СЭ Слава: Ит аркылуу кыйытып, аялдарга мактоо айтуу (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Адатта, кичинекей балдар чоң овчарка иттүү болсом деп кыялданышат, алар аны бир эле убакта досу, коргоочусу жана көлүгү катары элестетишет. А мен аны — ызгаар суукта, бороон-чапкында көчөгө алып чыгып сейилдетүү деп билчүмүн. Анан дагы мага бир күчүк, бир күндө өз салмагынан төрт эсе оор бут кийимди жеп салат деп айтышкан. Жок, дечүмүн мен балдарга, жаратылышты мынчалык баа төлөп сүйгөнгө мен даяр эмесмин. Эч качан, эч качан биздин үйдө ит аттуу болбойт.

Анан мен тагдырыма жазылган түгөйүмдү жолуктурдум. Кадимки аялды — сулуу колдору, көркөмдүү буттары жана чыр кыялы менен. Эң негизгиси, ал сөздүн кеңири маанисинде мени менен өмүр бою убара тартканга макул эле. Анын салмагы 50 килограмм ити бар болчу. Адегенде гормондор көзүмдү тумандатып, аны таназарыма деле алган жокмун. Тескерисинче, чоң ит жетелеген аял, Чеховдун аңгемелеринен түшө калган каарманды элестететип, аны менен сыймыктанчу болгом.

Ал дөбөттүн аты Паркер. Ал мени дос, коргоочу жана көлүк катары көрөт. Мен ага котлетимдин жарымын берем, башка иттерден коргойм, ваннага көтөрүп кирип тамандарын жууйм. Паркер менин буйруктарымды колумдагы сосискалар түгөнгүчө гана аткарат. Ал өзүн катуу баалаган намысчыл неме. Мен болсо бир шницель үчүн сыз жерге жатып уктаганга деле макулмун. Ал экөөбүз сейилдеп жүрүп, кереги жок көп нерселерди адат кылып алдык. Маселен, мен карап убара болбой эле, тегерегибизде кай жерде канча мышык жашынып жүргөнүн сезип турам.

Эгерде жалкоолонуп, ал сезимим мокой түшсө, анда эле балээ дей бер, качкан мышыктын артынан түшүп, короодон-короого, балчыктан-чалчыкка моокуму кангыча сүйрөп, азабымды колума берет. Ал укмуштай оптимист. Жарым жартылай бош мискейди крандагы суу менен толтуруп койсо тамак боло берет деп эсептейт. Ал мени элден уялбай этпей эле көчөнүн көрүнгөн жерине сие бергенге үйрөттү. Ал эми тамакты кайсы убакта болсо да жей берсе болот деп эсептейт. Анын табити сырттан көз салган кишиге сүйүү менен берилгендиктен айырмасы жоктой көрүнөт. Биз бардык нерселерди чогуу жасайбыз. Мисалы, азыр бул аңгемени жазып отурабыз. Ал топту бир алып келип, кайра алып кетип ойноп атат. Анын мени менен сүйлөшпөгөн бир эле себеби бар, ал жөн гана укканды жакшы көрөт. Бир жолу мас болуп алган конокторум аны шишкебекке тойгузуп салышыптыр. Дөбөт сегиз метр жерге чейин дыркыратып атып жатты, болгондо да  кара түтүн аралаш. Бирок уулантуучулар жөнүндө бир ооз ачып арызданган жок. Бирөөнүн да айыбын ачпады. Ал менин оозумду эле карап турат. Ансыз тамак ичпей калдым. Үйдө, кире бериште бутумду тепселеп, жаламайын чечинбейм. Набоковду куйругун шыйпаңдатып уккан жалгыз ошол.

Жакында мен аны качырып жибердим. Бүт эркин чогултуп туруп, каргысын шыпырып кетти. Артынан калбай бирде желип, бирде жүгүрүп, токтошун суранып, жалынып жүрүүгө туура келди. Биз кубалашкан боюнча короону бир айланып, кошуна районго, андан ары токой четиндеги таштанды төгүлгөн жайга жеттик. Таштандыга айланган бадал – бул иттердин фейсбугу, анын менден көп узап кетишине тоскоол болду. Бир ачык жерге жеткенде мен кубалап жүрүп тажагандай түр көрсөтүп, таяк таап алып, аны ыргытып, кайра тосуп алып ойной баштадым. Көңүлүм аябай көтөрүлдү. Таякты беш метрдей жерге асмандатып ыргытып, жерге түшүрбөй тосуп алып жаттым. Ал тургай Станиславскийдин өзү болсо да мага кошулуп ойнобой коё алмак эмес. Токойду тазалап жүрүшкөн санитарлар келип үлгүрүшсө, алар да оюнга сөзсүз аралашмак. Тиги жинди да чыдаган жок. Ошол жерден кармап алып каргысын тактым да, минген боюнча үйгө кайттым. Ошондон кийин сейилге чыкканда темир каргыны кыска кармап алам.

Биздин аймакта мага окшогондор толтура жүрүшөт. Негизинен, асыл тукум иттерди жетелешкен эркектер. Арасында овчаркамды жетелеп мен да бармын. Сулуулугу ашынган аялдар гана адегенде күйөө таап, анан ит асырап, андан соң экөөнү сейилге жибере алышат. Кечкисин бакка чыксаң биздин аймакта сулуу айымдар көп экенин жакшы түшүнөсүң.

Которгон Абийрбек Абыкаев