РЗАЕВ Анар Расул-оглы: Алфавит (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТОВ)

Анар РзаевРАСУЛ оглы

Азербайжан адабияты

АҢГЕМЕ

Мен анда кичинекей элем. Мектеп босогосун да аттай элекмин.  Окуганды, жазганды билбейм.  Өз атымда да окуй албайм. Анткени тамгаларды тааныбайм да. Бирок буйурса, күз келсе мектепке бармакмын.

Бир жолу таякем мага бир топ китептерди алып келди. “Биринчи класска барганыңда ушуларды окуйсуң”, – деди. Ичиндеги сүрөттөрү бир укмуш кооз эле. Мен кайсы китептен баштаарымды билбей туруп калдым. Ошол учурда кулагыма кандайдыр бир үндөр угулду.

 

– Менден башта, менден башта.

Таң калдым. Кызык, булар кимдер?

– Мен айтып атам, мен китепмин. Мен алиппе китеби болом. Мени барактасаң, жаңы окуяларды айтып берем. Мен китептердин эң улуусумун. Эгерде сага окшош жаш балдар мени окуп 32 тамганы үйрөнө турган болсо, бардык сөздөрдү, бардык сүйлөмдөрдү окуй алышат. Менин ар бир тамгамдан нечендеген сөздөр башталат. Мисалы, А тамгасы сөздөрдү санап көрсүн.

– А… – деп “А” тамгасы сөзүн баштады. Албетте, мен “Алиппенин” биринчи тамгасымын. Ошондуктан көптөгөн жакшы сөздөр менден башталат! Ата, апа, адамдар. Азербайжан. Менин көптөгөн досторум бар. Мисалы, Азерилер менен алтайлыктарды айта алам. Жыл сайын күз айларында мен аларга алма, алмурут, алча алып барып берем.

 

– Кечиресиздер, токтой тургулачы деп “А” тамганын сүйлөгөнүн кимдир-бирөө жула качты. Мен “Б” тамгасы болом. Туура айтат. “Алиппеде” “А” тамгасы биринчи. Бирок Биринчи деген сөз менден башталат. Би-рин-чи. Көрдүңөрбү! Мен “А” тамганын бир тууганы болом. Ал “ата” сөзү менден башталат деди. Бирок биздин туулуп өскөн шаарыбыз Баку. “Баку” сөзү мени менен башталат.  Менин дагы Балдар менен достугум бар: Бедир, Бекир, Бешир…

А досторуна алма, алмурут, алча берсе мен бүтүндөй бактарды тартуу кыла алам. Ошондуктан А менен Б бир тууган болот.

Ошол учурда дагы бирөөнүн сөзү угулду:

– Достор! Достор! Мен “Д” тамгасы боломун. Достук сөзү мени менен башталат. Келгиле Дос бололу баарыбыз. Арабызда Доолашуу болбосун.  Андан көрө акылдашып сөз кезегин С тамгасына берели.   Эми Сентябрь айы башталып калды. Сабактар да башталат. Достук болсо баары болот. Билесиңер, Дептер сөзү менден башталат. Ошондуктан дептериңерди тыкан кармагыла.

– Туура, тыкан кармасаңар Беш аласыңар, – деп “Б” “Д” айтканды улап кетти.

“Д” мындай деди:

– Эми сөздү “С” тамгасына берели. Бүгүн Сентябрдын бири.

“С” сөзүн баштады:

– Салам, Салам, Сүйүктүү окуучулар! Сентябрдын биринде таңкы Саат Сегизде мектеп Сиздерди Сабырсыздык менен күтөт.

Ошентип мен “Алиппе” китеби менен тааныштым. Сүйүктүү балдар, бул китеп силерди ар түркүн жомоктор, кереметтүү ырлар менен тааныштырат. Келгиле, КИТЕП окуйлу!

 

Июль, 1967
Кыргызчага түз которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу