улады Наталья. – Сен, Вихтория, перзент төрөй элексиң… Бөлтүрүк туугандан тарта ургаачы карышкыр деле аны кантип багышты биле баштайт эмеспи. Доктурсуз, китеп-ситепсиз эле. Кемпир, чалдар эзелкинин эзелкисин да көрсөтүп, түшүндүрүп беришчү. Адамдар бири-бирине жан тартып, мээри түшүшү керек. Жакшы көрөбү – үйрөнөт. Ушундай тартылат. Катын дайым ушундай: бир сырын тартсаң, ага туташ жыйырмасы бар. А буларды билерин, оңой эле билип аларын катын өзү билбей чоңойчу.

— Ошондой болгону ырас, – деп Вика өз оюна тууралады. Чын эле, акыл чаптырсаң, ошондой эмеспи деп ойлоду. – Азыр аялдар күчтүүрөөк. Аял дегеле биринчи катарга чыгып баратат.

— Койчу, күчтүү болгондун эмнеси жакшы. Жакшы көрүш керек. Баарын жакшы көрүш керек.

— Чоң эне, кайра эле эскилик кылып жатасың, артта калгансың. Азыр аял… максатка умтулган аял баркталат.

— Каякка атылган?

— Атылган эмес. Максатка умтулган. Түшүнүп жатасыңбы?

— Оозуңду ачсаң эле, – деп баш ийкеди Наталья, – атып киришет бутага мээлеп. Түнү бою сени менен эмнени кеп кылып отурам деги. Ушундай мээлегичтер көбөйдү.

Вика кыжыры кайнап, керебеттин тогошун тээп ийди, анан ооруксунган бутун жууркандын ичине бүгүп алды.

— Сен такыр эле сабатсыз калгансыңбы? – деп кокуйлады ал. – Эмнеге түшүнбөйсүң? Максатка умтулганы – максатын көздөп бараткандыгы. Алдына максат коюп, ага жетише билиш керек. Жетишүү үчүн мүнөзүң… күчтүү болушу керек.

Ордуна оңдоно отуруп, керебетин кычыраткан соң, Наталья унчукпай калды.

— Эмнеси бар экен, – деди ал анан. – Андайлар да болгон. Бейбак катындар. Ушундай иттер болот эмеспи, тайган деген. Ичи кабырыңкы, чоюлган, тумшугу шуштугуй. Бирдемени тумшугуна жыттатып койсо, шуулдап издеп жөнөйт. Жанын оозуна тиштеп чуркай берет, чуркай берет. Жаны чыкмайынча чуркайт. Карасаң: куйругу бөлөк, тумшугу бөлөк, бир да бүтүн жери жок.

— Чоң эне, тим эле артистсиң го! Тайгандын кандай тиешеси бар? Кайдан көрдүң эле тайганды? Бул жакта андай иттер жок да.

— Тиливизирден көргөм, – деп жоош унчукту Наталья. – Надяныкына, кошунамдыкына дайыма кечкисин барып чай ичебиз, анын тиливизири бар. баары-жокту көрсөтөт. Шумдук, балээнин эле өзү.

— Тайганды да ошояктан көрдүң беле?

— Тайганды да, анан тиги, сен айткан бутага атылганды да… Баягы арткы бутуна тик турганчы. Зоругуп өлбөйбү, ушундай жанталашкан неме, кимге кереги бар? Жок, Вихтория, ага эч суктанба. Катын деген катындай эле болушу керек. Сенин бой-келбетиң дурус. Жакшы эркек ушу сендейди жактырат.

— Сен такыр башканы айтып жатасың, – деди ойго баткан Вика. – Азыр баары башкача.

Бала мышык анын керебетинен секирип түштү. Анан куйругун чагарактата дүгдүйүп бөлмөнүн ортосуна барды да, эңкейген бойдон терезени тиктеп калды – аяктан түнкү жылдыздар жаркырап турган эле. Парданын үстүнөн жылдыздардын шооласы бөлмөгө түшүп, булуң-бурчтар гана караңгылашат. Мышыктын тумшугун бирде оңдогу, бире солдогу терезеге буруп жатканы, күл түстүү жүнү түксүйгөнү, кетенчиктей калып ашканага чуркаганы даана көрүнүп турду.

«Башканы, – деп небересинин айтканына макул болду ичинен Наталья. – Каалайсыңбы, жокпу, эми баары башкача экендиги чын. Адамды иттей кууп чыгышкан муздак шамалга, аны кандайдыр бир күч дегдеңдетип кубалап алган, эч тыным алдырбайт. Тайгандын жашоосу дал ушундай. Адам буга көнүп деле калган, башкачанын ага кереги да жок. Алкынып-жулкунуп жүргөндө гана жашачудай сезет. Токтосо эле – үрөйү учат. Туш тарабында баары кыйрап, тыйпыл болгонун көрөт…»

— Сенден бир нерсени сураса, башканы айтып туруп алат экенсиң, – деди Вика таарынып: бул сүйлөшүүдө козголгон бир нерседен көңүлүн тынчыткысы келген эле.

— Чоң атаңдыбы? – деп эстеди Наталья. – Чоң атаң тууралуу дечи. Сенин чоң атаң согушка чейин мени менен жашаган киши эмес эле…

— Башкабы? Кантип? — таңыркай сурады Вика.

— Эми, мурункусу согушта өлтүрүлсө, а сенин атаң согуштан кийин туулган болсо, башка болбойбу? Экөө тең эчак өтүп кетишкен, бирок адегенде бири, анан гана башкасы болгон. Башында Николайга тийгем, ал экөөбүз ушул тамды салганбыз, баш кошкондо эле чал-кемпирден бөлүнүп чыгып, жай ичи куруп бүтүргөнбүз. Биерде сенин Степан жана Василий аваларың туулган, алар Николаевичтер. Алардын атасы ушуерден согушка аттанган. А экинчи чоң атаңды, сенин чоң атаңды, ал өзү, Николай, мага жиберген.

— Кантип биякка жиберген? Сен эмне деп жатасың, чоң эне? – Вика керебеттен жулкуна туруп, жаздыкты астына тарта чалкалай отурду. – Жөндөп айтчы.

Эмне кылсын эми: баштадыңбы, айтып бериш керек баарын. Наталья өзүн кичүү неберелери жакшы билбейт деп ойлоп жүргөнү да бекеринен эмес. Бирөөн эч качан айылга апкелишчү эмес. Вика алты жыл мурун келген эле, бул ирет кырсыктап калбаса дагы качан келери белгисиз болчу. Айылдык чоң эне бар, дагы бир шаардык чоң эне (таене) да бар деп гана билишчү. Айылдык чоң эне менен айылдык чоң ата да жашаган болсо керек, бирок эчак эле жок болгондуктан, аны эстешчү да эмес. Тиги биринчисин эстеш оңой болчу, анын жок дегенде атагы калган: майданда курман болгон эмеспи.

— Ал курман болгон соң кантип жибермек эле? – Виканын сабырсыздыгын чаңкылдаган үнү сездирип койду. Анын астындагы керебет да тынымсыз кыйчылдап жатты. – Кантип эле ушундай болсун?

— Ушинтип эле, – деп ырастады Наталья, өзүнчө башын ийкей. – Жашоодо эмнелер гана болбойт. Меникине чайлашканы Дуся келип жүрөт ко… Дусяны билесиңби?

— Ии.

— Ал согуштан кийин бир тууган эжесинин эрин азгырып алган. Эки баласы менен тирүүлөй жесир, жетим калтырды. Тиги эркек жоош-момун болсо да, напсиси бузулду, азгырылды. Эжеси түзүк катын болчу, а Дуся такыр илээнди, иштен качкан неме. Бала да төрөбөдү, чарбаны да колго албады… бети жок, ичимдикке жакын… Атайылагандай болду. Эркек жооштугунан баарына чыдады, тамакты өзү бышырчу, уйду өзү саачу. Азыр ал да жок, эжеси да өтүп кетти, а Дуся баягы өзү атасыз калтырган балдарды издеп барды шаарга, алардан жардам алып жүрөт, бөлөк-бөтөн эмессиңер деп. Мурдагы күнү келиптир мага: «Наталья, шаарга бардым, чокундум. Эми күнөөмдөн арылып жатам», – дейт. «Сен али кө-өпкө чейин күнөөңдү жууйсуң, периште эмессиң», – дедим.

— Чоң эне! – деп кыйкырып ийди Вика. – Дагы каякка ооп кеттиң? Мага тиги Дусяңдын эч кызыгы жок, сен өзүңдү, өзүң жөнүндө айтчы. Экинчи чоң атамды айт.

— Ырас эле, оюмду топтоюнчу, – деп макул болду Наталья, күрсүнө. – Мен эми ушинтип калбадымбы – баш-аягы жок сүйлөй берем. Мейли, эми угуп тур. Николай менен алты жыл жашадым. Жакшы жашадык. Бекем эркек эле. Бекем, бирок көк бет эмес болчу. Менин айтканым орундуу болсо, моюндачу. Аны менен жашоо оңой болчу. Ал турганда дастаркон берекелүү, корообуз иреттүү, балдарыбыз баштуу деп көңүлүм ток жүрдүм. Эскиче айтканда, мени жакшы көрчү. Кээде көзүмө тигиле, ушундай жакшы карап калчу… А мен байкап, ага өзүмдү көрсөтө баштайм. Жаш кезде мактангыдай эле болот эмеспи аялзаты.

— Эмнең менен мактанчусуң?

— Өзүмдүкү менен эле. Өзүмдөгү болгон нерселер менен. Анан эмне? Ал кезде жумуштан жалкый элекмин, таза, тыкан, жаркылдаган куунак болчумун. Көңүлүмө күн нуру шоола чачып турчу, мен күн нурун өзүмө көп-көп топтой берчүмүн. Кийи-ин эсеси чыкты го-о! – деп созолонто айтты ал, чекти сызгансып. – Анан бүттү. Каранкүн түштү тез эле. Кара кагаз келгенде өксүп ыйладым, карманар эмнем калды деп тегерете карадым… Эки балам, бири беште, кичүүсү үчтө, илмийип колу-буту ипичке, тороло албай жүрдү.

— Демек, атам анда болгон эмес экен да? – деди Вика, чоң энесинин сөзүн багытташка аракет кылып.

— Сенин атаң туула элек болчу. Анын каны башка. Николайдын кара кагазын кышында апкелишти, ошондон кийин тез эле согуш да аяктады, а күзүндө, талаадагы жумуштарды бүтүргөн кезде, кечинде үйгө келсем, бир эркек терезенин түбүндө жаткан устунда отурат. Мени көрүп, ордунан турду. Сиздин күйөөңүз менен согушта чогуу болдум, оор жараат алып өлүм алдында жатканда да жанында турдум дейт. Окуя кандай болгонун сизге жазган элем… катты алгансызбы дейт.

Ырас, ошондой кат келген, аны азыр да сактап жүрөм. Үйгө кирдик, алдына чай койдум. Аны карап, эмнеге келди экен деп өзүмчө ойлоном. Жакын-жуук жерден да эмес, тээ Уралдын түбүнөн, жерди бөлүп турган тоонун түбүнөн келиптир. Шинелин чечти – тыртайып арык, узун бойлуу, моюну кылдай, колу-буту менин балам Васькамдыкындай илмиет. Көрбөгөн азабы калган эмес окшойт бул солдаттын. Бир жолу жарадар, кийинкисинде контузия болуптур. Жараатынан да контузиясы жаман экен, ал балээден арыла албады го өлгөнгө чейин.

— Анан? – чыдабай сурады Вика. – Чай ичтиңер, анан ал биринчи чоң атам өзүнүн ордуна жиберди дедиби?

— Ойдолоктобочу, – деп тыйды Наталья. – Силер ошондойсуңар – арыдан бери эле даяр боло каласыңар. Биринчи күнү ал бизден кабар алам деп Николайга убада кылганын гана айтты. Мен аны чал-кемпирдикине алпарып кондурдум. Сууга барганда каттаган көчөдө… бурулуштан кийин оң жактан үчүнчү там, тактай менен жабылган, азыр такыр эскилиги жеткен… биздин үй ошол болчу, аерде менин ата-энем турчу. Николай экөөбүз ушул тамды куруп алганга чейин мен да ошол үйдө жашагам. Конокту ошол жакка алпарып, балдарымды апкелдим. Мен жумушка кеткенде балдарым чал-кемпирдикинде калчу. Ал балдарга белек-бечкек деп чакмак кант тартуулады. Чыгып баратып байкаганым – атам конокторго камдаган бөтөлкөсүн койду эле, ал ичпеди. Контузиям бар, мага болбойт деди.

Чаалыккан Наталья сөзүн токтото калды. Ушундай жымжырттык өкүм сүргөндүктөн, көктө жылдыздардын чатыраганы шыбыш болуп угулчудай сезилди. Виканын керебеттен ылдый салаңдаган колдору өтө чоң, купкуу, сенек болуп калгандай көрүнөт. Эми чалкалаган ороктой айдын шооласы Викага баягыдай сол жактан эмес, оң тараптагы терезеден чачырап турду.

— Эртеси ал эртең менен келди, – деп сөзүн улантты Наталья, небересине суратпай эле. – Мен кечээ баарын айткан жокмун дейт. Аты Семён болчу, сенин атаң Семёнович. Сөзүмдү аягына чейин таң калбай угуңуз да, анан өзүңүз билиңиз дейт. Башыма келе калган ойдон турган жеримде таштай каттым: Николай тирүү, такыр мунжу болуп калгандыктан көрүнгүсү келбей жатат окшойт деп ойлодум. А берки айтат… ал мындай укмушту айтты. Николай мага барып, өзүнүн каалоосун айт деген имиш. Натальяны абдан жакшы көрчү элем, эми өлүм астында ыктыярды өзүнө койдум дептир. Кайсы ыктыярды? Башкага тийсин дептир. Шинелчен турат менин алдымда, чечип кой дебедим, башы калтылдайт… контузиядан ушинтет экен… анча деле катуу эмес, бирок баары бир калтылдаганы байкалат. Анан минтип жатпайбы… «Мага, – дейт, – Николай дүйнөдө Наталядан жакшы аялды эч жерден таппайсың деди. Сага болсо керез калтырды, мени менен жашасаң жакшы болот деди». Мына ушундай буйрук-ыктыярды айтыптыр. Мен отуруп эле калдым…

— Бирок колуңду сураганы сага жаккан эле да? – деп сурады Вика, олдоксон тамашалап.

Наталья буга көңүл бурбады.

— «Сен ошон үчүн жолго чыктыңбы?» – деп сурадым. «Жолго чыктым». – «Атаң, энең барбы?» – «Энем өлгөн, атам бар». – «Атаңды, бир туугандарыңды, бар болсо, эже, карындаштарыңды да таштап белгисиз жакка жөнөгүдөй, бардык туугандарыңды унуткудай бул эмне деген буйрук экен?» – Унчукпайт. – «Бул эмне деген катаал буйрук?» – «Мунун эмнеси катаал экен? – дейт. – Сен Николайды жакшы көрчүсүң, а мен ага ишенчүмүн. Сен мени, мен сени билчү эмеспиз, ал болсо экөөбүздү тең жакшы билген. Ал сен экөөбүздү бекеринен кошкусу келмек эмес». «Жо-ок, – дедим, – сен башыңды кичине иштетип, ойлонсоң: азыр жапжаш кыздар толуп жатса, бирөөнүн катынын алып эмне кыласың? Эмне кыласың? Мен эми солуп деле бүттүм, ушу кебетем менен сага такыр жарашпайм. Жашым деле сенден улуу болсо керек». – Тактап сурасам, чын эле үч жаш улуу экенмин. – «Сен түзүк эле киши окшойсуң, – дедим, – Николай жаман адамды жибермек эмес, бирок мен сенин ырайымыңды кабыл ала албайм. Кет, жөнө». Ал бир аз турду да, кетип калды.

— Кеттиби?! — таңыркай сурады Вика. — Кантип кетти? Кийин каяктан келип калды?

— Кетти, жөнөп кетти, – деп ырастады Наталья жай гана, анан демин басты. – Анан үч жума же канча убакыт өткөндө, кар жааган кезде, торбосун асынып кайра келди. Кыш кийимдерин салып алыптыр. Мага бурулган соң, ата-энемдикине барып кирди. Өз кишиден бетер. Колхоздун жумушуна чыга баштады. Мен ага карабайм, ал жок сыңары, ал да мени карабайт, мен үчүн келбегенсип.

Вика чыдабай кетип кайрадан сөз кыстарды:

— Ай-и-ий, чоң эне, мурда кандай кызык, күлкү келерлик болгон экенсиңер! А сен аны сүйүп калдың анан, туурабы?

— Кайдагы сүйүү?!

— Силерде эмне, ал кезде экинчи сүйүү болчу эмес беле?

— Кулак сал, – деди Наталья, сөзүн бөлгөн небересинин акылсыздыгына кейип. – Сүйүү болгон, кантип болбосун, бирок мурдагысы ууз сүйүү, бүтүн сүйүү эле да, төгүлүп-чачылганды терип алгандай эмес эле. Ал мага ылайык эмес деп ойлочумун. Жанымды кыйнап, анын башын айлантып, элдин мазагына калып эмне кылам, тең эмеспиз деп ойлодум. Убактылуу киргизип алгым келген жок, мен андайды жактырбайм, а туруктуу турмуш үчүн тең теңи менен эле болгону жакшы.

Наталья унчукпай калды. Кантсе да сөз учугун жоготуп койду, эми кантип улантарын билбей ойлонуп калды.

— Ошентип, ал жашап турду, – деп сөзүн улады Наталья, үшкүрүнүп. – Балдарым чал-кемпирдикинде, ал дагы ошол үйдө. Балдарды өзүнө тарта баштады. Алар мага да келбей калышты. Ал өзү көндүрүп ээрчитип келет, эртеңкиге чейин эле коштошобуз дейт, а мени менен такыр бөтөн кишидей эле сүйлөшөт. Ошентип эрегишип калдык – ким жеңер экен деп. Мен көкмүн, ал болсо согушта бышыккан. Байкасам, мага өзүмдүн эле күчүмдү каршы багыттап коюптур: балдарым аны жанындай жакшы көрөт, анан чал-кемпир да аны жактап чыгышты. Айрыкча энем. Мени туш тараптан кысымга алышты. Айылдагы катындар жемелешет: ырысына кесир кылган кемпайсың, келесоосуң дешет. А өзү болсо билмексен, эч тиешеси жоктой, жакындабайт дагы.

Вика күлүп ийди:

— А сен жакындабайт деп таарынып, кызгана баштагансың го…

— Кызганбай калайын, бирок камалоого алышты да. Бул деле эчтеке эмес, буга деле туруштук бермекмин, мен крепостной катын элем …

— Кайдагы крепостной? Крепостнойлор падышанын доорунда болгон эмеспи. Бекем, катуу элем дегениң го?

— Мен каалагандай балээге туруштук кыла алмакмын, бул эчтеке эмес, – деп мактанычсыз эле кайталады Наталья. – Бирок мен муну айтып жатам: ал контужин, оорукчан болчу да. Контузия дегениң ушундай: жатып калса, жашаганы да татыбайт. Эч нерсени укпайт, көргүсү келбейт, көзү ала чакмактанып, үрөй учургудай болот. Эптеп керебеттен козголуп турса да, бутун шилтей албайт. Анан кайра эс-учун жыйганда оңолуп калат. Ушундай эле. Карап, байкасам, мен ага керек экенмин, менсиз ал көпкө жашай албачудай.

— Ошентип, аны сүйүп калдыңбы?

— Сен эмне эле кайталай бересиң: сүйүп калдыңбы, сүйүп калдыңбы? – жай гана жооп кайтарды Наталья. — Силер сүйүп кала бересиңер, жүрөгүңөр жалындап турган чакта. А мен канча ай өткөндө, жаз келип, суулар ташый баштаганда гана тагдырыма баш ийип, аны чакырып алдым. Эч бир сүйүүсүз эле. Башка салганды көрбөскө аргаң жок. Ошентип, ал келди да, кожоюн болду. Жети жыл ынак жашадык, ар ким эле мындай ынтымак турмуш кура албайт. Анан бир жыл ичинде соолуп кетти. Узак жашагыдай эмес эле, муну мен билчүмүн. Бирок жети жыл деле калган өмүрүмө татыды го.

— Ал эмне, биринчи чоң атамдан жакшы беле? – деп сурады окуя аягына чыккан соң кызыкпай калган Вика, жуурканына чүмкөнүп.

— Ушул сөзүң үчүн сени чапкылап салыш керек, – деп бир аз ачууланды Наталья. – Сага айтам, берекем. Мен узак жашадым, эки бейитке жеткидей көптү көрдүм. Турмушта жешилип бүттүм. Эми ушул белеске чыккан кезимде мен эки эмес, бир эле эрдин колунда болгондой сезем өзүмдү. Экөө биригип калгандай. Согушка кеткенде башкача болуп, анан өзгөрүп келгендей. Эми, согуштун кылганы да. Согуш деген согуш. Сенин сөзүң… жашсың да, ойлонбой эле сүйлөй бересиң… Ал мени алганда бир-бирден кылдарды терип черткендей, гүлдүн улам бир желекчесин сермегендей жакындаган. Бөлөк бирөө минте албайт эле.

— Кызыксың да, чоң эне, – деди Вика бүдөмүк гана, анан оозун кере ачып эсинеди.

— Кудай өмүр берсе, менин жашыма жеткенде дал ушундай түндө өзүңдүн неберең менен сүйлөшөрсүң. Ошондо ал да сени кызыктайсың дейт. Талашпай эле кой: чын эле сен ага кызыктай көрүнөсүң. Кайда бармак элең анан? Ох, Вихтория, жашоо ушундай, кудай деш керек. Нуктан тайба. Нугуң болбосо, бөөдө бүлүнө бересиң, төгүлүп-чачылып жок болосуң.

Наталья далысы талыгандыктан капталына оодарылды. Вика бышылдап уйкуга кирди. Билегин жазданып жаткан кыздын ак жуумал, толукшуган жүзүн тегерете түнкү жарык шооласы жаздыктын түсүнөн чагылышып турду. Наталья үңүлө карады: жок, бул кыз тынч уктап кете алган эмес эле – ийини, колу да диртилдеп, титирей калат; сол колу уя издегенсип курсагын сыйпалайт; бирде энтигип, бирде жайбаракат дем алат.

…Көктө чачыраган сансыз жылдыз терезени черткилегенсийт, алардын муздак нуру жумшак төгүлүп турду. Түн ортосунан оогон чак, айылда шыбыш угулбайт. Асман гана чексиз жайылып, сансыз жылдыздардын жалт-жулт эткен шоолаларын түрлөнтүп жатты, ушул нурдуу жазмалары менен эртеңки болбой койбос нерселерди чийип-сызып белгилегенсип.

Которгон Жолдош ТУРДУБАЕВ

[1] Орус тилинде бул сөз пакизалык (ички тазалык, изгилик), туруктуулук деген мааниге ээ, «целый, целостный» (бүтүн) жана «мудрый» (акылман) сөздөрүнө уңгулаш.